Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АСЕМАГА ЖОЛДОШУ "ОСКАР" ТАПШЫРДЫ

№769 28-июль-3-август, 2017-ж.

Актриса жана ырчы Асема Токтобекова 25-июлда 31 жашка толуп, борбордогу ресторандардын биринде туулган күнүн белгиледи. 100гө чукул адамдын курчоосунда өткөн кечени Асеманын жолдошу белек катары уюштуруптур. Кечеде кино жаатындагы аттуу-баштуу инсандар, шоу дүйнөсүндөгү популярдуу ырчылар, бийчилер жана ырчынын жакын туугандары каалоо-тилектерин айтышып, шаңдуу майрамдашты.



1. Тойдун башында Асеманын сулуулук салонунан чыгып, ресторанды көздөй ханбийкенин арабасында келе жаткан видеосу көрсөтүлдү. Андан соң залдагы жарыктардын баары өчүрүлүп, кызыл килемдин үстү менен Асема кирип келди. Жолдошу Акжол 150 даана роза менен тосуп алды.


2. Кече өзгөчөлүктөр менен башталды. Адатта башка иш-чара, тойлорго барганда тортту сөзсүз кеченин аягында кесет эмеспи. Бүгүн торт Асеманын меймандар менен саламдашуусунан кийин эле кесилди.


3. Куттук сөз, каалоо-тилек адамдын маанайын көтөрөт. Алгачкы сөз эки жаштын ата-энеси, кайын журту, жакын туугандарына берилди. Асеманын атасы "кызым, билинбей эле 31 жашка чыгып калыптырсың, мага дагы деле кичинекейсиң" деп, үй-бүлөлүк бакыт каалады.


4. Кеп кезеги маданият жана искусство өкүлдөрүнө келип жетти. Экс-министр, жазуучу, драматург Султан Раев: "Асема чыгармачылыкка аралашып баштагандан тартып Кыргызстанда Асема деген кыздардын аты көбөйүп баштады. Кыргызстандагы Асемалар сенин аркаңдан келген жана келе берет. Алар да сен жараткан ийгиликтерди жаратсын",- деди.


5. Шоу чөйрөдөн келген досторунан Айпери Кубик кызы "Балам үчүн" аттуу ырын аткарды. Андан кийин ырчы Султан Садыралиев "Эгиз жүрөктү" ырдап, Асема менен жолдошу Акжол ортого чыгып ак бийге түшүштү.


6. Туулган күн бир дем менен уланып жатты. Биринчи тыныгуудан кийин оюн-зоок уюштурулуп ар бир столдон бирден өкүл чыгып, айымдар жана мырзалардын бий таймашы болду. Мырзалар командасынын капитаны Курал Чокоев бийдин атасын таанытты.


7. Эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиева Асемага Кытайдан алып келген белегин жана сулуулук салонунун акысыз кызматын пайдаланууга сертификат тапшырды. "Асема 18 жашка чыгышың менен, бүгүн сени дагы бир ирет турмушка узатабыз" деп тамаша тост сүйлөп, "Махабат көлү", "Роза гүлү" ырларын аткарды.


8. Назми Байзакова, Кайрат Примбердиев, Курал Чокоев, Ильяз Абдыразаков жана башка ырчылар куттуктап келишти. Съездбек Искеналиев "Жубайыма" ырын куттуктоо иретинде аткарып, андан кийин "Мына минтип" ыры менен бардык каалоочуларды ортого чакырып, флешмоб бийлешти.


9. Кызы Айлин менен уулу Адахан апасына: "Сизди жакшы көрөбүз. Оорубаңыз. Дайыма биздин жаныбызда болуңуз",- деп апасын туулган күнү менен куттукташты.


Блиц-маек

Асема, ырчы: «БУГА ЧЕЙИН ТУУЛГАН КҮНГӨ АНЧА МААНИ БЕРЧҮ ЭМЕСМИН»

– Туулган күнүңүз менен куттуктайбыз! "30+1 жыл тажрыйба" деп өтүп жаткан туулган күнүңүз тууралуу айтып берсеңиз?
– Рахмат. Бул кечени уюштуруп берген өмүрлүк жарым Акжолго ыраазымын. Өздүк майрамыма Ош, Баткенден кайын журтум, өзүмдүн ата-энем, тайларым келишти. Былтыр 30 жашымды белгилей албай калдым эле, мына быйыл өткөрүп жатам. Ал эми "30+1 жыл тажрыйба" деген өзгөчөлүк менен туулган күндү белгилөө жолдошумдун идеясы. Адатта көпчүлүгү 30, 40, 50 жашка чыкканда тоголок дата деп, жакындарынын арасында өткөрөт эмеспи. Менин туулган күнүм тоголок дата болбогондугуна байланыштуу жолдошум ушул идеяны сунуштады.

– Буга чейин туулган күнүңүздү бүгүнкүдөй чоң майрам кылып өткөрбөсөңүз керек?
– Ооба, туулган күнгө анча деле маани берчү эмесмин. Үй-бүлөбүз менен майрамдык дасторкондун үстүндө эле белгилеп койчубуз.

Акжол Нишанов, Асеманын жолдошу: «АСЕМАГА КҮТҮҮСҮЗ БЕЛЕК КЫЛАЙЫН ДЕГЕМ»

– Акжол мырза, туулган күндү өткөрүү сунушун киргизгенде жубайыңыз каршы болгон жокпу? Анткени жубайыңыз туулган күндү белгилөөгө кош көңүл экенин айтты.
– Жок, каршы болгон жок. Быйыл өздүк майрамына өзгөчө белек кылгым келип, кече өткөрүүнү туура көрдүм. Башында мен күтүүсүз белек кылайын деп жаткам. Бирок чоң деңгээлде өтө тургандан кийин ары-бери чуркап, жетишпейт экенсиң. Анан айтууга туура келди. Анын үстүнө акылдаша турган кеңешчим эмеспи.

– Бул кеченин демилгечиси болгондон кийин көп иштерди сиз жасадыңыз. Торттун дизайны сиздин идеяңызбы?
– Жалгыз меники деген болбойт. Жубайым экөөбүз кеңештик. Өзүңүздөр байкагандай эле торттун дизайны Асеманын кесибине байланыштуу. Башында ырчы, бийчи кийин актриса катары таанылгандан кийин кино жаатында ийгиликтерди жаратып, "Оскар" алсын деген аруу ниет менен жасаттык. Ушунусу менен өзгөчөлөнсө керек деп ойлойм.

Бактыгүл Момбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Асема алгачкы "Оскарын" алды

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(18)
SUPER.KG видео
01.08.2017. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Уулу мамасына, кызы папасына окшош экен). Бактылуу болгула, жолдошу молодец. Уй булонорго коз, соз тийбесин.
01.08.2017. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
En sonun! Baktiluu bolgula!
01.08.2017. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
31-жаш курагыныз кут болсун, уй- булонузго бактулуулук, чыгармачылынызга албан- албан ийгилик каалайбыз!!!
01.08.2017. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакты мага
01.08.2017. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
En sonun boluptur tuulgan kununuz menen Asema iwterinizge uigilik
01.08.2017. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уй булолук бакыт каалайм, мен силерди сыйлайм!!! бар болгулаа
01.08.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сахна адамдары табиятынан койрон, мактанчаак келет окшойт. Эгер байкасан копчулугу эле элдин конул борборунда болгусу, мактоо-алкыш, комплимент уккусу келет окшойт. Эгер эл унутуп баштаса ушул сыяктуу юбилей ж.б. ойлоп таба калышат окшойт... Ошондо да эл конул бллбой койсо, жегени аш болбой депрессияга тушконун коросун... Мен тушунойм ушундай адамдарды....
01.08.2017. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакшы... Жашоонор жакшы экен. Жуксун бизге дагы...
01.08.2017. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин каментарий кана
01.08.2017. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kutman-kg94,
Саламатсызбы! Сиз билдирүү жаза элексиз бул жерге, кайра аракет кылып көрүңүз.
01.08.2017. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Куйоосу аялы мн жарашканына жетине албай, чачын сакалын кыскартканды да унутуп калганго. Жудоп алыптырго байкуш, Асема уй булодо "тын аял" эмес окшойт озуно эле каранган, озун суйгон, озун гана ойлогон немедей.
01.08.2017. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AKCAHAT, эмне таарынышып журушту беле? Бактылуу болушсун бирок эр мн аялдын ортосундагы тыныгуу да жакшы экен бири бирин сыйлап бактылуураак болуп жашайт экенсин . Оз тажрыйбамдан бул жагы.
03.08.2017. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AKCAHAT,
Мен да ошондой ойлодум күйөөсү мынча жүздөгөн деп. Же моодасы бекен аа
nur007mir009kg түзөттү 2017-08-03 10:13:55
Медиа-портал
01.08.2017. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акчаны байлар жоноле коротшот, канча орукчал балдар бар опирацияга жетпей акчалары журшот.
SUPER.KG видео
03.08.2017. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!!! Коз тийбесин
03.08.2017. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айчурок эже кыйын э
04.08.2017. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Анжеликага окшоп атын чыкпаса жер ортто болуптур да бул жагы
04.08.2017. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бири бирине суйуу коз караш жоктой,бактылуу болгула.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо