Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

№769 28-июль-3-август, 2017-ж.

Футбол

КЫРГЫЗ ФУТБОЛЧУЛАРЫ (U-23) АЗИЯ ЧЕМПИОНДУГУНА ЧЫГА АЛЫШКАН ЖОК



19 - 23-июль аралыгында Бишкек шаарынын Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда жаштар арасында (23 жашка чейинки) Кыргыз, Оман жана Иран командалары ортосунда Азия чемпиондугуна тандап алуу оюндары болуп өттү. Анда алгачкы оюнда өлкөбүздүн футболчулары Иран менен кез келип, татыктуу оюн өткөрүштү. Роман Левченко эсепти ачканы менен коноктор эки гол менен жооп кайтара алышты. Финалдык ышкырык 1:2 эсебин каттады. Оман менен болгон оюнда Одил Абдурахманов 1-таймдын соңунда гол киргизгени менен, омандыктар экинчи бөлүктө эсепти 1:5 кылганга үлгүрүштү. Эки оюнда тең жеңилүүгө дуушар болгон Валерий Березовскийдин командасы Азия чемпиондугунун финалдык баскычына чыга алышкан жок. Тайпадан Оман Иранды 2:0 эсебинде жеңип, кийинки баскычка чыкты.

Күрөш

КЫРГЫЗ БАЛБАНДАРЫ ЖАШТАР АРАСЫНДАГЫ АЗИЯ ЧЕМПИОНДУГУНДА 11 МЕДАЛЬ ЖЕҢИШТИ



Таиланддын Бангкок шаарында 20-23-июль аралыгында өткөн күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы 1 алтын, 3 күмүш жана 7 коло медаль жеңип алышты. Анын ичинен грек-рим күрөшү боюнча 1 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медаль тагынышса, эркин күрөш боюнча 3 коло медаль жана кыздар арасында 1 күмүш медаль утушту.
Грек-рим күрөшү боюнча 50 килограммга чейинки салмак ченинде Нуртазин Каримберди уулу финалдык беттеште ирандык Милад Резинежадды утуп, жаштар арасында Азия чемпиону аталды. Ошондой эле Кыргыз өлкөсүнүн капчыгына күмүш медалдарды Баэль Сатиев, Нураида Анаркулова жана Мустафа Гасанов жеңип келишти. Ал эми коло медалдарды Талантбек Акылбеков, Асыл Тойчуев, Данияр Шеримбеков, Марлен Асыкеев, Бекзат Алмаз уулу, Каныбек Абдулхаиров жана Фарход Тешебаев алып келишти.

Футзал

"EREM" АЗИЯ ЧЕМПИОНДУГУНУН ЧЕЙРЕК ФИНАЛЫНА ӨТӨ АЛГАН ЖОК



Футзал боюнча өлкөнүн чемпиону Оштун "EREM" командасы Вьетнамда өтүп жаткан футзал боюнча клубдар арасындагы Азия чемпиондугуна катышты. Анда өз тайпасында "Тай Сон Нам" (Вьетнам), "Аль-Дафра" (БАЭ) жана австралиялык "Вик-Вайперс" командалары менен күч сынашты. 1-турда үй ээлерин 5:4 эсебинде жеңишсе, 2-турдук беттеште "Аль-Дафрага" 0:4 эсебинде утулуп калышкан. "EREM" 3-турда австралиялык "Вик-Вайперсти" утуп, жалпы 6 упай топтой алган. Бирок "Тай Сон Нам" "Аль-Дафраны" 2:0 эсебинде жеңип, кошумча көрсөткүчтөр менен чейрек финалга бет алды. Эки жеңишке жетише алган кыргыз футзал клубу тайпада 3-орунга жазылып, кийинки баскычка өтө албай калды.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо