Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МЕН СҮЙҮҮ МАЙДАНЫНДА БОЛЧУМУН, СЕН КАЙДА ЭЛЕҢ?

№769 28-июль-3-август, 2017-ж.

– Сен сүйүү тууралуу эмнени билесиң? Дегеле, сен үчүн сүйүү эмне? Ал «сени сүйөм» деген эки ооз сөз эмес. Сүйүү – сүйгөн адамың үчүн курмандыкка баруу, керек болсо, көздү ирмебей жанын кыюу, жакшы-жаман күндөрүн бөлүшүү. Сүйүү – майдан. Коргоп калсаң сеники, болбосо башканыкы. Аял болсом да ал майданда сен үчүн согуштум. Сен кайда элең? Сен качтың, коркоктук кылдың. Мен үчүн курмандыкка бармак тургай, бармагыңдын учун кыймылдатып койгон жоксуң. Баш көтөрүп апаңдын сөзүнө каршы чыга албай бизди коё бердиң. Сен анда али биз экенибизди биле элек болчусуң. Ошол күнү мен сага боюмда бар экенин айтмакмын.
– Аза, мен сага жаңылыгым бар,- деп моюнуңа асыла бергенимде суз гана мени өзүңдөн оолактатып койдуң.
Элейип туруп калган мага «сен апаңдыкына барып тур» дедиң. Кубаныч толгон көздөрүмдөн көзүңдү ала качтың. Ошондон баштап экөөбүз алыстай баштадык. Сен мени төркүнүмө таштап коюп, келбей айлап жүрө бердиң. Өзүм келдим. Сен кайра эле бир шылтоо менен мени жөнөтө бердиң. Таң калганым, экөөбүз мыйзам түрүндө ажыраша элегибизде, энең көздөп жүргөн кызга баш коштуң. Кабарды укканда ичим өрттөнүп кетти, отура калдым, буттарымдан күч кетип үч бүктөлүп түштүм. Денем, көкүрөгүм, жүрөгүм өрттөнүп бара жаткандай сезилди. Мен өрттөнүп жатканда силер кандай абалда болдуңар экен?
Апам (ушуга чейин кайненем деп айта албадым) мага таккан көшөгөсүн алып чыккандыр. Биздин бөлмөгө алып киргендирсиң. Менин жытым кете электе ал бөлмөгө башка жыт... Стоп! Болду, мен көз жаш төкпөйм. Биз ажырашып жаткандардын биринчиси да, акыркысы да эмеспиз. Кыямат кайым деле болуп кеткен жок. Тиги, бул, аркы деле ажырашып жатат. Тил табыша албадык, кайненем жашатпады, күйөөм акча таппайт же ичкич деген баналдуу жооптор. Ушунун ичинен меники экинчи пункт. Чын эле жашатпадыңыз. Апа, сизге ак дилден келин болгум келген. Бирок сиз ийгиликтүү уулуңузга мени эч ыраа көрбөдүңүз. Бардык эле кайненелер келинин баласына ыраа көрбөгөндөй, бир телпейген эле бирөө келип уулуңуздун жүрөгүнөн орун таап алганын кабыл албай койдуңуз. Мен баткан жүрөккө сиз да батат элеңиз, бирок ага жол бергиңиз келбеди. Ал биротоло меники болуп калчудай корктуңуз. Кээде «биз бири-бирибизди катуу сүйбөгөнүбүздө сиз мага анчалык каршы болмок эмес белеңиз?..» деп да ойлоп кетем. «Мага иштеген келиндин кереги жок, үйдө отурсун» дедиңиз, үй-бүлөнүн тынчтыгы үчүн макул болдум. Ал жеткен жок, колуңузга күң жумшап алгандай мамиле жасадыңыз. Ага да көнүп бердим. «Бул туубас катын болсо керек» деп нечен сыздаттыңыз. Боюмда бар экенин укканда деле өзгөрбөдүңүз.
Кызык, сенде кызматың, өң-келбетиң, айтор, баары бар, көздөгөнүңө жетесиң. Бир гана апаңдын алдына келгенде колго түшкөн партизандай болуп отуруп бересиң. «Жок, апа, бул да бирөөнүн баласы, менин сүйгөн жарым, андай мамиле кылбаңыз» дегенге алың келген жок. Баары бүттү, мен кеттим, бирок силер анда деле бактылуу боло албадыңар. Үйлөнгөндөн экинчи күнүнөн баштап кайра мени издеп жөнөдүң. Издей бересиң, келесиң, эзилип кайра кетесиң. Алсыз, чарасыз абалыңды көргөндөн күндөн-күнгө заарканып баратам.
«Акыркы жолу, экинчи келбейм» дейсиң да, эртеси күнү эле тереземдесиң. «Бир эле жолу көрөйүн, анан тентип кетсем да ыраазымын» деп жалбарасың. Ар дайым кечирим сурай бересиң. Мен кечирдим. Уулумду колума алган күнү кечирдим. Энелик күчтүү сезим экен, таарыныч да, кек да калбады. Өрттөнүп бараткан денеме кайра жашоо келди, үмүт пайда болду, ордуман тургузду. Апам «Катын жолдо, бала белде, уулума энеси өбө элек кыз алып берем» деп айтчу. Энеси өбө элек кыз сага бакыт болуп бере албасын түшүнбөдү. Түшүнгөн учурда бир нерсени өзгөрткөнгө кеч эле. Аттиң, ар бир эне ушуну өз учурунда түшүнсө кана? Ар бир кайнене уулунун бактысын өлчөп жатканда ушу акыйкатты билсе кана? Анда ажырашуулардын саны кыскарат беле? Атасыз өскөн уулдар азайса, аялдын такасында калган эркектер жоголуп, өз ою, өз чечими бар эркектер болот беле?.. Ким билет?..

Мээрим


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(19)
01.08.2017. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туй ата.
01.08.2017. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Tuura azyrky ubakta kaineneler baldarynyn baktysyn talkalap jatat..bawynda nege oilonuwup iw kuluwpait eken deim da..kanchalagan kyzdardyn tsgdyry talkalanyp atat..
01.08.2017. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
сабыр каалайм. Бул кундорунуз да отоор.
01.08.2017. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен да ушундай абалдамын,бирок кайненем эмес, а кайнежем тагдырыбызды чечип койду...сизге сабыр тилейм!
03.08.2017. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Kurstan1988,ушу озунуку калып,бироолордун "тагдырын чечип ийген" кыйындарды тушунбойм да!!!/кайын эженизди айтам/
02.08.2017. 06:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен баткан жүрөкө сиз да батат элеңиз дегени кызык го.
02.08.2017. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аталар балдарын таштабаса, бала атанын да эненин да тарбиясын алса, чечкиндуу эркектер тарбияланат, жалгыз бой аялдын балдары чечкинсиз, апасынын баласы же болбосо, шиш така алдындагы деп коёт беле, ошондой ыргылжың эркектер кобойуп баратпайбы,
03.08.2017. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
agarai,
Кечиресиз, мен сиз айткан пикиринизге каршы пикир калтырсам?
Жалгыз бой аялдар тарбиялаган балдар кайра турмушка чыйрак, балдары озундой атасыз оспосун деп турмушка бышык болуп, алган жарлары менен ынтымакта бактылуу жашаащарын коруп журом. Анан да жалгыз бой аялдар деп куйоосу менен ажырашкан аялдарды айтпайт. Андай аялдарды жесир деп атайт. Ал эми жалгыз бой аялдар деп ар туркун себептер менен балдарын оз атына б.а. фамилиясына жаздырып асыраган аялдарды айтат.
02.08.2017. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
апасынын айтканынан чыгалбай ажырашты, анын да баласы апасы менен калып чечкинсиз, бир жактуу тарбия менен чоноюп, шиш така алдында калат
03.08.2017. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мен ойлойм кобунчо эненин айтканы айткандай боло турган уй булолордо бала ошондой чечкинсиз болот мисалы менин дагы биринчи жолдошум апасынын тилине кирип экообуз ажырашканбыз.
22.08.2017. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kaiyrma91,эн туура, кошулам созунузго.
22.08.2017. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kaiyrma91,эн туура айттыныз, когулам созунузго
03.08.2017. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Автордун куйоосу Лох экен, анан неге анчалык Кайынэнесин куноолоп. Куноо Бир ооз оз оюн айта албаган Ошол Куйоондо. Эркек деген эне тарбиясынан сырткары оз алдынча да оз озун тарбиялай билиш керек, не только эркектер, эс тарткан кыздар дагын. Уйлон десе жаш кызга кызыгып озу уйлонгон. Катуу айтып, мен уйлонбой деп ультиматум коюп оз ойунда карманып туруп алса аны эч ким мажбурлай албайт.
03.08.2017. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул жерде эркек гана куноолуу экенин коруп турам. Эркек уйдо энесин да, аялын да " уговаривать" эткенди билиш керек. Эркек эркек болсо уйдогу ар бир аял аны угат.
04.08.2017. 06:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
liitle_princess95,Чоң кыз,кыйналбай эле кыргызча жазчы. Уговаривать эмес көндүргөндү билиш керек болот .
03.08.2017. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул күндөр да өтөт. Сабыр кылыңыз
04.08.2017. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ото туура эмес багытта баратабыз,аялын тилин угат келин душман экен баарибир деп суйлогон туура эмес, ананда бала белде катын кочодо АПА жалгыз дегендерине олосун, жапайчылык, келин эчкимге эчкачан эчтекеге милдеттуу эмес болгону куйоосуно тороп куйлосунун уруксаты мн кочого чыгып, куйоосунун ата энесине ыссык тамак, чай, сунуп кирин жууса болгону,азыркы келиндерин ушунун баарын жасап атат бирок кайнжурт кайни кайнежелер мындан башка нерсенида талап кылып аткандай, иштесин акча тапсын баламдын
04.08.2017. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
акчасына кийинбесин, жебесин деп?!туура баланар катын алганчаакчасы силерге болгон уйлонду уй булолуу болду акчасы болунотда, кайнелер сыймыктаныш кк балам эркек болуп уйбулосун каржылап багып атат деп,
04.08.2017. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оо мындай кундордун кобу оттуго баштан биздеда кайнеже деген балее бар экоо азырга чейин куймундап турушат каарыгандарын билбей мен айткам мен уйунордон кетпейм ининерди суйом жанымы бергенге даярмын балдарым атасы тируу жетим болуп чонойткум келбейт дегем олаа азыр ушу содорду кантип айттым экен коркпой деп тан калып атам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо