Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Динара Акулова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «УУЛ БАГЫП АЛАЙЫН ДЕП 5-6 ЖЫЛ ИЗДЕДИМ»

№769 28-июль-3-август, 2017-ж.

SUPER.KG порталындагы түз эфирдин кезектеги коногу эстрада ырчысы Динара Акулова болду. Ага коңшу мамлекеттердеги мекендештерибизден тартып, океандын ары жагындагы күйөрмандары да дубай салам жолдоп, сый-урматын билдирип жатышты. Социалдык тармактар аркылуу тамашалуу жана маанайды түшүргөн суроолорго жооп берип, айрым учурда ырчы эмоциясын жашырбай көзүнө жаш алып да жатты.

– 1995-жылдары Кыргызстандын аймактарын кыдырып билет ордуна 2 килограмм буудайга концерт койгонуңуз чынбы?
– Буудай деп жакшы жазыпсыз (күлүп). Биз деген бардык нерсеге койчубуз концерттерди. Мисалы, Ошто тамекиге, көмүргө да коюлган. Себеби элдер клубга батпай калып, сыртка чыгып ырдачубуз. Анан карапайым элдин колунда эмне болсо, ошого коё берчүбүз. Ошондой кызык учурлар болгон, мен аны танбайм. Ал кезде улуусунан тарта бала-чакасына чейин келип концерт көрүшчү. Азыр элдер антип келбей калды.

– Маликаны чыгармачылыкка аралаштырганыңызга өкүнгөн учур болдубу? Сын-пикирлер артка тартпайбы?
– Албетте, өкүнгөн учурум болот (көзүнө жаш алып үнсүз отуруп калды). Ал эми сын-пикир менин да чыгармачылыгымды токтотуп койду. Маликаны кыйнап “эмне отурасың, бар ыр жаздыр” деп калам. Жаңы ыр жаздырып, клип тарттырып жаткан, Дубайга жумуштары менен кетип бүтпөй калды окшойт.

– Динара эже, көптөн бери жаңы чыгармалардын үстүнөн иштебей калдыңыз. Эмне, чыгармачылыкты жыйыштырасызбы?
– Чыгармачылыгым убактылуу токтоп калган. Аз убакыттын ичинде 2 чыгарма жаздырдым. Буюрса, дагы жаздырайын деп жатам. Айгүн чоңоё электе клип тартып алсам деп камданып жатам.

– Колуңузду сураган мырзалар көп болсо керек. Арасында өзүңүздөн кичүү мырзалар ашыктыгын арнап, артыңыздан ээрчип жүрөт деп укканбыз. Эмне үчүн турмушка чыгуу сунуштарынан баш тарттыңыз?
– Бир тамаша бар го, “коё турчу, бутума туруп алайын” деген. Анын сыңарындай “балдар кичине чоңоюп алсын, тигинисин бүтүрүп алайын” деп жүрүп убакыт өтүп кетти. Ар бир нерсе өз учурунда. Эгер мага буйруган түгөйүм болсо, балким, чыгып да калармын, баш тартпайм. Убакыт өткөн сайын кемпирлер кымбат болуп жатпайбы (күлүп), тамаша.

– Динара, жаштыгымда сага аябай ашык болгом. Абдумалик экөөңөр “Кош жылдыз” деп ырдап, дүркүрөп чыкканда сени ал кишиден катуу кызгангам. Албетте, туура түшүн. Сен чын эле Абдумаликти сүйдүң беле?
А мага сен анын жанында бактысыздай көрүнчүсүң...
– Жөн эле айтып жатат. Ушунча жылдан бери кайда жүрүптүр? Ажырашканыбызга 22 жыл болду, ушунча жылдан бери каякта жүрөт? Абдумалик менен жашап, кош жылдыз болуп жүрдүк. Чырактай болгон кыздуу болдук. Азыр ошол кыздардын балдарын көрүп, жытын жыттап отурабыз. Жашоонун агымы менен бара-бара тил табыша албай калдык. Бирок жашообуз жаман болгон жок. “Динара” деген ыр тобун, сулуулук салонун ачканбыз. Абдумалик кайсы жерде жүрбөсүн бактылуу болсун.

– Эне катары айтсаңыз, баланы ашыкча эркелетүү өкүнүчпү же кубанычпы? Дегеним, Маликаны ашыкча эркелетип койгон окшойсуз. Кишилерге бой көтөрүп караган кыз экен. Сиздеги жөнөкөйлүк анда жок.
– Балдарды ашыкча эркелетүү болбойт экен. Балага каалаган нерсесин алып бербей, айылда чоң эне, чоң атасына таштап кетиш керек экен. Чынында эле Маликага агалары, эжелери чаң жугузбай, үнү чыкса эле чуркай калып карашчу. Өтө эрке чоңойтконум өкүндүрөт. Баланы төрөгөндө кыялы менен кошо төрөбөйт экенбиз. Акыл-эс, ыйман Кудайдан экен. Малика акыл-эстүү эле кыз, бара-бара токтолуп калар.

– Малика Дубайдан келери менен аны суракка алышты. Ошондо элдер эки жээкке бөлүнүп алышып бир тарабы ага колдоо айтса, бир тарабы табалагандай болушту. Чындап эле моралдык, материалдык жактан жардам бергендер болдубу же өздөрүнчө эле куру сөз менен айтып жатыштыбы?
– Бир жамандыкта, анан бир жакшылыкта билинет дейт. Ошол учурда эч ким деле жардам берген жок. Убактылуу жардам бергендердикин кайтарып бердик. Бир айтарым, эч кимдин башына жамандык келбесин. Баласынын азабын тарткан ата-эне болбосун. Мен тааныбаган инсандар социалдык тармак аркылуу жакшы сөздөрүн айтып колдогону мага дем-күч болду. Ошол окуядан кийин досторум да иргелип калды.

– Динара эже, кандайсыз? Айчүрөк Иманалиева менен бир муундагы мыкты ырчылардансыз. Мамилеңиздер да жакшы деп уккам. Бирок уланып келе жаткан Айчүрөк менен Анжеликанын урушунда сиз ак же көк деп койгон жоксуз. "Анжеликанын апасына Айчүрөк эжени Динара жамандап жүрчү" деп уккан элем. Чын эле ошондойбу?
– Бул ушак. Мен Анжеликанын апасы, өзү менен да жакшы мамиледемин. Дайыма жакшылыктарыбызда жолугушуп турабыз. Ал эми Айчүрөк менин кесиптешим, аны сыйлайм. Экөөнүн чатагы ашыкча болуп кетти. Айчүрөк эне катары, Анжелика шакирти катары ортодогу сырларын айтпай эле койсо жакшы болмок. Улууларды да, кичүүлөрдү да аралаштырганы ашыкча. Кесиптеш катары, досу катары, аяш энеси катары ушул чыр токтоп, эне-баладай болуп жакшы мамиледе калышына тилектешмин.

– Динара эже, Маликага карата козголгон кылмыш иши токтогонун билебиз. Бирок ошол убакта Маликанын жанында жүрүп башын айлантып, отургузуп кеткен дос болмуш алдамчыларга сиздер тараптан кандай чара көрүлүүдө?
– Дос болмуштар чет мамлекетке качып кетишти. Малика деле билген эмес кандай адамдар экенин. Азыр аларга издөө салынган. Табылса сөзсүз тийиштүү чара көрүлөт. Ал эми Маликанын тиешеси жок экендиги аныкталды.

– Эркек балам болсо деп ойлоносузбу?
– Көп эле ойлонгом. Кыз деген бөлөк бүлөгө кетип калат экен. Уул бала болсо алып келет. Бир үйдө бир эркек бала болуш керек. 5, 6 жыл уул бала багып алайын деп издеп жүрсөм, бир тууганым “тияктан, бияктан издебей эле өзүңдүн кыздарың төрөсө ошонун баласын бакпайсыңбы” деп урушуп койду. Мен дагы “жалаң кыздар төрөлүп жатпайбы” десем, “кичине коё турсаң” дейт. Ошол жылы улуу кызым уул бала төрөп жатпайбы.

– Жакшы адамдардын башында сыноо көп болот деп коёт. Ишти бүтүрүш үчүн көп суммадагы акча бериптирсиз. Эмнеге сиз моюнуңузга алдыңыз? Маликанын ошондо жанында жүргөн достору деле акча берип, чыгарып кетүүгө жардам берсе болбойт беле?
– Жанындагы достору акча бермек тургай, тоноп кетип жатпайбы. Ыйлайбыз, жашыйбыз, чырактай болгон кызым ушундай кыйынчылыкка туш болуп жатса кайда барасың? Бала үчүн ата-эне кайда гана барбайт. “Ушул иш боюнча кызымды отургузуп койсо кантип жашайм?” деп элестетип алып жаман болдум. Байлыкты, акчаны балаңдан аяп жашай албайсың.

– "Гүлмира Рысбаева менен таарынышып калган" деп уккам. Гүлмира жөнүндө айтып бериңизчи...
– Гүлмира кызым менен таарынышкан эмесмин. Жогорку окуу жайда окуп жүргөндө төрөгөн апасы сыркоолоп калып “кызым мындан ары мени баксын” деп суранган. Бир топ убакыттан кийин “мама, мен турмушка чыгып жатам” деп тою болор күнү айтканда бир аз капа болгом. Тоюна бара алган эмесмин, бирок Абдумалик атасы барган. Алтын кызыма бакыт каалайм. Азыркыга чейин сүйлөшүп турабыз.

– Шайыр Касымалиева экөөңүздөрдүн тагдырыңыздар окшош. Учурда мамилеңиздер кандай?
– Шайыр Касымалиева өтө таланттуу, күчтүү актриса. Шайырда бир кыз, менде бир кыз бар бир атадан. Бир жакшылыкта экөөбүз жолугуп калсак, Шайыр “Мээрим менен Малика куюп койгондой окшош экен. Экөөнө карап таң калдым, кудум эле бир ата, бир энеден жаралгандай. Мүмкүн болсо, ушул эки кыз эже-сиңди болуп жүрсө, кандай дейсиз?” деди. Бул нерсе менин көңүлүмө жагып “Бир тууган болгондон кийин бир тууган болуп жүрө берсин, кеңге кең дүйнө, тарга тар дүйнө. Бир тууган экени жалганбы? Атасы бир, каны бир” деп, экөөнү катташтырып койгонбуз. Азыркыга чейин ысык мамиледе, катташып турушат.

Эфир учурунда Динара айымга "Карызыңызды качан бересиз? 2008-жылы кагаз таппай калып, автограф бере албай калдыңыз эле, мен күтүп жүрөм" деп тамашага салган күйөрмандар да болду.


Бактыгүл Момбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Д.Акулова: "Маликаны чыгармачылыкка аралаштырганыма өкүнөм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(35)
SUPER.KG видео
26.07.2017. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Dinara eje salamatsyzby? Sizdi ui buloobuz menen abdan syilaibyz. Men sizdin sindilerinizden bolup kalam debeiynbi? Sizdi kyrgyzdyn primaddonasy dep esepteim. Yrlarynyzdy baaryn jakshy korom. Ununuzgo bereke. Kyrgyz eli syimyktangan ejeleribizdensiz. Ui bulooluk bakyt.
Медиа-портал
26.07.2017. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Динара эже саламтсызбы? Ырчы эле эмес актриса да деп юилем сизди ырыс Жоомартова менен курбусуздарды. Кененирээк айтсаныз? Кызыныз ажырашыптыр деп кеп уктук чын тогунун айтып берсениз?.... чыгармачылык ийгтлик сизге...
Медиа-портал
26.07.2017. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Динара эже кандайсыз Москвага качан концерт койуп келесиз
Медиа-портал
26.07.2017. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Dinara eje ayabai kuchtuu pozitivduu, s hair ekensiz:) sizge den sooluk ui bulonguzgo tynchtyk jalang jakshylyktardy kaalaim
01.08.2017. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Oilodum ele, aichurok ehe jonundo suraganda, kichine da bolso koldoit bolush kerek dep, ozunun kizina jurogu oorup iylap da jiberdi, a baikush aichrok ejeni ХХХ ХХХ Meili EMI ozu biletta, malikaga akil kirip kalaar, enesin kattuu kiynap koyup atat, esi jok eken
Модератор admin_media түзөттү 2017-08-01 16:49:07
01.08.2017. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
1997 жылы 2кг буудайга концерт койгон апам менен боломдун боюнда бар болчу эл толтура экоо тыгында калып биз ыйлап азыр эч кимдин концерт не анча эл барбаса керек лакалака дум деп элди кулдурткон болчу
01.08.2017. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aisyrga88, Баткенде баргекке кирчубуз.1кг эки балага
01.08.2017. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин айылга да концерт коюп келген. Клубга эл батпай анан стадионго трактордун телешкасынын устуно чыгып алып ырдашкан Абдумалик Шерматов экоо. Гульмира да барган. Ал да ырдаган. Ооо, сонун болгон концерти. Озгочо биздин айылдагы чоон эле байкелер Динара эжени Шерматовдон кызганып Шерматовду уруп бир топ эле болушкан:))
01.08.2017. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жакшы маек деп ушуну айт. Динара эже калп салп суйлобой чын дилин тогуп маек бериптир. Бактылуу болунуз. Оор кундор жаман туштой болуп бат эле унутулуп калсын
01.08.2017. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ичи тар адамдар коп окшойт форумда,жакшы соз жазса минус баса беришиптир
01.08.2017. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nanei,ондоп койдум. Эми минус баскандарды королу
01.08.2017. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aman0296,ракмат
01.08.2017. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эженин ачык жооп бергени жакты
01.08.2017. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Адамдарда кызык буудайга концерт койчу деп жумурткадан кыр издегенида, акчам болсода азыр коп концерт барбайм!!! А Динар Айчурок концерт коюп келгенде чындап уйго отура албай калышчу колго кирген нерсесин алып барып ушуга киргизчи деп
01.08.2017. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
эже жагатда бар болунуз
01.08.2017. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аябай сыйлайм да ушул эжени
01.08.2017. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Динара эже аябай тушунуктуу,жонокой аял ар дайым бактылуу болунуз.
01.08.2017. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Bul ejeni bir jolu toigo chakirganbiz,anan BIZ videogo toidu tartip atkanda munu dagi tartik da anan kamerani ochur ele ochur dep irdap atip ochurtkon,tartirbai, boyun kotorup.oshol uchun ushuga chein kuiogo tiybei Jurot da.
ХХХ ozu irdagandai attin, attin......ai.....
Oshondon bei takir siylabaim bul irchini
Модератор admin_media түзөттү 2017-08-01 16:18:44
01.08.2017. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
laboom,кирилицадан тажагансынарбы?Тооба,же моданарбы?Же латын алфавитине оттунор беле.Мумкунчулук болгондо нукура кыргызча жазгым келет
01.08.2017. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Anucha,kiriliza jok kechirip koigula!
01.08.2017. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куйолуу кыз эркек достору мн лексус арендага алганын кантип тушунсо болот, эрке окшойт кызы ото эле. Динара эжеге сабыр, бакыт каалайм. Биздин жаштагылар телевизор радиолордон эле ырын угуп калбасак, концерттери жо тушунук жок экен
01.08.2017. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Менин проблема окшоп кетти.Менда кыздарыма шерик кылып уул багып алайын дегем,но каршы ойлор коп болду.
01.08.2017. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Динара эженин айтканы туура. Ал кезде ырчылар мыкты професионал ,билимдуу да эле. Анан да ырчылардын саны аз эле. Эл аябай сагынып кутор эле концерттерин. Клубтарда жерге олтуруп болсо да коруп кетишчу. Казыр ырчыдан баш айланат. Он ырчы ал кездеги бир ырчыга татыбайт. Анан концертерге ошол учун эл келбей калды.
01.08.2017. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Динаранын эки кызы бар го,бири Ош Жака турмушка чыккан,анан кандай анда Бир,менде Бир кыз бар,Маликаны катташтырып койдум дегенин тушунбодум
02.08.2017. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
melante,Шерматовдун биринчи аялы Шайыр Касымалиевадан Мээрим Шерматова деген кызы бар,ошол жонундо айтып жатат.А Динаранын биринчи кызы башка биринчи никесинен да...
03.08.2017. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
melante,Шайыр Касымалиеванын кызын айтып жатпайбы,анын кызы менен Маликанын атасы бир-Абдумалик Шерматов.
02.08.2017. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул Динара эжени ПРИМАДОННА десем жанылышпайм.
02.08.2017. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кемпирлер кымбат болуп жакпай бы дегени сонун экен боорду эзип
02.08.2017. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ona mne VSE ravno ne nravitsya, jildizi jok, ne priyatnya
03.08.2017. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Унуно ону топ келген Динара айым,турмушта боло берет,сынбаныз!Ийгилик!
SUPER.KG видео
04.08.2017. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен сизди суйом Динара эже бар болунуз аман болунуз
06.08.2017. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Je bir kizin jakwi tarbiyalai albasa je ushuga chein kuioogo tiyip ala albagandan kiyin jaman eje okshoit, harakteri nachar. Minustardi basskila dagi :-)
06.08.2017. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бар болунуз! Аялзатына таандык бакыт каалайм!
06.08.2017. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аман бол Динара сага ийгилик бакыт каалайм
11.08.2017. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Динара биз сизди сыйлайбыз, каарыганча авторитеттинизди кое бербей сактап калыныз, Айчурокту туурабай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо