№769 28-июль-3-август, 2017-ж.

Орусиялык "Чи-ли" тобунун солисти Ирина Забияка жана казакстандык актёр, ырчы, алып баруучу Тауекел Мусилим керемет көлүбүзгө келип эс алышты. Ирина Забияка үй-бүлөсү менен Ысык-Көлдө эс алып жаткан сүрөттөрүн, Григорьев капчыгайында тарткан видеосун жүктөп, өлкөбүз тууралуу “мен жомокко түшүп калдым, ал жактан чыккым келбей жатат” деген сыяктуу жакшы пикирлерин калтырууда. Ал эми Тауекел Мусилим “Апамды издеп” тасмасынын продюсери Нурбек Айбашевдин чакыруусу менен келген. “Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдө эс алып укмуштуудай ырахат алдым. Силердей досторум бар үчүн бактылуумун жана сыймыктанам” деп ал мекендештерибизге ыраазычылыгын жазды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |