Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЭМНЕ ҮЧҮН ШВЕЙЦАРИЯ БАНКТАРЫ ЭҢ ИШЕНИМДҮҮ?

№770 4-10-август, 2017-ж.

Швейцариянын банк системи көп жылдан бери дүйнө жүзү боюнча ишенимдүүлүгү жана сырды бекем сактаганы менен айырмаланып келет. Ошондуктан планетанын эң бай адамдары каражатын сактоо үчүн дал ушул мамлекеттин банктарын тандайт. Аталган өлкөнүн банктарынын жалпы
2 триллион АКШ долларынын тегерегинде акча айлантып, мартабалуу жана эң ишенимдүү деп эсептелип келе жатканынын сыры эмнеде?

ЭКИ БАНКТА ЭЛЕ 1,1 ТРИЛЛИОН ДОЛЛАР

Швейцария банктары XIX кылымдын ортосунда пайда болгон. Алар мамлекеттик жана жеке менчик финансы-кредиттик мекеме деп экиге бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө Швейцариянын ири банк холдингдеринин сап башында UBS Union Bank of Switzerland») жана Credit Suisse Group турат. Бул эки банктын активинде 1,1 триллион доллардан көбүрөөк акча бар. 1907-жылы негизделген Швейцариянын Улуттук банкы акча чыгаргандан тышкары өлкө аймагындагы каржы мекемелерин өз көзөмөлүнө алат. Эгерде кайсы бир банктын банкрот болуу коркунучу пайда боло баштаса, ага Улуттук банк финансылык жактан жардам берет.

КОМИССИЯ АКЫ МЕНЕН КИРЕШЕ ТАБАТ

Адатта банктар элден депозит катары акча алып, аны кайра көбүрөөк пайыз менен башкаларга күрөөнүн негизинде насыяга берип иш кылгандыктан, алардын негизги капиталы кардарларынын акчасы болуп саналат. Ошондуктан кардарлар карызын кайтарып бербей койсо, каржы мекеме банкрот болору бышык. Ал эми Швейцариянын көпчүлүк банктары ири суммадагы акчаларды сактоого гана жоопкерчилик алып, ага туум кошуп беришпейт. Болгону кызмат үчүн банк жалпы сумманын 0,5-0,75 пайызын гана комиссия катары алат.

ИНФЛЯЦИЯГА МОЮН БЕРБЕЙТ

1815-жылы Вена конгресси Швейцариянын нейтралитети тууралуу чечим кабыл алган. Ошондон бери аталган өлкө бир да согушка катышкан эмес жана анын аймагындагы бир да банк тонолгон эмес. Бүгүнкү күнгө чейин дүйнөдө болуп жаткан окуяларга карата өзүнүн нейтралдуулугун сактап келгени – анын ишенимдүүлүгүнүн эң негизги себеби. Ал эми швейцар франкынын инфляцияга дээрлик моюн бербеген туруктуулугу өлкөнүн банк системин жана мамлекеттин экономикасынын бекемдигинин негизи болуп саналат.

МЫЙЗАМ КАРДАР ТАРАПТЫ КОЛДОЙТ

1934-жылы Швейцария банктарында акча сактаганы үчүн Германиянын 3 жараны дарга асылган. Ошондон кийин аталган өлкөдө банктык сыр боюнча мыйзам кабыл алынып, парламент кардардын банктагы каражаты тууралуу маалымат таратууга тыюу салган. Милдетин аткарбаган кызматкер темир тор артында жаза өтөөдөн тышкары чегерилген айып пулду да төлөйт. Ага карабастан, Швейцария банктарына чет элдик жарандардын эсептери тууралуу маалымат сураган кайрылуулар байма-бай түшүп турат. Бирок Швейцариянын мыйзамы боюнча кылмыш деп саналганда гана парламенттин уруксаты аркылуу банктык сыр ачылышы мүмкүн.

Алтынай Тынышова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(4)
09.08.2017. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
ОЗУБУЗДУН банктар тууралу да жазгылачы ушул сыяктуу кызыктуу маалматтарды! кыргызстан банк, оптима,айыл банктарды мисалы
09.08.2017. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
aika0906,40% карыз берип, алган адам толой албай калганда, уйун тартып алдык дегенден башка кызыктуу тарыхы жок болсо керек.
Va.vasm түзөттү 2017-08-09 12:19:27
09.08.2017. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ооба. Швейцария. Банккы эң жакшы банк. Эгер банк банкрот боло турган болсо картанда эсебинде канча акча болсо баарын кайтарып. Берет. Себеби банктан есеп ачып жатканда контракт тузосун жана ошол контракта жазылат. Ошон үчүн ишеничтүү банк
10.08.2017. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жакшы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо