Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СУЛТАН САДЫРАЛИЕВ, ЫРЧЫ: «19 ЖАШЫМДАН БЕРИ УШАКТЫН ҮСТҮНДӨ ЖҮРӨМ»

№770 4-10-август, 2017-ж.

– Кандайсыз? Сиз менен маектешели дегенибизде Көлдө экениңизди айткан элеңиз. Эс алуу кандай өттү?
– Рахмат, жакшы. Эс алуу абдан жакшы болду. Досторум Мирбек, Акбар болуп баарыбыз үй-бүлөбүз менен эс алып келдик. Буга чейин үй-бүлөм менен барсам, быйыл үй-бүлөлүк катыштагы досторум менен чогуу бардым. Анан дагы балдарыбыз жаныбызда болуп, убакытты кызыктуу жана ойдогудай өткөрдүк.

– Дөөлөт бир келет эмеспи. Бир келген дөөлөттү кармай алдыңызбы?
– Чыгармачылыкта гүлдөгөн бир мезгил болот. Бирок мен аны дөөлөт деп айта албайм. Кармап калчудай ал буюм эмес. Чыгармачылыкка дайыма шүгүр кылыш керек. Азыркы күнгө чейин кайсы жерде ырдабайын, эл арасында өз ордум бар. Ошол кездеги популярдуу болгон ырларымды азыр деле сүйүп угушат. Элдин кабыл алуусу абдан жакшы. Мен ошого ыраазымын. Болгону эс алайын деп кетип, эс алуудан 4-5 жылдан бери чыга албай жатам. Бирок сахнадан алыстап кетип, таштап салган жокмун. Жаңы ырларым бар, буюрса, аларды жакын арада тартуулайм.

– «Ырдагандан башка колумдан эч нерсе келбейт» деген жайыңыз бар. Үй-бүлөнү багыш үчүн кошумча каражат керек. Ырдап тапканыңыз жетип жатабы?
– Ооба, жетет. Ушул убакка чейин чыгармачылыгым менен үй-бүлөмдү багып келем. Башка эч жерде иштебейм, жеке ишкерлик менен да алектенбейм. Той-топурлардан акча табам, аны жашыруунун кажети жок.

– Айрым тойлордо бекер ырдап каласызбы?
– Жашоодо бирде болот, бирде болбойт. Айрым адамдардын тоюна барып ыраазычылык үчүн алардын өтүнүчүн аткарсаң, бир күнү ал адамдардан сага чоң жардам болот. Өзүм дагы бирөөнүн көңүлүн ооруткан адамдардан эмесмин. Кээде улуу эле байке-эжелер чалып «акча бере албайбыз, бирок ыраазы кылабыз» дешет. Барып ырдап коём. Анткени алар жүрөгү менен суранып жатса, «жок, болбойт» деп баш тарта албайм. Ырдагандан ырахат алып, ыр менен жашагандан кийин эл арасында ырдап жүргөнгө эмне жетсин?!

– Үй-бүлөңүз тууралуу сүйлөшсөк. Балдарыңыз чоңоюп калдыбы?
– Кудайга шүгүр. Экөө тең чоңоюп, кол кабыш кылганга жарап калышты. Уулум быйыл мектеп босогосун аттап жатат.

– Жубайыңыз менен таарынышкан күндөр болобу?
– Бардык эле үй-бүлөдө казан-аяк кагышат. Бизде деле таарынышып кеткен учурлар болот. Бирок 2-3 күнгө, узак эмес. Урушпаганга, таарынышпаганга аракет кылабыз. Анткени бул нерседен пайда, жакшылык болбосун ал деле түшүнөт, мен деле түшүнөм. Чарт-чурт боло түшкөнүбүздө андан ары ырбатпаганга аракет кылып, «балдарыбызга үлгү болуп, жакшы тарбия берели» деп калабыз. Жубайым менен үлгүлүү үй-бүлө курабыз деп кыялдангандан кийин ал каалообузду ишке ашырганга болгон күчүбүздү жумшайбыз.

– Үй-бүлөдөгү пикир келишпестиктер тууралуу сураганымдын жөнү бар. Жакында эле сизди жубайы менен ажырашып кетти деген сөздөр желдей тарады. Бул кабардын канчалык деңгээлде чындыгы бар?
– Ал жөн эле сөз. Көрө албагандардын айткан сөзү го. Келинчегим экөөбүз угуп «бул эмнеси?» деп таң калдык. Мындай ушак-айыңдарга жиним келбейт. 19 жашымдан бери ушактын үстүндө жүрөм. 13 жылдан бери айтылып келе жаткан куру сөздөргө тоюп бүттүм. Башында биз жөнүндө айтылган сөздөргө ызаланчумун, азыр элекке салбай калгам. Бир жолу мындай окуя болгон. Маалымат булактарынын биринен «Султан бала күтүп жатыптыр» деген кабар окуп калдым. Ошол маалыматты жазган тарапка кайрылсам, «биз элден укканыбызды жазабыз да» деп ажылдайт. Келинчегим капа болуп «сотко берем» дейт. «Жөн кой, сабыр кыл. Сен алар менен уруша турган болсоң, өздөрүнө пиар болот. Андан көрө ырбатып, сөзгө калбай, токтотуп кой» дедим.

– Үй-бүлө бул – бакыт. Бакытты кармап калыш үчүн эмне кылыш керек? Азыр жаңы курулган үй-бүлөлөр бат эле эки ажырым жолго түшүп жатат. Кандай кеңеш берет элеңиз?
– Эң биринчи тандоодон жаңылбашы керек. "Мен ушул адамды эркелетип, түшүнүп, сыйлай аламбы?" деп терең ойлонушу керек. "Тигинин материалдык байлыгы бар же сулуу экен" десеңер, кечирип койгула, жыйынтыгы жакшы болбойт, ынтымакка алып келбейт. Албетте, сабырдуулук, ыйман, ишеним керек. Ошондой эле динден кабардар болгону жакшы. Анткени динде аялды да, эркекти да кантип сыйлоонун, бири-бирине кандай мамиле жасоонун эрежелери кенен жазылган.

– Ислам дини деп калдыңыз, динге берилип кеттиңизби?
– Жок. Динге берилип, фанат болуунун кажети жок. Куранда бирөөнү ушактап, жамандабоо, урушуп кеткен адамдын бирөөсүн күнөөлүү кылбоо, айланадагы адамдар тууралуу оюң жаман болбошу керек деген көп эрежелер бар. «Пайдам тийбесе кечир, бирок зыяным тийбесин» деп дайыма айтып келем. Ар бир адам жогорудагы эреже, позиция менен жашаса жашоо оңолот.

– Азыр жеңил-желпи, анан тойго арналган ырлар көбөйүп кетти. Калеми курч, сөзү таамай акындарыбыздын салмактуу ырларын обонго салып, аткарып чыкса болбойбу?
– Эмнеге болбосун, болот. Өзүмдү эле мисал кылайын, акын Надырбек Алымбековдун сөздөрүнө обон жараткам. Бирок азырынча ырдап чыга элекмин. Алтынбек Исмаилов, Акбар Кубанычбековдун ырларын, өзүмө таандык ырларды да аткарып эле жүрөм. Кээ бир акындар ырларын сатат. Сатып алып ырдагым келбейт. Акча үчүн эмес, көңүлү менен жасаган иш жагат. Ооба, чыгармачыл чөйрөдө ырчылардын кадырын кетиргендер бар, бирок жакшы ырдагандары да бар. Мейли, жакшы ырдабай эле койсун, таланты болбосо да чыгармачылыкка аралашкан балдарды сыйлайм. Көчөдө бирөөгө зыянын тийгизип жүргөндөн көрө, чыгармачыл чөйрөдө өзүн "жылдыз" сезип, түз алып жүргөнгө аракет кылышат. «Карга болбосо, булбулду ким тааныйт эле?» дегендей, карганын болгону да жакшы, салыштырганга. Ал эми элдин өзүнүн көзү, кулагы бар, өздөрү тандап, баалайт.

– Өзүңүздү карыганда кандай элестетесиз?
– Мен карыганда деле чыгармачылыгым өзүм менен чогуу болот деп ойлойм. Анткени эс тарткандан бери эле тойлордо ырдап жүрчүмүн. Элдин баары акча карматышат. Анан кудуңдап эшикке чыгып өзүмө оюнчук, дегеле кызыккан нерселеримди ала берчүмүн. Ошентип өзүмдү акча менен кичине кезимден бери эле камсыз кыла баштагам. Ушул учурга чейин ырчылык мени эркелетип жашатып жатат. Ошондуктан өзүмдү чыгармачыл адам катары эле элестетем.

– Маегиңизге рахмат. Үй-бүлөңүз менен бактылуу болуңуз!

"Акбар, Мирбек үчөөбүз студент кезден бери эле жакын дос болуп келебиз. Быйыл үй-бүлөбүз менен чогуу Көлгө барып кызыктуу убакыт өткөрүп келдик".


(Кийимдер "Mavi" дүкөнүнүкү)
Бактыгүл Момбекова
Адилет Бектуров
star@sper.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(52)
08.08.2017. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сонун суйлогон создор.Бактылуу бол уй булон менен!
14.08.2017. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
bema_bema,оа аябай токтоолуптур,ар бир суроого тактык менен жасалма жок сүйлөтүр.Азаматсыз
08.08.2017. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жандуу кандай кана соонун ырдайт.
08.08.2017. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Соонун ырдайтта уну ырлары менен ооруйм.Бактылуу болун!
08.08.2017. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Бул поколения эч качан журогубуздон кетпейт. Силердей фанат азыр эч кимде Боло элек. Азыр концерт Нерли эстесем шумдук фанаттарынар бар эле.
08.08.2017. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Султан, Мирбек, Акбар, Темир Назаров ушулар кыргыз шоу бизнесин гулдоттуго учурунда. Таластык кыз, Махабатым, Кудача кыз бул ырлар эхеее канча кыздардын журогун жаралады. Султан токтолуп сереьзный болуп калыптыр, бактылуу болсун уй булосу мн ылайым. Дагыле куйорманы бойдонбуз.
08.08.2017. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
2006-жылы 17-ноябрда студентер кунундо Мирбек Иманбековдун концертинде биринчи жолу коргом Султанды жанынан. Ыйлагым келип суйунгонумон унум бутуп калган:)))) ушунчалык сонун кез эле. Окшош концертер болсода канча жолду жоо басып трелейбуска тушуп акчаны экономдоп концертке барчумун. Ошол кезде Султан Мирбек Акбар Темирлердин жанган кези эле.
08.08.2017. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эх,Султанчик картайып калыптырсын деп коёт экен да)).А так жаш кезинде жактырчуумун.Ырларыны да жактырып укчук.Молодец!Кармашкан колунар узулбой,бактылуу болгула!
08.08.2017. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бактылуу болгула
08.08.2017. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Сонун маек болуптур.Өткөндө көргөм магазинден.Балдарынын айтканын кылат экен)Баласы өзүнүн"кописы")Аялы да сулуу,назик эже.
08.08.2017. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Менин жакшы көргөн ырчым,сөздү орду менен сүйлөп,жөнөкөй,жетриликтүү сонун жооп бериптир суроолорго.Азаматсың Султан,ушунуңдан жазба,талантың ташкындап,өнөрүң өркүндөй берсин менин таластык булбул үндүү иним!!!Үй бүлөң менен бактылуу өмүр сүргүлө!
08.08.2017. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аябай сыйлайм онорлуу таланттуу чын эле уну бар уй булолук бакыт каалаймын
09.08.2017. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
ушундай бай балдарга тийсен чонтогундо дайыма акча журот
10.08.2017. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
farida.kg.1991,мага тийип турбайсынбы мен жакшы кыз таап уйлонгучо, акчадан кыйналбайсын.
09.08.2017. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Sultan Sadyraliev jany chygyp bashtagandan azyrkyga chein yrlaryn kaltyrbai suiup ugam,unu da jagat,yrlary da jagat.Sultandy jakshy korobuz ui bulobuz menen.jakshynakai ui bulon bar,uuldaryn bar ,ui bulon menen bar bol baktyluu bol,den soolugun bolsun.dagy dagy jany yrlardy jarata ber.senden daiyma Jany chygarmalardy kutobuz,ayabai syilaibyz seni syimyktanabyz ,ushuncha kop jakshy sozdordu jazgym keldi,saga baardyk jakshylyktardy kaalaim.bar bol .seni jakshy korgon kuiormanyn. Saga yigilik.
09.08.2017. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Kopton beri maegindi kutup jurduk ele, kyzyktuu maaniluu maek boluptur.
09.08.2017. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эххх ностальгия....
09.08.2017. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен эң жакшы көргөн ырчым....Ырларын сүйүп угам....Жөнөкөй абдан токтолуптур..үй бүлөлүк бакыт каалайм.
Тоюма Султанды чакырам дей берем буюрса)))
09.08.2017. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Оххо аябай жакшы комменттер жазылыптыр, биринчи жолу кордум, ырчыларга "озун кыйын сезип..., асмандан туш" деген сыяктуу создор менен жок эле дегенде 5-6 чыкчуу эле дейм да. Молодец Султан Садыралиев БРАВО!
09.08.2017. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Учоо дос тен таланттуу ырчылар бар болгула,дагы да сахнадан кутобуз
09.08.2017. 07:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Султан азаматсын! Жаны чыгармаларынды кутуп келебиз, чыныгы булбул ундуулордун катарында экенин талашсыз! Бар бол, талыкпай эмгектене бер, сени суйуп уккан куйормандарын абдан коп экенине ишенем! Ушундай таланттуу таластык иним менен сыймыктанам!!!
Shaki түзөттү 2017-08-09 07:47:30
09.08.2017. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Туура айтат, уй-булоо курууда тандоодон жанылбаш керек. Уй-булолук бакыт, ийгилик каалайм!
10.08.2017. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азамат сени элдин баары жакшы короткий экен
10.08.2017. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Үй бүлөлүк бакыт сизге жаңы ырларды чыгара бериңиз көп көп жогоруда айтылгандай чындап силердин убагыңардай азыркы ырчылардын күйөрмандары жок мурда силердин концерттерде эл жык жыйма эшиктин сахнанын оозуна чейин тыгылып көрчү элек
11.08.2017. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ииии мен акбар байкени балыкчыдан коргонмун ошондо сиз да бар белениз7
11.08.2017. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сонун маек болуптур
12.08.2017. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар!
12.08.2017. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туболук бактылуу бол дуйнодогу баардык жакшылыктарды каалайм! Эн мыкты таланттуу кыргызымдын уулусун.
13.08.2017. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Наам бериш керек!
13.08.2017. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Токтолуптур байкебиз.Убагында Кээ бир ырчыларды алдына салчу эмес.Ырдаган ырларынан кыздар эле эмес анча-мынча эркектер да эсин жоготуп коё жаздашчу.Уйбулолук бакыт чыгармачылык ийгилик каалайм.Жакшы ырларды кутобуз
14.08.2017. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Талантынызга таазим Султан байке,уй-булоолук бакыт каалаймын. Чыгармачылыгынызга ийгилик дагы коптогон ырларды кутуп калабыз.
milashka_moia түзөттү 2017-08-14 00:17:29
14.08.2017. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оуу чыныгы фанаттардын ээси ушуларгоооо. Ал учурда мен кичинекей болсомда, негедир суйот элем. коментарийлерди окуп маанай которулду. Жалан жакшы комент, эн соонун. жанакы жанымды карасам аялым жок деген байке жардыгоо жарды. Демек, мурда ырчылардан аялынарды кызганып да жургон экенсинерда ээ
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо