БАБАНОВ БАШКАЛАРДЫН ТҮН УЙКУСУН БУЗУУДА

№771 11-17-август, 2017-ж.

Учурда президенттикке талапкерлер тил комиссиясына экзамен тапшырып, эл арасынан топтогон колдорун БШКга тапшырып жатат. Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов кыргыз тили боюнча комиссиядан 93,5 балл алып, эне тилин мыкты билерин көрсөттү. Өткөн дүйшөмбү – 7-август күнү БШКга 107 миң кол тапшырып, буга чейин кол тапшырган талапкерлердин алдына чыкты дегенге болот. Эми БШК тапшырылган колдорду текшерип, Ө.Бабановго президенттикке талапкердин күбөлүгүн тапшыруусу зарыл. Бабановдун штабы сааттай иштеп жатканы байкалууда. Буга чейинки социалдык сурамжылоолордо башка талапкерлерден ат чабым алдыда баратканын көрсөткөн. Расмий бийлик бул шайлоодогу негизги атаандашы Өмүрбек Токтогулович болорун түшүнүп турат. Атүгүл Алмазбек Атамбаев дагы «Эгер КСДП талапкер чыгарбаса, Бабановду колдойт болчумун» деген оюн билдирди. Эл арасында деле экинин бири «Бабановду колдойм» деген ойлорун айтып, калк азыр алдыдагы президенттик шайлоону талкуулап жаткан маал. Бабановдун жаштар менен кыз-келиндер арасындагы популярдуулугу да башка талапкерлерди ойлондурбай койбойт. Учурунда премьер-министр кызматында туруп, журтка жугумдуу бир топ реформаларды жасай алганынан улам бүгүн эл оозунан түшүрбөй айтып жатат. «Күлүк – күнүндө, тулпар – тушунда» дегендей, кел-кели келип турган Өмүрбек Бабановго президенттик жарышка ат салышкан талапкерлер канткенде күчтүү атаандаштык жаратууга болорун ойлонуп жатышкан маал. Анын үстүнө өткөн жумадагы маалымат жыйынында Өмүрбек мырза «Кудай буюрса, күздөгү президенттик шайлоодо жеңишке жетип, мамлекет башчысы болом» деп ишенимдүү түрдө айтып салганы да бир топторду күйгүлтүккө түшүрдү. «Күлүктөн күлүк чыкса, төрт аягы тыбырайт» дегендей, Бабанов күзгү аламанга катышып, өлкө башчысы болом дегендердин түшүнө кирип жатат. Шайлоо фондундагы каражат, өлкө боюнча ачылган штабдар, үгүтчүлөр саны боюнча да башка талапкерлер ага караандачудай эмес. Ошентип, «күч атасын тааныбайт» деген кеп 15-октябрдагы президенттик шайлоодо ырасталганы турат окшойт.

Асан Мусаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо