ЖАҢЫ САЯСИЙ БИРИГҮҮНҮН БИРДИКТҮҮ ТАЛАПКЕРИ БАКЫТ ТОРОБАЕВ БОЛОБУ?

№771 11-17-август, 2017-ж.

Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев жана Бакыт Торобаевдин жаңы саясий партиянын алкагында биригүү жана президенттикке бирдиктүү талапкерди колдоо демилгеси боюнча бир катар белгилүү серепчилер ойлорун билдиришти.
Фейсбук баракчасында Эдиль Байсалов төмөндөгүдөй жазды: "Жаңы биригүүдөн эң көп жабыркай турган, бийликтен чыккан талапкер – Сооронбай Жээнбеков болот. Бакыт Торобаев үчөөнүн колдоосун алып "өзүбүздүкүнө" гана добуш берип көнгөн шайлоочулардын көзүндө жалгыз талапкер катары кабыл алынып калды. Аталган көрүнүш бийликтин талапкеринин экинчи турга өтүү мүмкүнчүлүгүн кадыр эсе түшүрдү. Кыргызстан Монголиянын тажрыйбасын кайталоосу мүмкүн, ал жерде бийликтин атынан чыккан талапкер добушту 0,5 пайызга азыраак алып, экинчи турга өтө албай калган".



Бакыт Бакетаев
"Марал" радиосуна берген маегинде: "Эгер төрт лидер башкалар менен бирикпесе, булардын ичинен бирдиктүү талапкер болууга Бакыт Торобаевдин мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Себеби ал жаңы жүздөрдөн жана парламентте фракциясы бар",- деп айтты.


Марат
Казакпаев focus.kg сайтына: "Негизи Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаровдун доору өттү, бул үчөөсүн эл анчалык деле колдобойт. Бакыт Торобаевде болсо бир аз перспектива бар. Бирок Торобаев же оппозиция эмес, же бийликти жактабай ортозаар болуп келет. Эми оппозиционерлер менен биригип алды, калганын убакыт көрсөтөт. Менин оюмча, Торобаевди чыгарышы мүмкүн. Бирок булардын амбициялары ага жол береби, ал башка маселе. Келдибеков, Ташиев, Мадумаровдун доору өткөн, булар Бакыт Торобаевди сунуш кылбаса ал бирикмеден чыгышы мүмкүн. Менин божомолум ушундай",- деп билдирди.

Аман Арапбаев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо