ДҮЙНӨ ЖЫЛДЫЗДАРЫНДА ЭМНЕ КЕП?

№771 11-17-август, 2017-ж.

СЕЛИН ДИОН 32 ЖАШТАГЫ БИЙЧИ МЕНЕН ЖАКЫН МАМИЛЕДЕ ЭКЕНИ АЙТЫЛУУДА

49 жаштагы канадалык ырчы Селин Дион өзүнүн бий тобундагы 32 жаштагы бийчи Пепе Муньос менен жакын мамиледе экенин чет элдик басылмалар жазышууда. Жеке жашоосун коомчулукка алып чыгууну жактырбаган Селин Дион бул тууралуу комментарий бере элек. Ырчынын өкүлү алардын мамилесин четке кагып: "Селин менен Пепе жакын мамиледе болуусу мүмкүн эмес. Учурда Пепе ырчынын жайкы гастролдук турунда бийчи катары жүрөт",- деген.
Эске салсак, 2016-жылдын башында Селин Диондун жолдошу продюсер Рене Анжелил дүйнөдөн кайткан. Бул жоготуудан кийин Селин Дион көпкө чейин өзүнө келе албай жүргөнү маалым.

РОМАН АБРАМОВИЧ ЖУБАЙЫ МЕНЕН АЖЫРАШТЫ

Орусиялык миллиардер Роман Абрамович жубайы Дарья Жукова менен ажырашып кеткенин расмий түрдө жар салды. 10 жыл бирге түтүн булатып, 2 балалуу болушкан жубайлар ызы-чуусуз кол үзүшкөн. Эксперттер Абрамовичтин байлыгын 9,2 миллиард доллар деп баалашууда. Ал дүйнө боюнча эң бай адамдардын тизмесинде 139-орунда болсо, Орусияда 12-орунда турат. Олигархтан Дарья Жуковага бир нече вилла, хан сарай жана башка көптөгөн баалуу буюмдар калган.
"Канчалык оор болгону менен, 10 жыл чогуу жашагандан кийин ажырашуу чечимин кабыл алдык. Бирок биз жакын дос, 2 баланын ата-энеси, өнөктөш бойдон калабыз",- дейт Жукова.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо