8 жашар кыздын энеси: "КООМГО КОРКУНУЧ ТУУДУРГАН АДАМ ЭРКИНДИКТЕ ЖҮРГӨНҮ ӨКҮНДҮРӨТ"

№771 11-17-август, 2017-ж.

10 ЖАШТАГЫ БАЛАНЫ ЗОРДУКТООГО АРАКЕТ КЫЛДЫ ДЕП ШЕКТЕЛГЕН АДАМ КАРМАЛДЫ

2017-жылдын 3-август күнү Жети-Өгүз РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 2-август күнү Барскоон айылынын К.М. аттуу 26 жаштагы тургуну 10 жашар айылдашын зордуктоого аракет кылгандыгы жөнүндө маалымат келип түшөт. Аталган жерге барган милиция кызматкерлери окуяны толук териштирип, кылмышка шектүүнү кармашкан. Бул окуя тууралуу Жети-Өгүз РИИБинин жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы Асел Жакшылыкова буларды айтып берди:

– Кылмышка шектүү жабырлануучу баланын атасынын досунун уулу болгон. Ошол күнү эгин сугарууга барышып, өспүрүм баланын атасынын резина өтүгү ошол жакта калып калган. Шектүү ошол өтүктөрдү чогуу барып алып келели деп баланы апасынан сурап чыккан. Үйдөн алыс узабай эле баланы жерге жаткырып, күч колдонуп зордуктоого аракет кылган. Бала ата-энесине бул тууралуу айтарын айтса, аны чаап коркуткан. Уулунун кечигип жатканынан кабатыр болгон апасы эшикке чыгып кыйкырганда шектүү баланы коё берип, өзү качып кеткен. Шектүү ал учурда мас абалында болгондугун айтууда. Бул окуя боюнча Жети-Өгүз РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренеси (ыплас аракеттер) менен кылмыш иши козголду. Шектүү катары кармалган К.М. РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

КӨЛДӨ ДАГЫ БИР БАЧАБАЗ КАРМАЛДЫ

Ысык-Көл облусунда дагы бир бачабаздык катталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Маалыматка ылайык, 7-август күнү Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында 7 жашар балага сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер болгондугу тууралуу милицияга кабарланган. Кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган Чүй облусунун тургуну кармалган. Ысык-Көл РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ата-энеси Орусияда иштеп жүрүшкөндүктөн, 7 жаштагы жабырлануучу бала кылмышка шектелип кармалган таякесинин колунда тарбияланып келген. Анын буга чейин да жээнине карата зомбулук кылган-кылбаганы текшерилүүдө.

"КЫЗЫМ "АПА, ЭШИКТИ ЖАБЫҢЫЗЧЫ, МЕНИ УУРДАП КЕТЕЙИН ДЕДИ" ДЕП КЕЛДИ"

Ушул сыяктуу окуя Сокулук районуна караштуу айылдардын биринде да катталган. Бирок тилекке каршы, 8 жаштагы кызды сүйрөп кетүүгө аракет кылган адам акыл-эси жайында эмес болгондуктан жазадан кутулуп кеткен. Наристенин энеси кылмышкерлердин кутулуп кетишине жол берген мыйзамдарга, аны каалаган жагына калчаган кызматкерлерге нааразычылыгын төмөнкүчө айтты:
– Менин кызым Бишкек шаарындагы гимназиялардын биринде окуйт. Шаардын четиндеги айылда жашагандыгыбыздан, тынбай маршруттук кичи автобустар каттайт. Биринчи класста окуп жүргөндө кызымды мектепке өзүм эле алып барып келчүмүн. 2-класста окуп жатканда төрөп калып, мектепке алып бара албай калдым. Атасы эртең менен мектепке жеткирип койчу, сабак бүткөндө кызым маршруткага отуруп өзү келе берчү. Ушул жылдын 3-февралында түш ченде үйгө ыйлап кирип келип эле, "апа, эшикти жабыңызчы, бирөө мени уурдап кетейин деди" деп жиберди. Түшүнбөй эле туруп калдым. Кызым сабактан чыгып, маршруткага отурса жанына 25-30 жаштардагы бирөө отуруп, жол бою сүйлөшүп келишиптир. Ага кайсы мектепте, канчанчы класста окуй турганын, үйдө ким бар экенин, телефон номеринен бери айтып бериптир. Ал жигит башка номерди айтып жатабы дегенби, маршрутканын ичинде эле кызымдын номерине чалып көрүптүр. Биз жашаган көчөгө келгенде кызым түшүп калып, 100 метрдей басканда артынан ал жигит чуркап жетип келиптир. Анан эле ал кызыма "шоколад, балмуздак алып берем, жүрү мени менен" деп алдай баштаптыр. Көнбөй койсо, көтөрүп сүйрөп кеткенге аракет кылганда, кызым кыйкырып жиберип, анан коё бериптир. Кызымдын айтуусунда ары жакта кишилер жүргөн экен. Кызым үйгө качып кирип, мага айтып жатканда телефонуна чалуу келип калды. Ал коркуп кетип "мына, ошол ууру чалып жатат" дегенинен, "Коркпо, алып сүйлөшө бер, мен жаныңда турам го" деп жоошутуп сүйлөштүрдүм. Чалган адам "эч кимге айткан жоксуңбу?" деп сурады эле кызыма ишарат берип "жок" дедирип койдум.

"КАРМАЛГАНДА "МЕН ЖИНДИМИН" ДЕП ЖИБЕРИПТИР"

– Бул тууралуу жолдошума айттым. Ал айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жетекчисинин телефон номерин таап чалып окуя тууралуу айтса, "келип арыз жазгыла" дептир. Жолдошум жумуштан келгенден кийин барып арыз жазып, ал адамдын телефон номерин берди. Тилекке каршы, милиция кызматкерлери 3 күн бою эч кандай аракет кылбай коюшту. Бул убакыттын ичинде ал адам кызымдын телефонуна бир нече жолу, ал тургай түнкү 1лерде да телефон чалып жатты. Ал эми Сокулук РИИБинин кызматкерлери болсо соттон уруксат алып гана телефондун ээси кайда экендигин тактай алабыз деп жатышты. Айла кеткенде жолдошум Чүй ОИИББинин жетекчисине кирип айтканда гана, ал облустук кызматкерлерди бөлүп бериптир. Ал кылмышкер дагы 3 күндөн кийин гана кармалды. Көрсө, телефонунан чалып, кайра өчүрүп коёт экен. Милиция кызматкерлери телефону иштеген жерге баргыча өчөт экен да, бир топ убакыттан кийин башка жактан иштейт экен. Ал жакка баргыча телефону кайра өчүп калып жатыптыр. Кармалганда эле ал "мен жиндимин" деп жибериптир. Милиция кызматкерлери кармалды деп билдиргенде жолдошум барып ага жолукса калтырап-титиреп өлүмүш болуп туруп алыптыр. Ал Жоомарт деген 30 жаштагы Лейлектин бир айылынын тургуну экен. Жолуктурганда, кызым "ушул" деп көрсөтүп бериптир. Ал болсо "мен тааныбайм" деген экен, тергөөчү "эмне кылайын дедиң эле?" деп сураса, "жөн эле кар чачышып ойноюн дегем" деп коюптур.

"НААЛАТ АЙТКЫМ КЕЛЕТ, БИРОК..."

– Бирок эң өкүнүчтүүсү ушундай коркунучтуу адамдын эркиндикте жүргөнү. Соттук-психиатрдык эксперттер аны психикалык жактан оорулуу, амбулатордук түрдө дарылансын деп чечим чыгарыптыр. Ал эми тергөөчү ошол замат ишти жаап, бизге айтпай жүрүптүр. Иш эмне болуп жатканын тергөөчүгө телефон чалып сурасак, "экспертизанын жыйынтыгы чыкпай жатат" деп жаткан, анан эле чалууларыбызды албай калды. Июнь айынын башында кабар алганы барып иш жабылып калганын билип жатабыз. Жолдошум прокуратурага барса, ал жактан "иш чала тергелип калыптыр. Ошондуктан кайра тергөөгө жөнөткөнү жатканбыз. Бүгүн эле кайра тергөөгө жөнөтөбүз" дептир.
3 күндөн кийин жолдошум Сокулук РИИБинин жетекчисинин орун басарына жана тергөө бөлүмүнүн жетекчисине жолугуп "тергөөчүнү алмаштырып бергиле жана башка психиатрдык эксперттерди дайындагыла. Биз бул чечимге макул эмеспиз" деп айтып келген. Ошондон бери дагы 2 ай өттү, эч кандай кабар жок.
Дагы Кудай сактады, эгер кызым бир нерсе болсо эмне болот эле? Ушундай коркунучтуу иш кылганга аракет кылган адамды эркиндикке чыгарган адамдарды силердин да башыңарга ушундай иш түшүп калсын деп наалат айткым эле келет, бирок алардын балдарында эмне күнөө деп өзүм чочуп кетем.
Биз эмне себептен ушундай адамды үйүндө дарылансын деп чечим чыгарганын билүү үчүн Республикалык психикалык ден соолук борборунун психиатр-эксперти, кылмышка шектелип кармалган адамга корутунду чыгарган комиссиянын мүчөсү Мүзүрхат Курманалиевге барып жолуктук. Ал бул иш боюнча жооп бере албастыгын айтып, суроолорубузду жоопсуз калтырды.
Ал эми Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан төмөнкүлөрдү билдиришти: "Кылмышка шектүүгө карата соттук- психиатрдык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгына ылайык кылмышка шектелип кармалган жарандын акыл-эси толук калыптанган эмес жана мындан ары абалы өзгөрүлбөйт. Ага жашаган жеринен амбулатордук дарылануу каралып, дарыгерлер тарабынан көзөмөлгө алынат. Ушул экспертизанын жыйынтыгына ылайык 16-июнда кылмыш иши токтотулду".

10 ЖАШАР КЫЗДЫ ЗОРДУКТАГЫСЫ КЕЛГЕН АДАМ 20 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ

4-июнда кичинекей кызды зордуктаганга аракет кылып жаткан адамды чогулган эл жазалайбыз деп сабап жаткан видео интернетке тараган эле. Бул видео ушул жылдын 3-апрель күнү Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда 10 жаштагы кызды 33 жаштагы Б.А. аттуу жаран зордуктоого аракет кылып жатканда кармалып, жергиликтүү эл аны сабап жатканда тартылганы билинген. Белгилүү болгондой, кылмышка шектүү 10 жаштагы кыз дүкөндөн нан алып келе жатканда аны курулушу бүтө элек ээн үйгө сүйрөп алып кирип зордуктамакчы болгон. Кыздын бакырып ыйлаганы кошуна-колоңго угулуп, алар убагында жардамга келгенге үлгүрүшкөн. Ал жергиликтүү тургундар тарабынан кармалып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Окуянын күбөсү окуя тууралуу буларды айтып берди: "окуя 3-апрель күнү күндүзгү саат 10-11 чамасында болгон. Биз зордукчунун артынан жетип кармаганда анын колунда бычак бар экен, жыгылганда бычагы колунан ыргып кетти. Колун байлап, укук коргоо органдары келгичекти кармап отурдук, айрымдары аны ур-тепкиге алып, "ташбараңга алабыз" деп да жатышкан". Бирок милиция кызматкерлери келип, аны алып кетишкен.
Бул иш боюнча Сокулук РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 28-129-беренеси (зордуктоого аракет жасоо) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аяктаганда сотко өткөрүлүп берилген. 5-июлда Сокулук райондук соту кылмышка шектүү Б.Аны күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыраткан.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(17)
15.08.2017. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Мындайларды камаса деле дарыласа деле адам болбой.Атууга же омур бою камаш керек.Кучу жеткендерди кордой беришет да чыкканда деле
15.08.2017. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Ушундай зөөкүрлөрдү бутуна жипти байлап атка эки сүйрөш керек!
15.08.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Мындай адамдар кобойуп жатат эмнега мындайларды олум жазасына тартпайт бекер эле аламдын санын кобойтуп камай бербей
15.08.2017. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Jakshylykkg, туура айтас олум жазасына тартса жакшы болмок
15.08.2017. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Бекер эле адамдын санын кобойтуп камай бербей
15.08.2017. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Айбандар, чирип калса экен ошол зордуктоочу жерлери...
15.08.2017. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кудайым деги элибизге ыйман берсинчи. Ушундай окуяларды угуп балдарындан коркосун. Оз кызыкчылыктарын ойлобой ушундай айбандарга катуу жаза колдонсо болот эле бийлик тоболдору.
15.08.2017. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
өлтүрүш керек адам эмес алар!!!
16.08.2017. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Зордуктап койсо дагы, коркуп,ата энесине айтпай калгандары, укпай калганбыз дагы канча бар? Жазаны айосуз бериш керек. Иш кылаарда ойлоно тургандай.
16.08.2017. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
мындай айбандарды жазадан кутулткандарды биринчи камаш керек. ошолор акча учун бардыгын кылып атышат
16.08.2017. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмнеге ушундай окуялар коп болуп жатат.Каттуу чара корушсо болбойбу. Менин оюмча мындай акмактарды элге салып бериш керек таш баранга жол бериш керек. А то милицияларга да ишенич жок акча менен баарын кылып жаап жатат. Мен бир гана таш баранга алып олтурулушун каалайм!!!
16.08.2017. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аябай окунучтуу
18.08.2017. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Муну камабасанар эртен чыгып башкасын зордуктайт .
19.08.2017. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илгери, 7-9 кылымда Кыргыз каганаты окум суруп турган кезде кылмышкерге катаал чара колдонулган экен. Алсак, ууруну кармап алышса аны олтуруп анын башын алышып аркан жип менен атасынын моюнуна илип коюшчу экен. Атасы уулунун башын омур откончо илип журот экен. Уурулук такыр эле жоюлуп жок болуптур. Албетте, заман талабына ылайык,мындай чара колдоно албайбыз. Эн жакшы чечим- олум жазасы. Анын соогун орттоп кулун таштандыга тогуп салуу керек!!!
20.08.2017. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай ишке барган адамды Эл алдында атып салыш керек.
21.08.2017. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындайларды бекер эле бага бербей атып олтуруш керек.
22.08.2017. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Телефон менен чалып кайра дайынын таптырбас учун очуруп койгон адам оорулуу болмок беле,эч кандай оорусу жок эле таптаза адамдар кылмыш иши билинип калса психикалык жактан жабыркаган болуп чыга келишет. Сот жообуна тартылбаш учун ушинтип кутуласынар Кудай алдында оз жазанарды аласынар!!! Аллахым озу сактасын мыкаачы адамдардан кичинекей бейкуноо,аруу наристелерибизди
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо