«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)

№771 11-17-август, 2017-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

Түн ортосу эле. Ысыкта кыйналып жатып араң көзү илинген Жамиля кимдир бирөө бөлмөсүнө киргенин байкаган жок. Мурунку окуядан кийин бөлмөсүн ичинен бекитип алчу, бирок ал ачкычтар Керемдин да колунда бар эле. Мышыктай жыла басып кирген Керем уйкудагы сулууну бир топко тиктеп турду. Ысуулаган окшобойбу, үстүндө бир жука ич көйнөктөн башка эч нерсе жок жатыптыр. Бой мүчөсү кол менен жасап койгондой, жамбашы бөрсөйүп, кош алмасы тикчийип, узун буттары керилип өзүнчө бир керемет. Акырын келип чачынан жыттады. Таноосунан акырын дем келип жатты. Мурун өзү да билбеген, жолуктурбаган наристенин жытындай жыт аңкыды. Мунун баары кызуу кандуу эркектин акылын адаштырып жиберди. Маңдайынан, жүзүнөн сылап, ичинен жалынып жибергенин өзү да билбей калды. Жамиля түшүндө бир кара аюу өзүн жулмалап жатканын көрдү. Тырбалаңдап качып, энтигип жатып ойгонуп кетти. Үстүнөн кимдир бирөө басып алганын туйду. Ахмед деп ойлоп кетти, катуу коркуп кетип бетинен апчып алды.
– А-аа!- жаны ачыган эркек катуу кыйкырып жиберди, колдору бошой түшкөндөн улам секирип туруп жарыкты күйгүзүп жиберген Жамиля алдында турган эркек Керем экенин көрдү.
– Сизби? Сиз... Кантип?- көздөрү чоң ачылып, титиреп турган кыздын абалы боор ооругудай болчу. Бирок ышкысы ашынып калган тиги эч нерсени ойлоно албады. Акылына эч нерсе сыйбады.
– Мен сага келдим. Сен бүгүн мендик болосуң!- деди өкүм.
– Жок, эч качан, менин сүйгөнүм бар! Кетиңиз, болбосо кыйкырам!
– Кыйкыр, кана кыйкыр, үнүң канчага жетерин билели,- мыскылдуу жылмайган Керем бул кылыгы үчүн өзүн жаман сезип турса да баш тарта албады. Кыздан көзүн албай жакындай берди.
– Кел мага.
– Жок, жардамга! Жардам бергиле мага!- күчүнүн барынча кыйкырган кыздын үнү түнгө сиңип кетти. Эч ким укпады, же укпай коюуну ылайык көрүштү. Килтейген эркек үчүн кенедей кыздын күчү эмне болмок эле. Оозун колу менен басып керебетке басып жыгылды. Ыйлап, боздоп, чырылдап жаткан кыз акыры эсин жоготту. Тиги Жамиляны каалаганча уйпалады, жулмалады,  көксөөсү кангандан кийин гана акырын өйдө болду. Таң агарып келе жаткан экен. Кыздын жүзүнө тик багып карай албады. Болгону анын жанталашып өз тилинде бир нерселерди айтып жатканы кулагында калды. Өз кылыгынан өзү жийиркенип теңселип турду. Мурун таптакыр байкабаган көкүрөгүндө бир оордук сезилди. Бул күнөөнүн оордугу эле.
"Наристе экен да, билбептирмин мен. Кечир мени, мен билген эмес элем" деди күбүрөй. Туш келди чачылган кийимдерин кийип эшикке чыгып бара жатып кайра кайрылып кызды тиктемекчи болду, бирок коркту. Ошол учурда эмне себептен экени белгисиз, өзүнөн-өзү буркурап ыйлап жиберди.

ххх

Мурат уйкусу качып жылдыздуу асманды тиктеп жатты. Кайдандыр кулагына  Жамилянын "аталап" ыйлаганы, чырылдап жардам сураганы угулуп кетти. Ордунан тура калып карбаластап көчөгө бой урду. Жүрөгү туйлап, кайда барарын билбей темселеп кетти. Аргасыздан башын кучактап отура калды. Эсине бир нерсе түшкөндөй Алибектикине жөнөдү. Короосун каккылап жиберди.
– Ай, бул ким, жети түндө?
– Каке, мен Муратмын. Алибекке келдим эле.
– Эмне болуп кетти?- эшикти ачкан Алибектин атасы ага суроолуу карады.
– Сөзүм бар эле уулуңузда, чакырсаңыз.
– Сен менин уулумду эмне иштерге аралаштырганы жатасың? Мурат, бизди жайыбызга кой. Менин да көзгө басар, карыганда зар болуп жүрүп көргөн уулум, көзүмдүн кареги. Сен да кыздын атасысың, кыз өзү кетиптир. Алибекти ээликтирбе, биз аны башка кызга кудалашып койдук.
– Эмне-е?- ары жактан келе жаткан Алибек атасынын акыркы сөздөрүн угуп калды.
– Уулум, апаң экөөбүз кызга сөз айттырып койдук.
– Ата, экөөбүз аны эртең сүйлөшөбүз. Азыр Мурат байке менен сүйлөшүп алайын, сиз кирип уктай бериңиз,- деди Алибек. Нааразылана күңкүлдөп кирип бараткан атасын артынан узата караган Алибек эми Муратка суроолуу тигилди.
– Эмне болуп кетти?
– Сен качан Стамбулга кеткени жатасың? Менин жүрөгүм сезип жатат, Жамиля оң болгой эле. Бир нерсе болду бул кызга.
– Күздө деп сүйлөшпөдүк беле? Мал-жанды түшүрүп, жумуштарды бүтүрүп коюп жөнөйм дедим эле го.
– Ага чейин кызым эмне болот? Сенин мал-жаның, жумушуң бүткүчө менин кызым эмне болот, ыя?- деп күйүп-бышып кетти.
Алибек оозунан сөзү түшүп туруп калды. Адамдын мынчалык айласыз болгон абалын көргөн эмес. Боору ооруп кетти. Бир нерсе дегенче колун шилтеген Мурат артка кайтты. Өзүнчө сүйлөнүп кетип бара жатты. Адам кандай абалда болсо да, канча жашта болсо да коркуп кеткенде биринчи Кудайлап жиберет эмеспи. "Жараткан, мен күнөөлүүмүн. Мени жазала, кызымды жаман ишке кириптер кыла көрбө. Мен алкаш болбогондо кызым кетпейт эле. Мен куруюн, кызымды сактай көр" деп атанын жүрөгү канап, жалынып, сыйынып бара жатты.

ххх

Керем кыздын абалынан санааркап жаткан. Сааттар өтүп көпкө бөлмөсүнөн чыкпагандан улам кыздын бөлмөсүнө баш бакты. Жамиля дале эсине келе элек, нес абалда экен. Бетине чапкылап көрүп, кыз реакция кылбагандан улам эмне кыларын билбей калды. Шалактата көтөрүп барып душтун алдына тургузду. Суу тамчыларынан улам эсине келген Жамиля көзүн араң ачты. Эсине болуп өткөн окуя келди. Ушу абалдан көрө ага өлүп калган жакшыраак сезилди. "Эптеп ашканага жетсем, анан бычакты алып... Бирок кантип жетишим керек? Буттарымда күч калбады, бир шилтесем бүтөм. Алибек ыйлайт, жиндеп, жаны чыгып ыйлайт. Атам байкуш кантет? Апам, Нуриля..." Чалды-куйду ойлору менен алпурушуп жатты. Өзүн карылуу кол кармап турганын сезди. Башын көтөрүп Керемдин турганын көрдү. Кыз аны көзүндө огу болсо атып салчудай тиктеп турду. "Өлдүң, Керем. Сенин ишиң бүттү" деди ал кыздын көздөрүнө туруштук бере албай. Тамчылар бүт денесинде шорголоп, бутунда араң турган кызда ушунчалык күчтүү көз караш болорун ойлобоптур. Жөнөкөй эле бир кыз гигант компаниянын башында турган амбициялуу эркекти бир көз караш менен жыгат деген түшүнө да кирген эмес. Өзүнөн-өзү чегине берди. Эч сөз айта албады. Оюна келген пландар, айтайын деген сөздөр бул көз караштын алдында сынып, талкаланып түштү. Ал эмне дегиси келген? "Бул окуяны эч кимге айтпа. Өзгөчө энеме жана үй кызматчыларына. Айтканың менен сен эч нерсени утпайсың. Баары бир мага ишенишет, мен каалагандай болот. Сен үн катпай чыдап тур, анан убакыт өткөрүп башка үйгө алып кетем. Калганын кийин сүйлөшөбүз" дейин деп келген. Үн ката албады. Анткени кыздан күйүп турган кекти, ызаны, эч качан келише албаган душмандыкты, колунан келсе чайнап жибере турган жапайы кашкөйлүктү көрдү. Бул жалын бүрккөн намыстуу көз карашты өмүрү унутпас.
Кетенчиктей берип сыртка чыгып кетти. Ошол күнү, андан кийинки күндөрү да ушул көз караш эсинен кетпей жатты. Ичине бир дарт жабышып алгандай ошол жанды көргүсү келет. Бирок жанына жакын бара албады, алыстан бир карап коюп ошого ыраазы. Жамиля эси жок кыздардан эмес эле. Болгон окуяны айтса ага эч ким ишенбесин билди...

(Уландысы  кийинки санда)

Айлин.Д


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Башка сандарда:
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 764-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 765-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 766-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры) 767-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 768-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 769-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры) 770-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 772-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 773-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 774-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 775-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 776-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 777-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 778-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 779-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 780-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 781-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 782-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 783-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 784-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 785-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 786-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 787-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 788-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 789-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 790-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 791-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 792-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 793-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 794-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 795-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 796-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 797-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 798-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 799-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 800-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 801-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 802-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 803-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 804-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 805-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 806-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 807-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 808-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 809-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 810-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 811-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 812-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 813-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 814-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 815-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 816-сан
Комментарийлер(18)
15.08.2017. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ураа мен биринчи. Керемда суйуп калат окшойт.
15.08.2017. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ainura220888, ураа деп суйуносунда байкуш кыз кыйналып атса.)):
15.08.2017. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ainura220888, Жырткыч Керемдин суйуусунун эмне кереги бар эми?
15.08.2017. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ууфф ушул нерсе болбосо экен деп жаттым эле.
15.08.2017. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бул чыгарманын ушунусунан корктум эле
15.08.2017. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Боор оорутат ко
15.08.2017. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кызыктуу чыгарма экен
15.08.2017. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Allah ushundai jyrtkychtardyn jazasyn ozu bersin!!! AstagfurAllah
15.08.2017. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
дагы 1 жума кутобуз
15.08.2017. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Керем кызды сүйүп калат экен оюмча

Барып барып кыз экоо жашап калышабы деп турам
15.08.2017. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Offf uwul nerseden korkup turdum ele..bir joltoo 4ygyp oyu iwke awpai kalsa eken dep
16.08.2017. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эээх үрөй учурат го.түрктөрдөн коркута турган чыгарма экен
17.08.2017. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eliza.nurjanovna,коркпо!
16.08.2017. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тазалыгын,абийирин кетирген эркекти кечире албаса керек...
16.08.2017. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир нерсе жолтоо болуп Керемдин апам оң ишке ашпай калат деп ойлодум эле
16.08.2017. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ кудаай
17.08.2017. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ойлогом КЕРЕМ суйуп калып тийбейт деп айтат го чын суйсо жамандык каалабайт деп
17.08.2017. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура айтат кыргыз кыздарын кастарлап карай албай дуйнонун туш тарабында тээнтип журот буга баарыбыз куноолубуз (((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо