Дайыр Исмадияров, ырчы: "КЕЛИНЧЕГИМ ЭКӨӨБҮЗ ЖАРАШКАНБЫЗ, УУЛ КҮТҮП ЖАТАБЫЗ"

№771 11-17-август, 2017-ж.

SUPER.KG порталынын бул жумадагы коногу Маданияттын мыкты кызматкери Дайыр Исмадияров болду. Мүнөзү шайыр мырза чыгармачылыктагы акыркы жаңылыктары менен бөлүшүп, күйөрмандарынан келген суроолорго ачык жооп берди. Суроолордун көпчүлүгү үй-бүлөсү жана Таиланддагы эс алуусу тууралуу болду.

– Таиландга эс алууга ким менен бардыңыз?
– Досторум менен баргам. Алар чыгармачыл чөйрөдөн эмес, ошондуктан Инстаграмдагы баракчама чогуу түшкөн сүрөттөрүбүздү жүктөгөн жокмун.

– Таиланд сизге эмнеси менен жакты?
– Биринчи жакпаганынан баштабайлыбы. Тамак-ашы такыр эле жаккан жок. Ал жактагылар ачуу калемпир менен таттуу кыямдарды аралаштырып жешет экен. Мисалы, майга куурулган эт менен картошкага деле кыям кошуп жегенине таң калдым. Деңиз азыктары баалуу тамактардын катарына кирет эмеспи. Бирок бул тамак-аш менин табитиме дал келбейт экен, жей албай койдум. Аралдары абдан жакты. Эргүү алып, азыр ошол дем менен иштеп жатам.

– Инстаграмга "фирменный дымдама" жасай турганыңызды айтып сүрөт киргизгенсиз. Тамакты түрлөп жасай аласызбы?
– Тамактын дээрлик бардык түрүн болгондо да абдан ширин кылып жасайм. Бул мактангандык эмес, бирок манты, оромо, лагман өңдүү тамактардын түйшүгү көп болгондуктан эринем. Бул жөндөмдүн калыптанышына үйдүн кичүүсү болгонум себеп болду. Бир туугандарым өз жолу менен кеткенден кийин апам экөөбүз калдык, кээде ал бир жакка чыкканда тамакты өзүм даярдап койчумун.

– Салам, Дайыр. Гастролдон жакшы эле акча тапсаң керек, Таиландга барып эс алып келдиң. Бирок жалгыз барганың жакпады. Андан көрө жубайыңды ээрчитип, көлгө же жайлоого барып келсең болбойт беле?
– Ушундай суроо келет деп күтүп жаткам. Биз Жанара экөөбүз ажырашкан жокпуз, убактылуу таарынышып кеткенбиз. Азыр баары жакшы. Буюрса, биринчи перзентибизди күтүп жатабыз. Менин гастролдук турум соңуна чыга элегине байланыштуу ал азыр Жалал-Абадда эле болот. Азыр мен иштешим керек, жубайым эс алыш керек. Ал эми Таиландга Жанарасыз барганымдын себеби, биринчиден, ал кош бойлуу, экинчиден, досторумдун арасынан бирөөсү барбай турган болуп, ордуна мен барып калдым.

– Жубайыңыз татынакай, мага жагат. Эгер төрөсө таарынычтын баарын унутуп, төрөт үйүнө барып, үйүңүзгө чыгарып келесизби?
– Биз жараштык. Бирок деген нерсе бар. Анткени мен ошол учурда гастролдо болуп калат экенмин. Концерт башталайын деп жатканда уксам, төрөт үйүн көздөй чуркап баратканымды элестетип жатам. Азыртан эле ырдоочу топко "концерт кандай болсо болсун, мен силерди таштап кетем" деп айтып, аларды да даярдап жатам.

– Жанара эгиз төрөйт деп жатышат. Туугандарыңызда эгиздер барбы?
– Кудай буюрса, эгиз да болушу мүмкүн. Айтпай туралы дегенбиз, эми түз эфир экен айтып коёлу. Кызбы, уулбу ал да Кудайдын бергени, балким, эгиздир. Бирок уул болот деп төрөт үйүнөн баланы ороп чыкканга жууркан, кийимдерине башка өлкөгө буйрутма берип койгонбуз. Ашыкча эч нерсе ала элекпиз.

– Гастролго чыккан куудул эжелериңдин бири менен дуэт жаздырдың. Канткен күндө деле алар ырчы эмес да, иштешүү кыйын болдубу?
– Назира эже да ырдап жүрөт. Бул чыгарманын үстүндө бир ай иштедик. Жаздыруу иши жакшы болгон, бирок Назира эже аягында бир сөздү туура эмес айтып алды. Ошол сөздү жарым саат жаздырдык. Үйрөтсөк болбой эле өзүнүн адатынча айтып салат. Клип тартууда кыйынчылык жаралган жок. Ошентсе да бирөө менен иштешүү оор болот экен.

– Башка мырзалардан сизди өзгөчөлөнтүп турган сапатыңыз жана жашоодогу эң бактылуу 3 күнүңүз?
– Башкалардан өзгөчөлөнтүп турган сапатым жок. Бирок башкалардан көздөрүм менен өзгөчөлөнөм го. Ал эми бактылуу күндөрүм – туулган күнүм, үйлөнгөн күнүм жана сахнага алгачкы чыккан күнүм.

– Сизди Екатеринбург шаарында иштеген дешет. Ошол тууралуу айтып берсеңиз?
– Жашоомдун эң татаал мезгили Екатеринбург шаарында өттү. Анда мен 9-классты аяктагам. Ал жакта кийим сатып иштечүмүн. Базардан ар кандай кийимдерди алып, Москвадан алысыраак шаарларга барып товарларды көчөгө жайып алып сатчумун. 3 күн иштейсиң, кайра келип товар аласың. Кайсы шаардын тургундарына эмне керек экенин билип калгам. Ошентип 3 жыл иштеп акча топтоп "Дордойдон" контейнер алып, Кытайдан товар ташып, жеке ишкерлик кылып баштагам. Бул тууралуу эч кимге айткан эмесмин, биринчи жолу силерге айтып жатам. Көп нерсени түшүнбөсөм дагы, акча кайдан, кантип келерин эрте эле түшүнгөм.

– Өзүңүздүн үнүңүзгө кандай баа бересиз?
– "Өзүн-өзү сыйлабаса, өзгөнү да сыйлай албайт" деген макал бар го. Өзүмдүн тембримди жакшы көрөм. Караокеден айрымдардын ырын жеңил эле ырдап коём. Ошондуктан 100 деген баа берем.

– Кыздардан ашып түшүп кийимдерди жарнамалап сүрөткө түшкөндөн уялбайсыңбы?
– Бул биздин жумуш. Кийимдерди бекер берип жатса, жарнамалап да коюш керек. Бүгүнкү жашоо ушундай болуп калды. "Мен сага бекер берем, сен жарнамалап кой" дешет. Менин кийгенимди бирөө-жарым көрүп, ошол кийимди жактырып алаттыр. Бул көрүнүштү туура эле түшүнөм.

– Ата-энеңе кандай белек бергенсиң?
– Атам каза болуп калган. Баары бир атаңды сагынат экенсиң, көп эстегим келбейт. Ал эми апама көп нерсе жага бербейт. Ошондуктан каражат берип турам, өзүнө жаккан нерсесин алат. Алтын, күмүш жана башка белектерди берип эле келем. Негизги чоң белек – менин амандыгым болсо керек.

"Кыжалат болгондорго: бизде баары жакшы, жубайым экөөбүз жарашканбыз"


"Менин сүйүүм 25-кабатта жашайт... Таиланддагы мейманкананын 25-кабатында ушундай бассейн бар экен"


Бактыгүл Момбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Үнүмдүн тембри өзүмө жагат, 100 деген упай берем"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(33)
Медиа-портал
09.08.2017. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыр, саламатсызбы? Уй-булону сактап калуу учун кандай жол жана ыкмаларды колдонуп, аракет кылып жатасыз? Суйууго курошууго эркек катары даярсызбы? Мен сизге ишенем, бактылуу уй-було куруп, кичи мамлекетиниздин татыктуу Президенти болосуз деп, чон рахмат. Урмат-сыйым менен, Нуржаночка :)
Медиа-портал
09.08.2017. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Якутия шаарына келсинерби
SUPER.KG видео
10.08.2017. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жакшы маек болуптур...сыйлап калдым...уй бүлөңүз бек болсун.
SUPER.KG видео
10.08.2017. 05:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Уй булонузду сактап,эн жакшы жанылыктарыныз ото кубантты лично мени))Аявай соонун жанылык болду бугунку кундун , Рахмат сизге. Бирок эгиз деп алдын ала айтпай эле койсо жакшы болмок. Даже учун чыгарбай тымызын болушу керек менимче.Ошентсе деле эч нерсе эмес Кудайым колдоп эсен аман эки болунуп алсын, наристенизди боорунузга кысып бактылуу болунуз. Аялынызга бекем ден соолук болсун.
Медиа-портал
10.08.2017. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ХХХ ырдаганды таштап койсон жакшы болмок.
Модератор admin_media түзөттү 2017-08-11 10:08:35
Медиа-портал
16.08.2017. 04:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмне кылаарын озу билет болсо керек.
SUPER.KG видео
10.08.2017. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Дайыр. Ишине ийгилик, уйбулоно тугонбос бакыт.
SUPER.KG видео
10.08.2017. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бактылуу болушсун! Жубайы Аман эсен коз жарып алсын!
SUPER.KG видео
11.08.2017. 03:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсыз аябай жакшы жанылыктар бар экен,сизди коруп менда бактылуу болуп кеттим келинчегиниз менен бактылуу болун эсен аман коз жарып алсын.Жонокой Жана акылдуу экенс
SUPER.KG видео
11.08.2017. 07:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ону тааныш бала. Бир эки жолу сыналгыдан коргондоймун.
SUPER.KG видео
12.08.2017. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Карга болбосо булбулду кайдан таанымакпыз. Озуно озу упай бергени кызык го.
15.08.2017. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жарашканынар жакшы болуптур жубайын аябай ыймандуу кыз корунот мындан кийин эч ажырашуу, таарынышуу,урушуу болбосун баланардын жытына мас болуп бактылуу болуп жашай бергиле !
15.08.2017. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Zoluw86,келинчеги турмушка чыгып атканда эч кимди тоготпой кыйын болуп кеткен салондо иштейт болчу такыр Адам тоготпой калган ошондо айтышкан ырчыга тийип атам деп кыйын болуп атасынбы ырчынын аялы болуш кыйын деп
15.08.2017. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болгула. Жанара аман-эсен көз жарып алсын
15.08.2017. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Оштон Дайыр менен Айгерим,Самара болсо,Бишкектен Анжелика,Нурлан Насип,Асель супердин хити болуштуго
15.08.2017. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
sasik,Нурлан Насипти билбейм го, Асель деле Оштук. Данияр деле.
15.08.2017. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Турмушта ар кандай учур болот. Балким дайырды аялы тоготпой койгондур.
15.08.2017. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аябай эле мактаныптырго. Баарын мен кылгам деп.
15.08.2017. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эляя алдын ала эле мактана берет ушул бала!
15.08.2017. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жонокой бала экен
15.08.2017. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Пиарщик! Дагы кандай пиарын бар?
15.08.2017. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Дайыр лучще ырдабай еле сага кенешим
15.08.2017. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи, ырлары жакшы бирок уну жок. Аябай аракетчилдиги билинип турат. Токтоо, жонокойлугу жагат. Бактылуу болунуз!
15.08.2017. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жубайыныз аман-эсен коз жарып алсын!
15.08.2017. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эң жакшы жаңылык. Жараштык деген. Эми эки айры жолго түшбөгүлө. "Чымчыктын да уясы бузулбасын". Келинчегиң аман эсен көз жарып алсын.
16.08.2017. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Келинчегин аман эсен коз жарып алсын,бирок деген аялын озуну башка планетадан тушкондой элестетко э башка ырчылардын аялдары дайырдын аялынан мин сулуу болсода жонокой шайыр сезилет эмнегедир
17.08.2017. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Xabiche97,
Туура айтасын. Мага да ошондой сезилди. Аял деген эркектен бир ааз төмөн болуп туруш керек.
16.08.2017. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул балага такыр тушунбойм.кийимдерди эле эмес жеке жашоосун да пиарлайт. Эркектик сапат жоктой.
16.08.2017. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аракетчилдиги жагат, ошон учун сахнадан тушпой келатат. Азаматсын! Жалкоолук эн жаман сапат. Сенин ийгилигин кээ бироолордун тынчын алып атат, "ырдабай эле койчу" деп. Ырда, мындан ары дагы осо бер.
16.08.2017. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми эмне кереги бар бироонун жашоосуна аралашып. Ичин куйсо туз жала дечу беле, уну жок болсо ырдай албаса бизге эмне. Чыккылачы королу ошол уну жок дегендер. Бироонун ийгилигине ичи куйгон адам, ийгилике жете албайт деп ойлойм.
17.08.2017. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жараштым десе мен жарашкандай суйундум го. Бактылуу болгула чымчыктын да уясы бузулушун каалабайм.
18.08.2017. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы
20.08.2017. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озундун унуно 100 баа бергенсинби, Дайыр сенин унун 10 ырдабай эле кой
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо