№771 11-17-август, 2017-ж.
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри Алмаз Мамбетов менен ушул эле шаардын мурунку мэри Сатыбек Шамшудиновдун телефондогу сүйлөшүүсү делинип интернетке тараган аудиожазуу боюнча ишти атайын комиссия иликтейт. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 7-августта экс-мэр менен учурдагы мэрдин сүйлөшүүсү делген аудиожазуу интернетке тарап, андан учурдагы шаар башчысы "отчёт берсин" деп кайрылууга кол койгон адамды "зордуктайм, өлтүрөм" деп коркутуп, сөгүп жатканын угууга болот. Телефондук сүйлөшүүдө мурунку шаар башчы, учурдагы шаардык кеңештин депутаты катары сүйлөп жаткан адам "ал отчёт берсин деген эле кагаз, отчёт берүүдөн эмнеге коркуп жатасың?" деген сөздөрдү айтат. Учурдагы шаар башчы катары сүйлөп жаткан адам тарабынан шаардык кеңештин депутаттарына карата "өлтүрөм, көлгө чөктүрөм" деген сөздөр айтылат.Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-5
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |