№771 11-17-август, 2017-ж.
Президент Алмазбек Атамбаев 8-августта Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды. Жолугушууда Дүйшөнбиев Куралдуу күчтөрүнүн учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү үчүн жасалып жаткан иш-аракеттер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле президентке чет өлкөлөр менен түзүлгөн аскердик-техникалык кызматташуудагы келишимдер ишке ашырыла баштаганы тууралуу айтылды. Ал макулдашуулардын алкагында өлкөгө 10-августта Ан-26 аскердик учагы алынып келинди. Бул учактар Орусия тараптан Кыргыз өлкөсүнө кайтарымсыз жардам иретинде тапшырылган. Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |