№771 11-17-август, 2017-ж.
2017-жылдын 15-октябрына белгиленген президенттик шайлоого карата талапкерлерден арыздарды кабыл алуу аяктап, учурда арыз берген 59 жарандын 52си гана калды. БШКнын берген маалыматына караганда, талапкер катары арыз берген Марта Кыдыралиева, Муканбайжан Айманбаев, Камил Токтобаев белгиленген убакытка чейин шайлоо фондусун түзө албай калганына байланыштуу арыздары кайтарылган. Ошондой эле талапкерлер Нусрет Муса-Оглы Мамедов жана Анвар Сартаев мамлекеттик тилден тест тапшыруу алдында президенттикке ат салышпай тургандыгын маалымдашкан. Андан сырткары талапкер катары арыз берген Роман Ремнев менен Куттубек Бешбаковдун жаш курагы талапка жооп бербегендиктен четтетилген.Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |