ЧУУ ЖАРАТКАН СУЛУУ

№771 11-17-август, 2017-ж.

Ушул жылдын 14-июлунан 6-августуна чейин Ливанда өткөн Эл аралык "World Next Top Model-2017" сулуулар сынагына Кыргыздын атынан Сусанна Егорян катышкан. Ал сынакта финалга чейин жеткен. Бирок финалда Армениянын өкүлү катары катышып, "Биринчи вице-мисс" аталган. Анын бул кадамы коомчулукта кызуу талкуу жаратып, "эмне үчүн Кыргызстандан барган модель башка өлкөнүн намысын коргоп жатат?" деген сындарга кабылды. Эске салсак, Сусанна Егорян "World Next Top Model-2017" сынагына катышуу укугун "Кыргызстан сулуусу-2017" сынагында "Подиум сулуусу" титулун жеңгенден кийин алган. Аны бул сынакка жиберген аталган сынактын уюштуруучусу Таттыбүбү Самидин кызы социалдык тармактардагы талкуулардан кийин өз баракчасына:
"Соңку жаңылыктарды угуп, мен да жаман болдум. Мен Сусаннаны Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышууга жибергем, бирок ал өзүнө добуш берген мени, бүткүл кыргыз элин сатып кетет деп ойлогон эмесмин. Сураныч, суроолор болсо мага эмес Егоряндын өзүнө кайрылгыла",- деген билдирүү калтырган.
Ал арада Сусанна Егорян да интернет баракчасына жооп жазды: "Биринчиден, мени сынакка мамлекет жиберген жок, өзүм кеттим. Экинчиден, сынактын эрежеси боюнча кээде өзүбүз көрсөтүп жаткан мамлекеттин, кээде өзүбүздүн улутубуздун атынан чыгуубуз керек эле. Мындан улам катышуучу кыздарга экиден лента берилген. Эмнеге мынча ызы-чуу кылып жатасыңар, түшүнбөйм. Мен кыргыз элин саткан жокмун. Анын үстүнө мен кетерде "ушул кыздын ордуна кыргыз кызы барса болмок" деген бир канча кептер айтылган соң сынакка өзүмдүн улутумдун атынан деле чыксам болмок. Бирок мен антпестен Кыргыздын атын даңазаладым".
Ал эми өзүн Сусаннанын эжесимин деп тааныштырган adelina_zayer аттуу колдонуучу: "Сиңдимди Таты (Таттыбүбү Самидин кызы) эч кандай сынакка жөнөткөн жок. Ливандагы сулуулар сынагынын уюштуруучуларына өзүм байланышып, өзүм демөөрчү болдум. Таты Сусаннаны Египеттеги сынакка жибермек болуп, лицензия үчүн 1500 евро талап кылган. Сынактын эрежеси боюнча кайсы мамлекет демөөрчү болсо, ошол өлкөнүн атынан катышыш керек! Ливандагы сынакта сиңдим эки өлкөнүн атынан катышты. Себеби сынактын эрежесине ылайык бир этапта өзүнүн улутунун атынан чыгыш керек болчу",- деп жазып чыкты.
Бул окуя боюнча Таттыбүбү Самидин кызына байланышканыбызда ал төмөнкүчө комментарий берди: "Тилекке каршы жакшылыкты түшүнбөгөн адамдар болот экен. Бул сынак тууралуу мен айтпасам Сусанна билмек дагы эмес. Алгач аны бул сынакка кабыл албай коюшкан. Анын көз жашын көрүп жардам бердим эле. Сынактын уюштуруучуларынын бири Элие Нахасом менен байланышып мекендешибизге мүмкүнчүлүк берүүсүн сурангам. Мен тараптан чыгым болгон жок, бирок мен дагы Сусаннадан эч кандай акча алган жокмун. Каяктагы евролор тууралуу кеп болуп жатат? Сусаннанын эжеси сиңдиси катышкан сынак тууралуу эч кандай маалыматы жок болчу. Мен Сусаннага акча жаатында кыйынчылыктар болуп жатат дегенинен сынакка кийип чыкчу бут кийимдеримди берген элем. Аталган сынактын уюштуруучуларынын айтымында Сусаннада Армениянын ID-паспорту бар үчүн өзү ушул кадамга барууну чечиптир. Өкүнүчтүүсү мен Сусаннага добуш бериңиздер деп элди үгүттөгөнүм болду. Бирок мен аны күнөөлөбөйм. Балким, ага ушул кадамга барууну сунушташкандыр. Армениянын атынан чыксам жеңишке жетүү үчүн мүмкүнчүлүгүм көбүрөөк болот деп ойлогондур".

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -6 
Комментарийлер(25)
15.08.2017. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Ушул силер күйгүздүңөр да адамды. Жарым жылаңач болуп алып кыйраткансып. Каяка кирсең сусанна.
15.08.2017. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Чын эле мындан да сулуу озубуздун кыргыз кыздарыбыз толтураго макияжсыз сулуулар бар кыргызда. Башка улут болок да баары бир Кыргызстан учун куйбойт
15.08.2017. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эми каны кыргыз болсо анда кыргызды сатып кетти десек болот эле. Башка улуттун кызы экен ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-08-15 11:09:34
15.08.2017. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Патриот мекенчил улутун суйгон азамат кыз! Кыргыз кыздарына окшоп доширака алданбайт!
16.08.2017. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ago,ашырып жибердинизго
15.08.2017. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошондо бул кыз не болду? Кыргызстанга келгенби . ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-08-15 12:18:35
15.08.2017. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Бөрү баласы ит болбойт.
15.08.2017. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Озубуздун эле мындан татынакай кыздарыбыз толтураго неге бул кызды жонотушту экен.
15.08.2017. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Менин тан калганым финалда Кыргызстанды сатып оз олкосунун атынан чыкканы эмес биринчи вице мисс болдум деп элди алдаганы.Андан да жалганы ачыкка чыкса да кечирим суроонун ордуна бет тырмачылык кылып озунукун бербегени мени аябай шок кылды.Азыр таш доору эмес жетишкен заман болсо,озунон башкасын келесоо деп ойлодубу эмне.
Анан да жалганы ачылып ушунча сын пикирге кабылса да инстаграм баракчасында "Армениянын" лентасын тагып алып коргуло дегенсип бийлгени болду.
15.08.2017. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Татты дегенинердин дагы бир жолу акча сураганы айтылууда. Эмнеге прокуратура буга окшогондорго "за вымогательство" деп иш козгобойт?!! Сулайман-Тоого Самара Каримованы тапкан маданият министри Туголбсй Казаков, ошол Самаоа Каримовасын койсо болбойбу мобу Татты дегендин ордуна... Ал эми бул Татты дегенди камаш керек, эгер коррупция менен бийлик курошкону чын болсо... Ал эми тиги армянканы олко жарандыгынан ажыратуу керек.......
15.08.2017. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Оздон чыккан орт жаман,Озоктон чыккан жат жаман.
15.08.2017. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атың чыкпаса,мисске катыш!
15.08.2017. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Татыга сулуулар конкурсун өткөрүүгө ким укук берген? Же жеңгендер укуктуубу? Мындай бир улуураак кишилер болсо болбойт беле дейм да. Чакчаңдап өзү билгенин кылганын койбоду. Бул биринчи жолку чыры эмес анын.
16.08.2017. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздын нанына тукуруптур да алар акча сунуштасы кетти да
16.08.2017. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ушу Таттуу деген каалагандай каша кайнатып.Муну ооздуктаган маданият өкүлдөрү барбы? Кыздарды эки экиден тытыштырып, анысы аз келгенсип дүйнөлүк деңгээлдеги сынактаргада өз каалаганын жиберип. Ким өзү бул? Кайдан чыккан? Ким уруксаат берген, колунда кандай лицензияларды бар Кыргызстандагы сулууларды танда деген? Армиянкага го сөз жок.ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-08-16 12:54:25
16.08.2017. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чындап эле озубуздун сулуу кыздары толтура го,ушул башка улутка подход кылганды качан токтотушаар экен.ХХХ ал жака барып алып Армениянын атынан чыгып
Модератор admin_media түзөттү 2017-08-17 11:24:20
16.08.2017. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Раз эле кылыптыр жарым жыналач болуп олкону даназалаганча даназалабай эле коюшсун татысы озунун бышырган каласын озу жеп отурсун.
16.08.2017. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Tatty dep koygonuna NE deyin. Tatybubu dep alganin ozun.
Модератор admin_media түзөттү 2017-08-17 11:21:39
16.08.2017. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
если Кыргызстанда жаша журуп бул кадамга барса ичкен суусуна тукургон бт.Барибир ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-08-17 10:24:24
17.08.2017. 08:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыз сулуу деле эмес экен бетини корсон 2 тонна Армениянын атынан чыгыптыр ошол жакта жашасын Кыргызстанга келбей
17.08.2017. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul kyzdyn sogungon jaman sozdordu koldongon videosu bar eken deit go
18.08.2017. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат кыз экен оз кучу менен барып . Оз мекенин данктаган..
18.08.2017. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кыз кыргыз кыздарынын жарымына да жетпейтго сулууоугу бул Татыга сураганын Берген анан Таты даярдаган да озубуздун эле кыргыз кыздардан даярдаса гримсиз эле беттеринен нур чачып турган кыздар бар да
19.08.2017. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бөрү баласы ит болбойт.
21.08.2017. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э ара
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо