Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СЫРДУУ ЖАНА СҮРДҮҮ ИСЛАНДИЯ

№771 11-17-август, 2017-ж.

«Дүйнөдө канча өлкө болсо, алардын ар биринин өзгөчөлүктөрү бар. Бул жердин жээгинде адам өзү менен өзү боло алат, ойлорун жыйыштырып, жаңы жашоону баштай алчу жай. Отурган жериңде атүгүл сага чымын-чиркейлер да тоскоолдук жаратпайт. Анткени бул жерде алар таптакыр жок»,- белгисиз туристтин бул сөзү башка планета тууралуу эмес. Сөз Европанын ыраакы түндүк-батышында жайгашкан Исландия тууралуу.

ӨЛКӨ ТУУРАЛУУ:

1944-жылы өз алдынча мамлекет болуп жарыяланган
Борбору
– Рейкьявик
Аянты – 103 чакырым квадрат
Калкынын саны – 320 миңден ашуун
Валютасы – Исланд кронасы
Расмий тили – Исланд тили
Башкаруу формасы – Парламенттик республика
БУУ жана НАТОнун мүчөсү

ТААРЫНЫЧКА ЖОЛ БЕРИЛБЕЙТ

Исландияга алгачкы ирет баш баккан адамга жергиликтүү тургундар сүрдүү көрүнүшү мүмкүн. Ооба, викингдердин тукумдары башкача көрүнүшпөйт, сыңары. Бирок жакындан таанып-билгенде гана сыйчыл жана жайдары экендиги билинет. Исландия калкы боюнча саны эң аз мамлекеттердин катарында. Алсак, учурда 320 миңге жакын эли бар. Бул көрсөткүч II дүйнөлүк согушка чейин 50 миңди гана түзчү. Калктын саны аз болгондуктан, исланддыктар бири-бирине тааныш же тууган болуп чыга келишет. Андыктан алар катуу урушуп же ажырашып кетишсе да жакшы мамиледе болууга аракет кылышат. Урушуп кетип сүйлөбөй, мамилени таптакыр токтотуп коюу жат көрүнүш. Өлкөдө жайбаракат жашоо, эч ким эч жакка шашылбайт. Статистикага таянсак, исланддыктар узак өмүр сүрүшөт. Орточо жаш курак аялдардыкы – 81 жаш, эркектердики – 76. «Тиги исланддык 100дөн ашыптыр» деген сөздөргө бул жерде эч ким деле таң калбайт.
Ыраакы аралга элдер XI кылымда отурукташа башташкан. Алар Норвегия падышасы Харальд Iден качып, жаңы жашоо издеп келишкен. Аталган аралда убакыттын өтүшү менен жаңы өлкө пайда болгон. Бирок маал-маалы менен бирде Норвегия, бирде Даниянын карамагында болуп турган. Согуш маалында Улуу Британия жана АКШнын оккупациясында болгону менен, 1944-жылы толугу менен көз карандысыз деп жарыяланып, республика аталган.

КОНСТИТУЦИЯНЫ КАРАПАЙЫМ ЭЛ ӨЗГӨРТКӨН

Исландияга 2010-жылдагы окуя көп таасир берген. Анда Исландиянын балыкчы, фермер, дарыгер сыяктуу карапайым эли жаңы Конституцияны жазышкан. Буга себеп, 2008-жылдагы Дүйнөлүк финансы каатчылыгы болгон. 2003-жылдан тарта Исландия банктары жеке менчикке өткөрүлүп, чет өлкөлүк инвестициялардын эсебинен өлкө 5 жыл аралыгында дүркүрөп өнүккөн. Бирок канчалык инвестициялар көбөйгөнү менен, менчик банктардын карыздары көбөйүп отурган. Жыйынтыгында өлкө карызы бир канча эселеп өссө, 2008-жылдагы каатчылык өлкөнүн үч негизги банктарын банкрот кылган. Алар улутташтырылып, инфляция орун алган. Жылдын аягында Исландия өзүн банкрот деп жарыя кылган. Жалпы карыз 3,5 миллиард евродон ашып кеткен.
Карапайым эл муну төлөөгө караманча каршы чыгып, референдум өткөрүшкөн. Анда "чет элдик насыя берген инвесторлордун карызын төлөбөйбүз" деп добуш беришкен. Себеби банкрот болгон банктар менчик болчу, андыктан карапайым калкты төлөтүүгө эч кимдин укугу жок. Дүйнөлүк жана Европа банктары, бир канча Европа өлкөлөрүнүн кысымына карабай, Исландия бийлиги муну колдогон. Анын ордуна карызга батырган банк ээлерин Интерполго өткөрүп беришкен

ИСЛАНДДЫК КЫЗГА ҮЙЛӨНГӨНҮ ҮЧҮН 5 МИҢ ЕВРО ТӨЛӨНӨТ ДЕГЕН КАЛП

Өткөн жылы "иммигранттар Исландияга барып, жергиликтүү кыз менен баш кошсо, айына мамлекет тарабынан 5 миң евро төлөнөт" деген жаңылык желдей тараган. Бул жаңылыктан кийин дүйнө жүзү боюнча көпчүлүк эркектер Исландияга баш багууну көздөп, Тышкы иштер министрлигине миңдеген адамдар сурам жиберишкен. Исландия өкүлдөрү бул жаңылык калп экендигин расмий түрдө айтууга аргасыз болушкан. Чындыгында, «муздар өлкөсүндө» статистика боюнча эркектер менен кыздардын саны дээрлик бирдей.
Исланддыктар интернетти жакшы көрүшөт. Акыркы маалыматтар боюнча, дээрлик ар бир жарандын Фейсбукта баракчалары кездешет.

ТҮНДҮК ЖАРКЫРАГЫ, МИҢДЕГЕН ГЕЙЗЕРЛЕР

Өлкөнүн аты «муздар өлкөсү» деп аталганы менен, анчалык суук деле эмес. Кышында аба температурасы -6га чейин эле жетсе, эң ысык мезгилде +20дан ашат. Жаратылышы өзгөчөлүгү менен арбап алат. Андагы токойлор, муз менен курчалган деңиз жээктери, түндүк жаркырагы жана миңдеп саналган гейзерлер туристтерди көңүл кош калтырбайт. Жергиликтүү элдер "бир аз шамалдуу жана суугураак мезгилди жактырган адамдар үчүн жашоого эң ыңгайлуу жер" деп айтышат.
Төрт тарабын суу курчагандыктан исланддыктардын башкы кесиби балык уулоо. Бекеринен улуттук тамак катары акуланын этинен жасалган хаукарль саналбаса керек. Исландияда гейзерлер көп болгондуктан, аларды иштетүү, пайдалануу иштери жүргүзүлгөн. Муну менен катар өлкөдө алюминий заводдору, туризм, технология жаатындагы иштер өнүгүү жолунда.
Футбол боюнча «Евро-2016» оюндары Исландияда спорт да бар экенин дүйнө жүзүнө көрсөттү. Алардын күчтүү делген Англияны жарым чейрек финалда утуусу жана күйөрмандардын өзгөчө колдоосу көпчүлүктүн назарын бурду.

ТҮРМӨЛӨРҮ БОШ, АРМИЯСЫ ЖОК

Бул мамлекет тууралуу кызыктарды айта берсе толтура. Мисалы, бул жакта кылмыштуулук дээрлик жок. «Тоноп кетет, уурдап кетет» деген сыяктуу күмөн саноо болбогондуктан, исландиялыктар бир жакка чыгарда үйлөрүн ачык таштап, унааларын бекитишпей же балдарын деле кароосуз сыртта калтырып коё беришет. Кылмыштуулуктун жоктугунан өлкөнүн түрмөлөрү ээн калып, ага кээде конгонго жери жок калган туристтер түнөп кетишет. Мындан тышкары бул мамлекетте армия да жок. Аларга тиешелүү милдеттерди жээк кайтаруучулар менен полиция кызматы аткарат. Бирок өлкө аймагында ок атышууга муктаждык жаралбагандыктан укук коргоо органдары курал-жарак көтөрүшпөйт. Эгер кимдир бирөө аскерге барып, кызмат өтөгүсү келсе, Норвегиянын армиясына бара алат. Бул эки өлкөнүн ортосунда аскердик кызмат өтөө боюнча келишим түзүлгөн.

Башкы кафедралык храм Рейкьявиктин архитектуралык кооз имараттарынын бири.


koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(27)
15.08.2017. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Мына жашоо...
15.08.2017. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
кийинки санынарда Норвегия жонундо ушундай кенири маалымат берип койгулачы сураныч?
15.08.2017. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
monok2001, Норвегияда мындайча айтканда, эн томон жумуш балык тазалоо. Бир кунунуно 120$ толошот" деп кордум эле "орёл решкадан".
15.08.2017. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Түрмөлөргө туристтер түнөп кетишкени кызык экен...)))
15.08.2017. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кантип барса болот экен?
15.08.2017. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Хаха, 5000евро. Аябай таркады эле.
15.08.2017. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Хаха, 5000евро. Аябай таркады эле.
15.08.2017. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Жашоо деп ошолордун жашоосун айтыш керек экендааа , кылмыш кырсыгы жок .
15.08.2017. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Аллах бизге да ушунтип онугуп
осушубузду насип этсин!!!
15.08.2017. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Булар ыймандуу калк экен,биринчи жолу угушум.
19.08.2017. 02:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
arno2008, бироо айтмакчы каапырлар ыйманы жок ынсабы бар, а бизде ыйманы барго ынсаб жок. Оозунан кудай тушпойт кылгандары тенирден тескери. Зынаа куноо дешет бирок ойнош ойнойт, аборт кылышат, уурулук куноо дейт бирок каалашынча уурдашат, тоношот,алдашат,зордошот,пара беришет алышат))))
16.08.2017. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оу
16.08.2017. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Дини башка каапырлар ушундай жакшы сапаттарды каяктан үйрөнүп алды экен?
16.08.2017. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
bazar,Жаман улут болбойт, жаман адам болот...
18.08.2017. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bazar, дагы деле дин. Жакшы-жаман сапаттар динге тиешеси жок го, адамдын озунон
16.08.2017. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мынча жакшы, кылмыш кылганды билишпесе
16.08.2017. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул өлкөгө келечекте сөзсүз барам.
18.08.2017. 07:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоо керемет! жыргал экенда
18.08.2017. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябагандай эле соонунго е
18.08.2017. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушундай маалыматарды ар санынарда чыгарып турсанар ото жакшы болмок да кылмыш, саясат, шоу бизнестен, караганда кызыктуураак.
19.08.2017. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сабак алчу өлкө экен)))
19.08.2017. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бейиш
20.08.2017. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз да улгу алсак болчудай)
21.08.2017. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мынча сонун мамлекет вау
21.08.2017. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жомоктогудай экен... Кылмыштуулук жок олко дегени биринчи угушум. Саякатка бара турган олко экен
22.08.2017. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жактарын үйрөнсөк ашыктык кылбайт.
18.08.2018. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай соонун ага кантип барат канча кетет.кайсы тур фирмаларга кайрылыш керек.Маалымат жазып койгулааа.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо