ЖАЙДЫН АПТАБЫНДА АТАКТУУЛАР КАЙДА ЭС АЛЫШУУДА?

№771 11-17-август, 2017-ж.

Быйылкы жай өзүнүн ысык аба ырайы менен өлкө тургундарын абасы салкын жерге, сууга жетеледи. Анын үстүнө жайында ызы-чуудан алыстап, мээ сергитүүнү каалоо күч алат эмеспи. Айрым жарандар эс алуу үчүн кереметтүү Ысык-Көлдү, абасы таза жайлоолорубузду тандаса, атактуулардын көпчүлүгү чет өлкөгө барып, черин жазышууда.

Гүлжигит Сатыбеков, ырчы:
«ТҮРКИЯДА БУТ КИЙИМ ТАЗАЛАП КЫЙНАЛБАЙТ ЭКЕНСИҢ»

– Быйыл эс алуумду алгач Кыргыз жеринин булуң-бурчун кыдырып зыярат кылуудан баштадым. Көптөн бери Чаткалды сагынып жүргөн элем, ал жакка бардым, Ала-Букадан «Сафед-Булан» тарыхый комплексин көрдүм. Кийин Сары-Челек, Арсланбаб, Ысык-Көл сыяктуу керемет жерлерибизде эс алдым. Андан кийин Түркияга сапар тартып, Анталия, Стамбул шаарларында болдум. Анталиянын аба ырайы өтө ысык, Стамбул ага салыштырмалуу аябай салкын шаар экен. Бул жерлердин тазалыгына суктандым, бут кийимиңди деги тазалап кыйналбайт экенсиң. Тамак-ашына келсек, мага анча жаккан жок, кыргызымдын ашканасына көнгөн экенмин, аябай кыйналдым. Учурда өзүм туулуп-өскөн жерим Аксыга келгем. Жакында эле атамды ажылык сапарга узаттык, ал келгенче,август айынын аягына чейин айылда жүрөм. Ата-энемдин үйүн оңдоп-түзөп, курулуш иштери жүрүп жатат. Талаага чөп чапканы чыгып жатам, кээде айылдагы той-топурларга чакырып калышат, барып ырдап коём.

Омар, ырчы:
«ШОППИНГ КЫЛГЫСЫ КЕЛГЕНДЕР КОРЕЯГА БАРЫШЫ КЕРЕК ЭКЕН»

– Жай мезгили мен үчүн аскердик кызматты өтөө менен башталды. Андан соң Бишкектин четине чыгып 10 күндөй саамал ичтим. Аккан муздак суунун жээгинде жатып уктап алып, кайра абасы ысык борборго кайтып жаттым. Саналуу күн мурун Кореядан учуп келдим. Ал жакка сахналашым Данияр Эрматов экөөбүз барган элек. Бул мамлекет мага аябай жакты, бирок тамак-ашынан өзүмдү чектеп жаттым. Рафтинг спортунун даамын татып көрдүм, укмуштуу эмоцияларды тартуулайт экен. Андан тышкары бир нече жолу кереметтүү Ысык-Көлүбүзгө да барып келүүгө жетиштим. Жалпысынан жай мезгили аябай кызыктуу өтүп жатат. Эгерде менден бирөө-жарым "кайда барып эс алайын?" деп сурай турган болсо, "жакшы тамак-аш жегиң келсе Түркияга, шоппинг кылгың келсе Кореяга, шумдук унаа айдап, укмуш аттракциондорго түшкүң келсе Дубай же Америкага, жүрөгүң чарчап турган болсо Меккеге бар" деген кеңешимди айтат элем.

Кундуз Канатбек кызы, ырчы:
"ЭС АЛУУ МЕНИ СТРЕССТЕН АРЫЛТАТ"

– Буга чейин көп эле мамлекеттерде эс алгам. Жыл сайын бир жерге баргандан көрө башка кызыктуу аймактарды көргөн жакшы. Негизи эле эс алуу адамдын ден соолугуна пайдалуу. Мисалы, мен эс алганда стресстен арылам. Быйыл көптөн бери барсам деп эңсеп жүргөн Дубайда 10 күн эс алып келдим. Ал жактагы асман тиреген имараттар, кооз сейил бактар суктандырды. Эли дагы жөнөкөй, меймандос экен. Бирок тамак-ашы, суусу, абасы биздикине жетпейт. Дубайдан келгенден кийин ата-энем, бир туугандарым менен Ысык-Көлгө бардык.

Урмат Усенов менен Неля:
"БАЛДАРЫБЫЗГА ЖАККАН ЖЕРГЕ БАРЫП ЭС АЛАБЫЗ"

– Быйыл үй-бүлөбүз менен эс алууну кереметтүү Ысык-Көлдөн баштадык. Ал жактан келгенден кийин Таласка барып, жайлоодон кымыз, сүт ичип келдик. Балдарыбыз айылды, мал-жанды аябай жакшы көрүшөт. Чоң ата, чоң энесиникине барганда үй жаныбарларынын жанынан чыгышпайт. Эки жылдан бери эс алууга балдарыбыз менен чогуу чыгып баштадык. Чоңоюп, "кой-ай" дегенди түшүнүп калышты. Буга чейин кичинекей, сыркоолотуп алабызбы деп чочулачубуз. Эс алуубуз соңуна чыга элек, буюрса, Казакстандагы океанариумга, балдардын эс алуучу, көңүл ачуучу борборуна барганга камданып жатабыз. Кайда барып эс албайлы, балдарыбыздын көңүлүнө карап, аларга жаккан жерге барып калдык.
Мындан сырткары ырчылар Бактыгүл Бадыева Түркияда, Дайыр Исмадияров Таиландда, режиссёр Сүйүн Откеев Дубайда, актёр Азамат Уланов казак актёру Тауекел Мусилим менен Мальдив аралдарында жана дагы бир катар жылдыздар Ысык-Көлдө эс алганга жетишишти.

Нуркыз Курманбек кызы,
Бактыгүл Момбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(13)
15.08.2017. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ата энеме азыраак болсо да жардам болсун деп иштеп, эс алуу эмне экенин деле билбей калдым.Ырчы эле болуп калсам эмне.
15.08.2017. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Баары эле тамактан каттуу кыйналган го.А дегенде эле тамактан башташып жатышат.
15.08.2017. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ырчыларга эле жыргал
15.08.2017. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Акчаны кайдан алышат булар
15.08.2017. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бирибизге Алла Талаа оз ырыскыбызды беретда.Эн башкысы алты саныбыз аман болгонуна шугур кылайлы.Гулжигит иштеринизге ийгилик.Аксыда чоп чапкан кундорду эстеттинизго.Мен да буйруса Аксыга туулуп оскон жериме кетишиме аз калды
17.08.2017. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kg-kg-kg17,менда Аксыны сагындым
16.08.2017. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омардын суйлогону эле жагатта
16.08.2017. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Омардын:"Жүрөгүң чарчап турган болсо Меккеге бар"дегени жакты. Ыйманыңызга береке!
16.08.2017. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Фонограмма менен акчаны олчойтуп алып тойлорду тойлоп койлорду жеп жер кыдырып башка жакта кун тун дебей иштеген мигрант мекендештердин тер токкон акчаларына да алдын ала чакыруу менен мынча толойсун деп толотуп алып жыргап журот ырчы чоорчуларын сайрандап байкуш кара жумушчулао эс алуу эмне экенин деле билбей журот Алмак салмак гезит бетине мактанып бир биринин былыгын чыгарып даттанып журот да ырчаларын Ошол ырчы болмуштарды да эшек минерлерди да эл багып жатат
16.08.2017. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кимдин кимдин заманы, ырчы м.н саясатчылардын заманы))))
17.08.2017. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мен москвада эс алып журом жай кыш дебей
19.08.2017. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Москвада 5кун иштесем 2кунун Москванын кооз жерлерин коруп эс алып коем.Кыргызстанга кетсем ошол мага эс алуу эле ......
22.08.2017. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигитке жардам керек эмес бекен чомолого
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо