Нурлан Насип, ырчы: «АЛГАЧКЫ УНААМДЫ 1 АЙ ГАСТРОЛДОП ЖҮРҮП АЛГАМ»

№771 11-17-август, 2017-ж.

Маек куруу үчүн атайын Ысык-Көлдө эс алып жаткан жериңден келдиң. Мындай алыс жолго өзүң рулга отуруп көп чыгасыңбы?
– Бул унаам менен Токтогулга анан Ысык-Көлгө эле баргам. Мындай машиналарга өтө кылдаттык менен мамиле жасоо керек деп ойлойм. Гастролдорго айдай албайм, себеби айылдарда ар кандай жолдор болот, жакшысы шаардын ичинде эле айдаганым оң го. Ал эми мекенибиздин булуң-бурчуна концерт койгону барганда атамдын унаасы менен барабыз. Себеби ал чоңураак, көп киши батат. Рулга сахналаш досторум менен кезектешип отурабыз, жалгыз өзүм өтө алыс жолго айдабайм.

– Учурда айдап жүргөн унааңа чейин канча машина алмаштыргансың?
– Бул 5-болуш керек. Буга чейин түрдүү унааларды айдап көрдүм. Алгачкы унаамды Сыймык Бейшекеев менен 1 ай чогуу Орусияда гастролдоп жүрүп ошонун акысына алгам. Байке мага «1 ай гастролдо, анан сага унаа алып берем» деген эле. 1 айдын кандай өтүп кеткенин деле билбейм, машинаны элестетип эле жүрдүм окшойт. Ал унаамды эстегенде жылуу сезимдер пайда болот. Баары бир биринчим эмеспи. Жумушум жок болсо деле рулга отуруп айдагым келе берчү. Жөн эле унаанын ичинде отургандан ырахат алчумун.

– Айдоочулук күбөлүктү окуп алдыңбы?
– Чындыгында машина алганда күбөлүгүм жок болчу. Бирок айдоочулук тажрыйбам жакшы эле болуп калган эле. Себеби Бишкектеги ресторандардын биринде көпкө чейин официант болуп иштеп жүрдүм. Ал жердеги күзөт кызматкерлери келген кардарлардын машинасын унаа токтотуучу жайга коюшат го, аларга жардамдашып жүрүп жакшы эле айдап калгам. Унаа алганда батыраак айдагым келип шашылып сатып алууга туура келген. Бирок жол эрежелерин жакшы билем.

– Унаа айдоону сага ким үйрөттү эле?
– Ал адам эсимде калбаптыр. Мен унаа айдоодон мурун мотоциклди айдап үйрөнгөм. Атамдын мотоциклин 7-класстан тартып айдадым окшойт. Азыр эстесем анын педалына бутум араң жетчү экен. Кыйналганыма карабай кызыкканым үчүн үйрөнүп кетсем керек. Мотоциклди күн ысык маалда айдасаң бетиңе муздак шамал тийип сонун болот. Кыялымда келечекте учак айдап көргүм келет. Ал дагы өзгөчө керемет сезимдерди тартууласа керек деп ойлойм.

– Ар бир буюмга кам көрүш керек, сен кандай карайсың машинаңды?
– Техникага өтө жакын жигит эмесмин. Ошондуктан унаа сатып алардын алдында досторум менен кеңешем. Буга чейинки машинамды билбей эле кымбат сатып алыптырмын. Сатып алган соң дөңгөлөктөрүн алмаштырдым, эки жагын караттым, баарын кошуп 17 миң доллар коротком. Кийин унааны жакшы билген тааныштарым анын арзаныраак турарын айтып калышты. Өкүнүчтүүсү ошол машинамды 7 миң долларга сатканым болду, мындайда ичиң ачышат экен. Азыр досторумдан сурасам "бул үлгүдөгү унаа жакшы, тиги унаа көп бузулат" деген кеңештерин беришет. Мен болсо сырткы келбетине карап эле тандайм. Ал эми кам көрүүгө келсек, өзүм жууп тазалаганга убактым жок, унаа жуугуч жайларга барам. Анын үстүнө өзүм жууйм деп бир жерин чийип аламбы деп корком. Оңдотууга келсек, анда деле атайын өз ишин билген усталарга кайрылам.

– МАИ кызматкерлери менен мамилең кандай?
– Жаңы ырчы болуп чыгып жатканда МАИ кызматкерлерине кармалсам плакаттарымды берип, ырларым жаздырылган диск карматып эптеп кутулуп чыкканга аракет кылчу элем. Себеби ал учурда мени эл анча таанычу эмес да. Сахнага чыкканыма 7-8 жыл болуп, азыр эми таанып калышпадыбы, «сендей инилерибиз элибизге керек» деп МАИ кызматкерлери коё беришет. Мындай учурда жүрөгүм жылып кубанып калам.

– "Жигит кызды сүйсө, унаасын айдатканга макул болот" дешет. Буга кошуласызбы?
– Мен айдайм дегендерге бере берем. Айдап үйрөнүп кетишпедиби (күлүп). Карындаш, эжелериме деле өзүм кээде үйрөтүп калам.

– Рулда отуруп өзүңдүн ырларыңды угасыңбы?
– Эгерде жалгыз болсом өзүмдүн ырларымды угам. Анан бирөө жарымдын көзүнчө өзүмдүн чыгармаларымды уксам кызыктай абалда боло берем. Себебин түшүнбөйм.

– Алыска гастролдоп көп чыгасың. «Жол азабы – көр азабы» деп коюшат эмеспи.
– Чын айтылган сөз. Кыйынчылыктар аябай көп болот. Мисалы, мына жакында эле Таласка концерт коюп барып, концерттен чыксак машиналарыбыздын дөңгөлөктөрүн кесип кетишиптир. Мен аны байкабай эле айдап жиберип, дөңгөлөгүм кырчылып кетти. Түн ичинде кимге барып жардам сурарыбызды билбей турсак жергиликтүү адамдар жардам беришти.

– "Учурда айдап жүргөн унаасын Нурлан Нурмат Садыровго атаандашып жүрүп алган" дешет...
– Чын эле Нурмат ушундай машина айдайт эле. Бирок атаандашкан эмесмин, ал досум катары "ушундай ал" деп мага сунуштаган. Кудайдан коркпой ушул сыяктуу кептерди айткан адамдарга таң калам. Ал менин досум болсо, кантип Нурматка атаандашмак элем?

– Ылдамдыкты сүйгөн айдоочулардын катарына киресиңби?
– Мен машинаны катуу айдап ырахат алгандарды түшүнбөйм. Албетте, бизде деле ылдамдыкты жогору кылып айдоого муктаж болгон учурлар болот. Бирок андай кадамга жумушума гана байланыштуу барам. Өзүм жай жүрүп баратып ыр укканды жактырган айдоочумун.

– Жолуң ар дайым шыдыр болсун.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


Нурлан Насип: "Бир күндө унаама 1000 сомго күйүүчү май куям"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(48)
15.08.2017. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2007-2008 рестайлинг кететда сеники рестайл эмес, анын устуно 4вд арзан чыгып алып койсон керек. 11000болбойт
adiletik түзөттү 2017-08-15 20:11:04
15.08.2017. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик!
15.08.2017. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нурлан жакшы ырдайт таласта концертинде донголокту кескен адамдар жайылган айылынын балдары деп еле ойлойм покровканын елдери андай емес кичи пейил болот
15.08.2017. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы бала жонокой шамал ото берсин Аллах озу колдоп журсун
15.08.2017. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
жаман эле мактаныпсың го.анан өзүм жуусам чийип алам дегениң жакты.эмне сен шагыл таштар менен жуумак белең!
15.08.2017. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
көп кыздарды үнааңа салып үйрөткөн окшойсуң а "үйрөнүп кетишбедиби"-деп көптүк түрдө айтыпсың.мага жакбайт.жаман жактарыңды да айтып койбопсуң үкөм күлкүнү келтирбей!!
16.08.2017. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pero123,бул жерде ОЗУ жонундо суйлобоптурго тобоо мынча ичкуйдулук кыласынаар
16.08.2017. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы бала жөнөкөй ачык башкаларга караганда. Үнү да бар ырлары да жакшы ийгилик
16.08.2017. 07:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз! Элдер жаман жазат да ...дегениниз жакты да
16.08.2017. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир нерсесин байкадынарбы?Тишин брекед койдуруп журом деди эле го.Эми сонун болуп калыптыр.Супер инфого айтарым башка эч ким жокпу улуу муундагы адамдардан интервью алсанар!?Кечкээ эле баягы жуздорду чыгара бербей.
16.08.2017. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
_PeriWa_,брекеди жүрөт го тишинде. Тамашоучулар да катуу тамашалашты эле. Ошондон улам тишин оңдогонго киришкен го э?)))))
17.08.2017. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
_PeriWa_,Керим Турапов,Султан Раев, Кыргызбай Осмоновдордон Маек кургулачы балалык чагы, ийгилике жетуунун сырларын сурагылачы админ. .
16.08.2017. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
"ремень" боюнча суйлогон созунон улам-ушундай ой келди, элдин адамы, эл менен эсептешкен бала окшойт,-азамат, жакшы сапат
16.08.2017. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ырларды озу жаратып,обон жазып,озу ырдаган мыкты ырчы бала деп баалайм.Ал бардык эле адамдын колунан келе бербесе керек.Жакында казактын ырчысы Димаш да концертинде Нурландын ырын ырдады.Бул да болсо сыймыктанаарлык
16.08.2017. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жөнөкөйү жөнөкөй дечи, бирок кичине лапша илип койгон жери барбы бейм? Мурдагы интнрвьюсунда Асельге iphone белек кылган эмесмин десе, мунусунда машина айдагаганды ким үйрөткөнү эсимде жок дейт. Кантип?
SUPER.KG видео
16.08.2017. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Музыкасын жуктоп койгулачы аягындагы соонун экен
17.08.2017. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиштери онолуп калганбы???
17.08.2017. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алла озу колдосун сизди.Иштеринизге ийгилик!
17.08.2017. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат го бирок так даана суйлобопсун. Кантсе да ырларыны жакшы угам ширин ырдайсын. Бирок Нурлан гулгон голосун эч жакпады же мумкун мага калааты угулгандыр... Айылга гостролго айдабайм дейсин жол бизде аябай жакшы жымындап келесин биз деле сеникиндей машина эле минип журобуз андай болсо Алайга келип кет
17.08.2017. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы таланттуу ырчы, ырлары абдан жагат. "Таттуу махабатым" деген ыры менен даагыле ооруп журом))Асель менен тойу качан болот экен? Иштеринизге ийгилик!
17.08.2017. 09:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец ак эмгек менен алган унаан кут болсун. Боодо кырсыктан алыс бол! Сен элдин баласысын!
17.08.2017. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жаштардын машина айдап жургону кызыксыз,мага улуу муундагы ырчы айымдардын айдаганы кызык,ошолорду корсотсонор жакшы болмок.
karona12 түзөттү 2017-08-17 11:07:42
17.08.2017. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жөнөкөй жигит
17.08.2017. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец ишине ийгилик
17.08.2017. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
коментарий жазгандар ойлонсонор,27жаштагы бала 1 эмес 2уй алды кычырата салып ата-энесин кочуруп келип киргизип койду,машинадан машина алмаштырып акчаны таап,кооп кетпей бир калыпта журот,талант десенер таланты бар.Азыр 27деги анча мынча балдар уй эмес озунун фамилиясын таппай жургондор канча
Медиа-портал
18.08.2017. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырдаган ырын кайдан тапсам болот? Мага аябай жакты.
18.08.2017. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын! Нурлан бешене тер,ак эмгек менен таап минген унааң кут болсун! Ак жолтой машина болсун.Кыргызстанда сендей таланттуу,жөнөкөй,мырзаларыбыз көөп болсун!!!))
20.08.2017. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тилеке каршы Супердин кийинки санында деле кайрадан Нурлан экен эх эх эх
20.08.2017. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Айдоочулук күбөлүгүмү сатып алгамын дейт ушундайларды жоопко тартуу керек.
20.08.2017. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай жигиттер Кыргыз элимде көп болсун. Жөнөкөй, жылдыздуу жигит. Сен мага жагасың.
SUPER.KG видео
20.08.2017. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
вай энеен биз Москвада кунуно кечке иштеп 1000 р тапсак бул братан бензинге эле коротуп коетго
21.08.2017. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырлары соонунда
SUPER.KG видео
27.08.2017. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо