Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Азамат Жаналиев, сүрөтчү: «МОНГОЛИЯНЫН АЖОСУ МАГА СТИМУЛ БЕРДИ»

№771 11-17-август, 2017-ж.

Стринг-арт стилинде (мык менен жипти колдонуп) сүрөт тарткан кыргызстандык сүрөтчү Азамат Жаналиев Монголиянын президенти менен жолугуп, президентке өзүнүн портретин тапшырды. Өнөрпоз алгачкы эмгеги жана стринг-арт ыкмасы менен сүрөт тартууга болгон кызыгуусу тууралуу биз менен маек курду.

– Сиздин ийгилигиңиз бизди да кубандырды. Айтсаңыз, Монголиянын президентин тартуу идеясы кайдан келди жана ал жакка жетүү кыйын болдубу?
– Рахмат, элимдин колдоосуна ыраазымын. Менин башкы максаттарымдын бири – 70 өлкөнүн тарыхый инсандарынын портретин тартуу. Ошондуктан мен тиги өлкөгө барышым керек, ушуну тартышым керек дебейм. Каалоом болсо эле эмгек жарата берем. Ал эми Монголияга 8 күндө жеттим. Кыйынчылык болгон жок. Себеби буга чейин алыскы сапарларга жөө чыккам, 20 күндөп жол жүргөн убактарым болгон. Каражат жаатынан деле маселе жаралбайт, жардам бергендер бар.

– Президент Халтмаагийн Баттулга менен жолуккандан кийин сизде ал тууралуу кандай сезимдер калды?
– Баттулга мырза да мага окшоп сүрөт тарткан, эскиз чийген чыгармачыл инсан экен. Жумуш убактысы бүткөндөн кийин иш ордунда калып карандаш менен сүрөт тартарын айтты. Ошондой эмгектеринин бирин мага тартуулады. Ал жөнөкөй, кичи пейил, адамгерчиликтүү инсан катары жылуу сезимдерди калтырды. Монгол президентинин "Эч качан токтобо!" деген сөзү мага стимул болду. Ошондой эле кыргызстандык мекендештерге салам-дубай жолдоп, Кыргызстанда да достору бар экенин билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамиле күчөй берсин деген тилегин айтты.

– Стринг-арт ыкмасы менен сүрөт тартууга эмне түрткү болду?
– Мындан 2 жыл мурун,
29 жашымда жата бербей эмгек кылышым керек, артымда из калсын, эмне кылсам тарыхта айтылып калам деген ой болду. Көпкө ойлонуп, Кыргызстандын тарыхый жерлерин кыдырып, «29-күз» деген китебимди жаздым. Анан май боёктор менен сүрөт тарттым. Бирок башкача нерсе жаратыш керек болду. Бала күнүмдө үйдүн дубалына мык кагып, анан зым ороп шыбаганыбызда кандайдыр бир сүрөттөр пайда болчу. Ошол нерсени илип алып, мык менен жиптин жардамы менен сүрөт тартууга кириштим.

– Алгачкы жана жалпы эмгектериңиз тууралуу маалымат берип өтсөңүз?
– Алгач эле кыргызды дүйнөгө тааныткан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдон баштадым. Ошол маалымат тарагандан кийин буйрутмалар болду, бирок бизнес кылуудан баш тарттым. Мен акчага кызыгып кетсем, максатым ишке ашпай калмак. Андан кийин президент Алмазбек Атамбаевдин портретин тарттым. Кийинки эмгегим Чечен Республикасынын президенти Рамзан Кадыровдун атасына арналды. Грозный шаарына велосипед менен 20 күндө жетип, тапшырып келгем. Ал жактан Москвага, Питерге жөнөп кеттим. Владимир Путиндин,
Пётр Iдин портретин тарттым. Мындан тышкары, Дубайдын желегиндеги 7 эмираттын шейхтеринин портретин 3 айда тартып бүттүм. Жалпысынан 16 эмгегим бар. Анын арасында залкар манасчы Саякбай Каралаев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана башка тарыхый инсандарды тарткам.

– Владимир Путин, Рамзан Кадыров менен жолугууга мүмкүн болбой калган эле...
– Орусиянын президентинин портретин «Белек фонду» кабыл алып, азыр президенттин резиденциясында турат. Ал эми Рамзан Кадыров кабыл ала элек. Буюрса, август айынын аягында жолугушууну пландап жатабыз.

– Бир портретке канча килограмм мык, канча метр жип кетет?
– Портрет стандарт болгону менен кишилер стандарт эмес. Бирөөнүн сакалы бар, бирөөнүн чачы жок дегендей. 1-2 жарым килограммга чейин мык, 1000-2500 метрдей жип керектелет. Бир эмгекке 7-10 күн коротом.

– Портреттин көлөмү кандай болот?
– Негизи мен стандарттуу эле жасайм. Узуну 2 метр 44 сантиметр, туурасы 1 метр 22 сантиметр.

– Бир кезде устат болуп, балдарды окуткам дегениңиз бар. Азыр чет өлкөлөргө көп чыгып жатасыз, балдардын окуусу токтоп калдыбы?
– Алгачкы эмгегимден кийин буйрутма кылгандар, үйрөнөбүз деген жаштар көп болду. Анан каалоочуларды чогултуп, атайын ийрим ачкам. Үйрөнгөндөн кийин балдар келбей коюшту. Ошондон бери устат болуу ишим токтогон. Балдарга дайыма «акчага кызыкпагыла, атыңарга иштегиле» деп айтчумун. Мен акчага кызыкпайм. Чет өлкөлөрдөн жакшы сунуштар түшөт, бирок максатыма жетмейинче иштешпейм.

– Ийгилик каалайбыз! Мекенибизге аман-эсен келип алыңыз!

"Халтмаагийн Баттулга ыраазычылык иретинде колодон жасалган Чыңгызхандын скульптурасын, Монголиянын "Гиннесс китебин" жана кол тамгасы калтырылган портретин белек кылды".

"Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун портрети жабык аукционго коюлуп, 88 миң сомго сатылган".

"Араб Эмираттарынын желегиндеги 7 шейхтин портретин 3 ай аралыгында тартып бүтүп, стринг-арт боюнча алгачкы сүрөт көргөзмөсүн уюштурдум. Ошол жактагы мекендештер жана араб бийлиги колдоо көрсөтүштү".

Саякбай Каралаев.

"Орусиянын президенти Владимир Путиндин туулган күнүнө арнап анын бала чагын тарткам".

Ахмат Кадыров.

(Сүрөттөр каармандын өздүк архивинен алынды)

Бактыгүл Момбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(13)
15.08.2017. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Super
15.08.2017. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Иштеринизге ийгилик!!!
16.08.2017. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
биринчи жогоруда тушкөн сүрөттө портретиң эмне мурду кыйшык тилин чынарып койгонсуң.педагог боло албасаң устат болуп үйрөтө албайсың дв!
21.08.2017. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pero123,Кайсы портрет жонундо айтып жатасын,кана ошол портрет. Озун жасай албаган сон баракелде деп койсон болмок. Ар кимдин колунан келбеген шедеврлерди жаратыптыр азамат.
16.08.2017. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Монголия президентин карыган кылып тартып коюптур го. Жанындагы президенттин озубу?
16.08.2017. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат азамат жигит экенсиз.Мындан кийинки иштеринизге ийгилик каалайбыз.Ойлогон ой максаттарынызга жетиниз.Суротторунуз аябай кооз тартылыптыр.
16.08.2017. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат
17.08.2017. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суротту кантип сакташ керек жибин кантип сакташ кк ошолорду сурабапсынар Мисалы мык дат басат,жир чирийт
17.08.2017. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо соонун чеберчилик. ийгилик
19.08.2017. 05:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ишинерге ийгилик онорунор оркундой берсин!
20.08.2017. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун ийгилик
20.08.2017. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик сага
21.08.2017. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат. Онорун оркундоп максатына жет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо