Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)

№772 18-24-август, 2017-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

Жамиля ооруп калды. Тамакка такыр табити жок, көңүлү да ачылбайт. Тың, тарс иштеп, тез-тез кыймылдаган неме жансыз сөлөкөттөй эле басып калды. Баары колунан түшүп, көп жеме уга турган болду. Кээде кечке бир чекитти карап тура берет, атынан чакырмак тургай кыйкырса да укпайт.
– Жамиля! Кыйкырып жатам, сен эмне укпайсың, ыя? Канча жолу айтам,- деди кабагын бүркөй үтүрөңдөгөн кары ашпозчу.
– Эмне дейсиз?
– Уф-ф, мен сага "тамак даяр, кичинекей мырзанын тамагын бер" деп айттым. Бир саат болду сенин телмирип турганыңа. Эгерде иштегиң келбесе ачык айт да, же эмне кожоюндар сага жакшы мамиле кылса көөп кеттиңби?
– Жок, азыр алып барам,- карбаластап тамак салынган подносту көтөрүп бара жаткан Жамилянын мурдуна укмуш жыт келе түштү. Канчалык чыдаса да болбой кусуп жиберди.
– Эй, сен...- деген боюнча аркасынан кыйкырган ашпоздун үнүн укпады. Кечке крандагы сууну агызып отурду. «Чымыркан, Жамиля, сен чыдайсың, баары өтүп кетет. Эч кимге эч нерсе айтпай, бул ыпластыкты көтөрөсүң. Сен апаңды карызынан кутултасың, Алибекке барасың. Экөөңөр жаңы турмуш баштайсыңар. Мунун баары унутулат. Сен чыда, чымыркан» деп жатты өзүнө-өзү.
Жок, болбоду, ошенткен сайын каңырыгы түтөп, бакырып-бакырып ыйлап алды. Көпкө отуруп сыртка чыкты. Ашканага барса ашпоз аял аны көпкө сынай тигилди.
– Сага эмне болгон?
– Эч нерсе.
– Мурун кусчу белең?
– Жок, бул чөптүн жыты көңүлүмдү айлантып жиберди.
Ашпоз маңдайында турган чөптөрдү карап койду. Мурда деле бул чөптөр менен тамак жасачу, аны Жамиля ичип эле алчу. Шектүү тиктеп койду.
– Балким, сен доктурга барарсың. Бекинип алып эле кусуп жүрөсүң, ашказаның ооруп жаткандыр. Же...
Ашпоз анын тулку боюн, жүзүн сынай тиктеп сырдуу токтоду.
– Эмне антип карап жатасыз?
– Чыныңды айтчы, эч нерсе болбоду беле жакынкы арада?
– Эмне болот эле?
– Эми эркектер менен мамиледе болдуң беле деп жатам. Түрүңдү карап боюңда барбы деп...
Жамиля суу ичип жаткан эле, күтүүсүздөн чакап кетти. Көздөрү алайып ашканадан атып чыкты. «Оо, Кудай, андай болбойт, андай болушу мүмкүн эмес». Ичин аткып алды. Ошол замат Керемдин нурсуз, муздак көздөрү элестеп кетти да, ичиркенип алды. Ошол эле күнү ал бул үйдөн кетүүнү чечти.
– Мен ден соолугума байланыштуу Ахмедди карай албайм. Мүмкүн болсо суранайын дегем,- деди Эсма ханымга барып.
– Жок, бере албайм уруксат.
– Мен...
– Болуптур, канча күнгө?
– Мен иштен кетүүнү чечтим.
Эсма ханым көз айнектин үстүнөн тиктеди, түшүнбөй тургандай. Кече эле жүдөп келген кыз берген кызматтан баш тартып жатканы кызык эле.
– Мындан артык жерди кайдан табасың? Айлыгың жакшы, жумушуң деле анчалык көп эмес. Ахмеддин тилин тапканың үчүн сени оор жумушка деле салган жокпуз.
– Мен кетишим керек. Жагдайым ошондой болуп калды,- деди кыз чыйралган үн менен.
– Кет! Көзүмө көрүнбө!- чаңк эткен аялдын үнүнөн баары чогула калышты.
– Буга чейинки иштеген акчасын берип жөнөткүлө бул тарбиясызды!- деди ал өкүм.
Жамиля чечиминен артка кайтпады, жомоктогудай үйдөн чыгып кетти. Оор жабылган дарбазадан чыккан соң жеңилдей түштү. Аргасыз баягы иш бере турган фирмага келди. Бул арада Зина эжеси да жумушунан бошоп калган экен. Ошол жерден кайрадан кезигишти.
– Сонун жерден эмне кетип калдың? «Кожоюндары да жакшы» деп айтышты эле, каап. Шашып кетиптирсиң, эми иш деле экөөбүздү күтүп турбайт да,- деди Зина эжеси кабатырлана.
– Мени коюңузчу, сиз эмнеге кетип калдыңыз?
– Өлүгүңдү көрөйүндөр, жаман жинге тийишти. 80 жаштагы кемпирди бактым. Өлөйүн десе деле буларың жаман «капризный» болушат экен. «Тиги жагымды жуу, бул жагымды жуу, аркамды кашы, чекемди кашы» деп күнү кечке айламды кетирет. Анысы аз келгенсип, уктап жатсам, кызы силкип тургузуп жатпайбы. «Энемди карабай уктап жатасың да, алдына коё берип коюптур» дейт. «Күндүзгү эле акы төлөнөт, түнкүсүн карабайм» деп чүмкөнүп жатып алгам. Эртеси «кете бер» деп койду. Жаман кылып жиберишти, душка жуунуп чыкканча, ажатканага барганча жандары чыгып издеп калышат. Сеники жакшы жумуш болчу. Бекер кылдың. Акчасы да жакшы эле. 700 доллар беле?
Жамиля эрдин кырча тиштеп үн каткан жок. «Боюмда барбы?» деген ойдон өзү үркүп жатты. «Андай болгон күндө өзүмдү өлтүрүп салышым керек» дейт байкуш айласы кетип...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Башка сандарда:
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 764-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 765-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 766-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры) 767-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 768-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 769-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры) 770-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 771-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 773-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 774-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 775-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 776-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 777-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 778-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 779-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 780-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 781-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 782-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 783-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 784-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 785-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 786-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 787-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 788-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 789-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 790-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 791-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 792-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 793-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 794-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 795-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 796-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 797-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 798-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 799-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 800-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 801-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 802-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 803-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 804-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 805-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 806-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 807-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 808-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 809-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 810-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 811-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 812-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 813-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 814-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 815-сан
«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал) 816-сан
Комментарийлер(14)
22.08.2017. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай болбосо экен деп жаттым эле.Эми не болот? Бечара...
22.08.2017. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коктейль кана
22.08.2017. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коктейль жокго админ
22.08.2017. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эмнеге дагы аз жаздынар? Дагы бир обзац кошуп койсонор сыянар тугоп калбаса керек эле
22.08.2017. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коктейль?
meku89 түзөттү 2017-08-22 09:27:02
22.08.2017. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коктейль жокко..
22.08.2017. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Арсен Ошто шаар аралап жүрүп жоголуп кеткен окшойт, бул санда коктейль чыкпаганына караганда)))
22.08.2017. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коктейлдин суроту чыкчы беле, же бул чыгармада ошондой каарман бар беле деп тушунбогонский. Дагы сериалынар бар беле)))
22.08.2017. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коктейлинин пачагы чыга туран болдуго.
22.08.2017. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
...
22.08.2017. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыын.Коктеейль жок ко?
23.08.2017. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коктейль чыктыго..турбайбы алдында бакырайып
23.08.2017. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
stervella415, каерде турат
23.08.2017. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коктейльди неге чыгарбадынар админ
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо