Ө.Бабанов: «ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТТИН АТЫ-ЖӨНҮ БАБАНОВ ӨМҮРБЕК БОЛОТ»

№772 18-24-август, 2017-ж.

«Мен БШК мүчөлөрүнөн ар бир талапкердин партиясына же тууганчылыгына карабай адилеттүү шайлоо өткөрүп берүңүздөрдү өтүнөм. Мен силерди ачык, таза жана калыс карайт деп ишенем. БШК мүчөлөрү тарыхта таза шайлоо өткөрүп, алтын тамгалар менен жазылып калышын каалаар элем. Кудай буюрса, шайлоодо жеңип, президенттик мандатты да сиздердин колуңуздардан алам»,- деди Өмүрбек Бабанов Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкердин күбөлүгүн алып жатып. Ал эми журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө «жеңиш биримдикте болгондордуку, ал эми утулуу талаш-тартыш менен жүргөндөрдүкү. Бүгүн кыргыз элим мандатка ээ болду деп айткым келет. Анткени талапкерлердин ичинен эң көп кол, 107 миң кол мага чогултулду» деди. «Эгер кайсы бир талапкерди шайлоодон четтетсе, анда ал бийликтин жеңилгени. Чиновниктер эмес, элибиз чечет өлкөнүн тагдырын. Адилет шайлоо болсо, биз жеңишке жетишебиз» деди Өмүрбек мырза. Журналисттин «сиз аз добуш менен жеңилип калсаңыз, элди көтөрүп чыгасызбы?» деген суроосуна «15-октябрда өлкөдө жаңы президент болот. Анын аты-жөнү Бабанов Өмүрбек болот» деп жыйынтыктады Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо