MEGACOM'ДОН «ЭЛДИК ОЮН» КЫЗЫКТУУ АКЦИЯСЫ ЫСЫК-КӨЛДӨ!

№772 18-24-август, 2017-ж.

Аптаптуу жайда, жаркыраган күнү көл жээгинде эс алууга эмне жетсин?! Буга кошумча MegaCom компаниясы өткөн жума бою мекенибиздин берметинин түндүк жана түштүк жээгинде эс алуучулар үчүн кызыктуу иш-чараларды, шайыр маанайдагы бийлерди жана көңүлдү көккө көтөргөн конкурстарды өткөрдү.

«Элдик оюн» акциясы көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан конкурстар, эң сонун байгелер жана «Эл эмне дейт?» теледолбоорунун мыкты алып баруучулары менен биргеликте шайыр маанай тартуулады. Эс алуучулар интерактивдүү конкурстарга катышып, көпчүлүккө өзүнүн күчүн, шамдагайлыгын жана тапкычтыгын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү болду. Иш-чаранын жеңүүчүлөрүнө MegaCom компаниясынан «алтын» жана «күмүш» категориясындагы номурлар, сувенирдик белектер, кол чатырлар, футболкалар, кепкалар, сааттар жана башка фирмалык белектер берилди. Башкы байгелер мобилдик байланыштын төртүнчү муундагы түйүнүн колдогон «Huawei» смартфондору болду. Айта кетсек, жакын арада «Элдик оюн» Талас, Чүй облустарында жана Бишкек шаарында өткөрүлмөкчү.

MegaCom мобилдик оператору абоненттерин кубантып салттуу акцияларды жана конкурстарды байма-бай өткөрүп келет. Компаниянын жаңылыктары, акциялары жана бонустары тууралуу кабардар болуп турууну кааласаңыз, компаниянын Facebook, Instagram, Twitter жана Odnoklassniki социалдык түйүндөрүндөгү баракчаларын жана megacom.kg расмий сайтын барактаңыз.
Мега-окуялардын борборунда болуңуз!


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо