«СЕБАТТЫН» БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ТҮРКИЯГА КИРГИЗИЛБЕЙ КАЛЫШЫ МҮМКҮН

№772 18-24-август, 2017-ж.

Себат» (азыр Кыргыз өлкөсүндө «Сапат» деп өзгөртүлгөн) билим берүү мекемелеринен билим алган кыргызстандыктар Түркиянын аймагына киргизилбей калышы мүмкүн. Мындай маалыматты 11-августта Түркиянын билим берүү министринин орун басары Орхан Эрдем Бурса шаарында өткөн TIKA уюмунун жыйынында билдирген. Түрк маалымат булактарынын маалымдашынча, Эрдем Кыргыз өлкөсүнөн барган окумуштууларга «Сапат» («Себат») террористтик уюм экенин эскерткен. «Туугандарыңарга, досторуңарга жана тааныштарыңарга айткыла, алар бул террористтик мектептерге барышпасын. Алар Түркияга келүүгө виза ала албай калышы мүмкүн»,- деп айткан Орхан Эрдем.
Кыргыз мамлекетинин билим берүү жана илим министринин орун басары Салидин Калдыбаев «түрк тараптын мындай билдирүүсү кыргыз бийлигине жана кыргыз коомчулугуна болгон кысым» дейт. «Сапат» («Себат») билим берүү мекемеси Кыргыз өлкөсүндө 1992-жылдан бери иштеп келүүдө. Андан бери 11 миңден ашык жарандар билим алышкан. Алар коомго жакшы пайдаларын тийгизүүдө. Биз бул мекемени террорчулукка барат деген ойдон алыспыз»,- деди Салидин Калдыбаев.
Коомчулукта "түрк бийлигинин расмий өкүлүнүн бул билдирүүсү ишке ашабы?" деген суроо талкууга алынууда. Саясий серепчилер «сууп турган кыргыз-түрк мамилеси бул кадамдан кийин дагы начарлашы мүмкүн» десе, айрымдар «Кыргыз өлкөсү эгемендүү мамлекет катары өзүнө ылайыктуу чечим чыгарыш керек» дешет . Эгер «Себаттын» бүтүрүүчүлөрү Түркияга киргизилбей турган болсо, анда аталган мектепти бүтүргөн, учурда өлкөдөгү алдыңкы ишкерлердин бир катары, маданий чөйрөнүн өкүлдөрү, Кыргыз өлкөсүнүн АКШдагы элчиси Кадыр Токтогулов өңдүү мамлекеттик жооптуу кызматты аркалап жүргөндөр Түркияга кире албай калышат. Айта кетсек, расмий Анкара 2016-жылы болуп, максатына жетпей калган Түркиядагы аскердик көтөрүлүштө диний аалым Фетхуллах Гүленди айыптап, ага таандык болгон «Хизмет» кыймылын террордук уюм деп тааныган. Ушул жылдын жазында эл аралык «Себат» билим берүү мекемелери Кыргызда «Сапат» деп өзгөртүлүп, аны башкарууда Билим берүү жана илим министрлигинин таасири күчөгөн.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо