№772 18-24-август, 2017-ж.
(Башталышы өткөн сандарда)
– Сен али менин ишеничиме кире элексиң.
– Келиңиз, ушул ишти чогуу жасайлы. Мен сизге ким экенимди далилдейин.
ххх
Кара түстөгү БМВ банктан чыккан инкассатордук унаанын артынан жөнөдү.
– Кеминде 100 миң доллар бар ичинде, сураштырып тактап койдум. Бирок унаа бекем корголгон. Ичинде автоматчан 2 жигит бар, сумкаларды көтөрө турган бирөө. Айдоочусу орус. Ооганстанда согушуп келген Юра деген неме,- Санжар БМВнын алдыңкы орундугунда сүйлөп баратты. Рулда Арсен.
– Буга алыбыз жетпейт, Санжар аке...
– Эмнеге?
– Бизде эмне курал бар? Эки тапанча, бир бита, анан бир тумшугу кесилген мылтык. Бул жерде болсо 2 автоматчан киши бар экен.
– Мен бита менен эле 5 миң доллар сындырган күндөрүм болгон. Башкысы, жакшы даярдансак эле.
– Башка жол керек. Тиги Юра деген орусту кайдан тааныйсыз?
– Бир досумдун коңшусу, ошол аркылуу тааныйм.
– Үй-бүлөсү бар бекен?
– Аялы каза болуп калган. Кыздарын Москвага кеткен деп уккам. Азыр өзү жалгыз жашайт болуш керек.
– Айдоочу унааны ачык таштап эшикке чыгышы зарыл, антпесе бул унаадан эч нерсе чыгара албайбыз. Юраны «ишке аралаш» деп көндүрүүгө болобу?
– Жок, досум сунуштап көрүптүр. Макул болбой койгон...
– Ага Лизаны жибериш керек,- Арсен чечкиндүү сүйлөдү.
ххх
Юра эч нерсени түшүнбөй калды. Кайдан-жайдан эле анын жашоосуна супсулуу болгон кыз кирип келди. Ал аны күтпөгөн. Жашоосунда согушту, өлүмдү көрүп, жакындарынан ажырап, өмүрүнүн жарымын жашап коюп жүрөгү таш болуп калган чакта бул сары чачтуу назик кыз анын жан дүйнөсүнө дүрбөлөң салды.
Бышылдап эч нерседен капарсыз уктап жаткан кызды карап бактысына ишенбей турду. Экөөнүн таанышканына аз эле болду. Бир кыргыз балдар буга тийишип сумкасын бербей жатышкан экен. Юра аларды ордуна коюп, бул сулууну сактап калган болчу. Кыз Бишкекте жашаарын айткан, бирок акыркы 3 күндөн бери «Юра, сенин жаныңдан чыккым келбей жатат, кетпей эле койсом окшойт» деп элжиретип жиберди. Юранын да кызды жанынан чыгаргысы жок. Таттуу кыялдарга батып уктап баратты. Кандай жагымдуу...
ххх
– Сен бүгүн жумуштан канчада келесиң?
– Күндөгүдөй эле сегизде.
– Эмне тамак жасап коёюн? Пельмен же борщ?
– Плов жасай аласыңбы?
– Ооба.
– Анда плов.
– Мейли,- Лиза чоп эттире Юраны бетинен өөп алды.
ххх
– Бүгүн биздин Юра башкача. Айтчы, картаң солдат, бирөөнү сүйүп калдыңбы?- инкассатордук унаанын ичинде автоматын бирөөгө жулдуруп ийбейин дегенсип бекем кармап бараткан жигит рулдагы Юрага кайрылды.
– Хе, эмне экен? Сүйүп калганга болбойбу мага?
– Оо, жакшы. Ким экен ал?
– Мен жеке жашоомду ачпаган кишимин.
– Башкаларга ачпай эле кой, бизге айт да,- унаадагылар шарактап күлүп калышты. Ушул учурда Юранын телефонуна чалуу келди.
– Алло, Юра, мен жинди эшикке азык-түлүк алганга чыгып ачкычты жоготуп жибердим. Эшикте шорта, майкачан 2 сааттан бери турам. Жаныңда үйдүн кошумча ачкычы жок беле?
– 2 сааттан бери турасыңбы?
– Ооба.
– Азыр баратып таштай кетем. 10 мүнөт,- Юра телефонун коё сала башка көчөгө унааны бурду.
– Эй, сен кайда?
– Жигиттер, кап этпегиле. Менин сүйлөшкөн кызым ачкычын жоготуп алып эшикте калыптыр. Билесиңер го, менин үйүм анча деле алыс эмес. Таштай кетеличи?
– Эй, Юра, анткенге болбойт да. Бул жерде эмне деген акча бар?
– Аман, ушуга толтура акча жүктөп алып эле ар кайсы жерден токтоп самса жеп жүрчү эмес белек. 5 эле мүнөт...
ххх
ххх
(Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |