Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Гүлнур Асанова, ырчы, актриса: «ЖАН ШЕРИК ТАНДООДО АДАШПАСАМ ЭКЕН ДЕП ТИЛЕНЧҮМҮН, БИРОК ЖАҢЫЛДЫМ»

№773 25-31-август, 2017-ж.

Токтоо, ойлонуп сүйлөгөн, шапар тээп ашыкча көңүл ачканды жактырбаган маектешим Гүлнур Асанова эл арасына ырчы, дастанчы, актриса катары белгилүү. Бүгүн каарманымдын дүйнөсүнө сапар алып, бир топ кызыктарга күбө болдук.

«БАЛАЛЫКТАГЫ ОЮНЧУКТАРЫБЫЗ ЫЛАЙ, ЧӨП-ЧАР ЭЛЕ»

– Мен Аксы районундагы Кербен айылында төрөлгөм. 6 жашка чейин ошол айылда болуп, балалыгымдын алгачкы жылдары өттү. Ал кездеги кызыктуу окуяларымдын көбү унутулуп калды. Бирок бир билгеним, эркек балдар менен ойночумун. Биздин учурда азыркыдай уюлдук телефон, компьютер дегендер жок болчу. Негизги оюнчуктарыбыз ылай, чөп-чар болуп, тамак жасап, чаңга оонап эле жүрчүбүз. Бир жолу Анюта деген орус кыз менен оюн учурунда уруша кетип, менин бетимди тытып алган. Азыр ал кошуналарымдын бирин да билбейм, өзгөрүшсө керек. Анан Таш-Көмүр шаарына көчүп келип, мектеп босогосун аттадым. Мектепте алдыңкы окуучулардан болдум. 11-классты аяктаганча кароо-сынактарга катышып, дайыма биринчиликти алып жүрдүм.

«АТА ДЕГЕН КИМ, АНЫН МЭЭРИМИ, ТАРБИЯСЫ КАНДАЙ БОЛОТ БИЛБЕЙМ»

– Үйдө 3 бир тууганбыз. Айнур эжем жана Алмаз аттуу агам бар, мен кенжесимин. Колдоочум – апам, мүнөзүм да апамдыкындай. Ал эми сырдашым, курбум эжем. Агам бизди кичинебизден катуу кармагандыктан, аны менен көп сүйлөшө албайм, агалык сүрү бар. Атам тууралуу эч нерсе деле билбейм. Себеби мен төрөлгөндө ата-энем эки башка жолго түшүшкөн. Болгон мээримди, тарбияны энеден гана алдым. Ата деген ким, ал кандай адам? Анын мээрими, тарбиясы кандай экенин билбейм. Ал кишиден моралдык да, материалдык да жардам болгон эмес. Балким, атанын тарбиясын алсам башкача инсан болмокмун. Агам менен эжем кабарлашып акыбалын сурап турушат. Мен 2-3 жыл мурда сүйлөшкөм. Орус мүнөз болгондуктан, ачылып деле сүйлөшө албадык. Азыр анын башка бүлөсү, балдары бар, аман болсун деп коём.

«ЭЖЕМДИН АРКАСЫ МЕНЕН 2 ЖОГОРКУ БИЛИМГЕ ЭЭ БОЛДУМ»

– Орто мектепти аяктап, 3-курска чейин Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтунда, андан кийин К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын салттуу музыка бөлүмүнө которулуп, ошол жактан окуумду уланткам. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында экономика багытында магистрлик билим да алдым. Экинчи ирет жогорку билим алуума бир тууган эжем себеп болгон. Анткени мен окууга келгенде эжем К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин банктык иш бөлүмүнө тапшырткан эле. Искусство институтунда окугандыгыма байланыштуу ал жакка барбай койгом. Ошондо эжем «окубай койдуң, чыгармачылыкта ийгилик деле жаратпайсың» деп капа болгон. Чет жерлерге чыгып, кыргыздын желегин желбиретип калганымда ыраазы болуп, жакшы пикирин билдирди. Ошентип эжеме күтүүсүз белек кылайын деп магистрлик билимди экономика тармагынан алдым. Чынын айтканда, акча менен бүтүрүп алам деген ишеничте тапшыргам, бирок акча жардам берген жок. Уяттын күчү менен күндө сабакка барып, практикада жүрүп магистрликти жактадым.

«БАКТИЯРДЫН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ ЫРААЗЫМЫН, АЛАРГА ЖАКШЫЛЫК КААЛАЙМ»

– 29 жашка чейин үй-бүлө куруу деген темага кылдаттык менен мамиле жасадым. "Жан шеригимди тандоодон адашпасам экен" деп тиленчүмүн. Тилекке каршы, жаңылыштым. Бактияр экөөбүз кайчы жолго түшкөнүбүздөн кийин элдер ар кандай жомокторду токуду. Ар ким өз деңгээлине жараша кабыл алат деп, көңүл бурган жокмун. «Ажырашуунун себеби эмнеде?» дегендерге, болгону ортодо түшүнбөстүктөр болду. Жеке жашоом болгондон кийин ал нерсе мага эле тиешелүү. Ошондуктан бүгүн мен, эртең Бактияр сыртка чыгарып сериал болушун каалабайм. Эң негизгиси урушпай-талашпай бир чечимге келдик. Бактиярдын ата-энесине ыраазымын, аларга ден соолук, жакшылык каалайм, аябай жакшы адамдар. Бактиярдын бир тууган эжеси өтө даанышман аял экен, «эки дүйнө бактылуулук каалайм» деп, жакшы сөзүн айтты. Бактияр дагы «өтө жакшы адамсың, сенин бактылуу болушуң үчүн дуба кылам, сенде жакшылыктар болсун» деген билдирүү жазган. Мен дагы Бактиярга ошону каалайм, аны жакшы же жаман деп ооз ачпайм.

«ЖАРАШЫП КАЛАБЫЗБЫ ДЕГЕН ОЙ БОЛГОН...»

– Ажырашуу мага оңойго турган жок. Башымдан өткөн окуядан кийин депрессия болуп ооруканага жатып калдым. Дарыланып жатканда телефонумду өчүргөн элем. 20 күн аралыгында эч кимге үн катпагандыктан, элдер мени күнөөлүү кылып чыга келишти. Биринчиден, баарына жооп берип, жалпыга маалымат бергенге үлгүргөн жокмун. Экинчиден, ажырашып кетиптир деген кабардын дароо эле калк арасына тарап кетишин каалаган жокмун. Анткени бири-бирибизди кечиришип, жарашып калабызбы деген ой болгон. Тагдыр экен, андай болбоду. Ооруканадан чыккандан кийин Сары-Челекке барып, өзүмдү алаксыттым. Азыр деле толук өзүмө келдим деп айта албайм (каарманым жашып кетти).

«2 ЖЫЛ ЧОГУЛТКАН КАРАЖАТЫМА ЖАКЫНДА ЭЛЕ УНАА АЛДЫМ»

– 2009-жылдан тарта унаага отуруп, руль башкарып калдым. Эң алгач Audi A6 үлгүсүндөгү унаа алып, айдаганды үйрөнгөм. Биринчи руль башкарганым эсимден кетпейт. Буттарымды калтырак басып, үйрөтүп жаткан кишинин сөзүн укпай эле коркуу сезимине алдыргам. Акыркы 2 жылда коомдук транспорттун кызматын пайдаландым. Жакшы үлгүдөгү унаа алайын деп акча топтоп жүргөм. Жетиштүү каражат топтоп, жакында эле бешинчи унаамды – Лексус GX470 алдым. Эл оозунда элек жок да, «баягы калыңга деп берген акчага алыптыр» деген сөздөрдү чыгарып жиберишти. Бирок мен Бактиярдын ата-энеси берген калыңды, кулагыма салган сөйкөгө чейин кайтарып бергем. Бирөөнүн акчасын, буюмун пайдаланып калайын деген ниетим болгон жок.

Бактыгүл Момбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg
Көйнөк: ISABEL GARCIA


Гүлнур Асанова: "Мага берген калыңды, салган сөйкөнү кайтарып бердим"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(69)
29.08.2017. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Коруп алып ыйлагым келип кетти, маек берип буткучо козуно жаш алып жаттыго, мындан ары бактылуу болсун, азыр ар бир эки адамдын бири ажырашып жататко ырчылар эле эмес, башына келишсе не кылышсын жашайм деген кундо да экинчи тарап жашабай жатса, ырчылар эле деп туруп каласынарда алар деле бизге окшош адам
29.08.2017. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
azusha2017,ырчылар бизге окшош адам тургай, бизден дагы ойдо турат. Эл козундо жургон, белгилуу адамдар болгону учун соз кылып атабыз да. Экообузду эч ким соз кылбай эле да.
29.08.2017. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаны эле баш кошушту да жакшы жаманды билишелекте мен де бир ой келди ошон учун го деп атам
29.08.2017. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куйоосу созуно туруш керек болчу. Кантсе дагы эркек да.
29.08.2017. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтканын туура болсо ажырашчудай деле эмнс экен.бут эле жакшы тиги деле жакшы бу деле жакшы.демек баары начар.
04.09.2017. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Truelensk, Ажырашса начар да! Же Айжамалдай баарын жамандасынбы, озун актап? Ошол Кабылованын интервьюларын дагы дагы окуп жата бер анда! Гулнур аябай акылдуу, тартиптуу кыз экен корсотту. Тагдыр экен, эки жолго туштук деди, болду. Жолдошум да, мен да бактылуу бололу деди. Айтканы келсин. Эмне болсо да бактылуу болушсун.
29.08.2017. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бироонун жашоосу менен эмне ишинер бар.эртен не болорун ким билет.ком.рий жазгандардын телегейи тегиздей го
29.08.2017. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабыр . Сабыр жана сабыр каалайым
29.08.2017. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол тарапка не издеп барышат билбейм
30.08.2017. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гульнур сен созсуз бактылуу болосун:) абдан таланттуу кыз
30.08.2017. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Мен ойлоп койдум аталык мээрим албадым дедиго ошого кайнатасы куйоосу эркекче суйлоп койсо туруштук бербеди эркекке эркекче жооп бериш керек
30.08.2017. 04:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ортолорунда эмне болгонуну жалгыз Алла билет териштирген чактада кызыксанарда айтпайтда...
30.08.2017. 04:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындан наркы жашоосуна ийгилик!!!
30.08.2017. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
"Егиздер тагдыры" деген киносунда жыланач ойногон жери баргоо бул кыздын.
30.08.2017. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
'Келин жаман эмес, барган жери жаман' деген соз барго кыргызымда
Медиа-портал
30.08.2017. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гульнур менен АУПКРде магистратурада чогуу окуп жакындан билип калдым. Шайыр, адамгерчилиги, мамилеси жогору, аябай жонокой кыз. Анын жонокойлугун аябай баалайм. Гульнур, жанылбаган жаак, мудурулбогон туяк болбойт. Жашсын буйруса баары алдыда. Капаланба баары жакшы. Аллахым буйрусу созсуз оз бактыны табасын.
30.08.2017. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гулнур карындашым каарып кетипсинго!!!бактылуу бол
30.08.2017. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kayrat1985,
31.08.2017. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
kayrat1985,Айланайыын Кандай гана журоко тие турган соз жазасыз,каарыбайле 1жакшына турбайбы?
Модератор admin_media түзөттү 2017-08-31 14:54:15
30.08.2017. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Орус мектепте окуп,Орус мунозмун дегенди бул да кыпчып кетиптир
30.08.2017. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кандай болсо да Бактиярга"эрке балага"(тамада) бул Гулнурдун күйөөсү эле деген сөз жармашты да калды
31.08.2017. 07:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Гулнур алга! Тагдырдын сыноосуна сынба. Сени мен абдан баалайым. Анан чачыны кырктырба, стилини өзгөртпө. Сенин жөнөкөйлүгүн жагат. Ушунуңдан жазбагын. Ал эми жеке жашооно бакыт гана каалаймын.
akbulut түзөттү 2017-08-31 07:58:55
01.09.2017. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
akbulut,чачыны эмес чачынды,стилини эмес стилинди!
31.08.2017. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Baha inim kaygirba. Sen Akilduu Balasin.en ele tuura kilipsin. Sen akilduu balasin. Chokpo ech kachan. ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-08-31 12:51:19
31.08.2017. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ар бир адамдын жашоосу озуно гана белгилуу экоонор тен кудай кошкону менен бактылуу болгула
31.08.2017. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ажырашу ар кимдин башына ар кандай келет экен. Мурда ажырашыптыр деген созду уксам башы иштебеген айбандар деп согунуп калчуумун.бирок ошондой жолго барганга аргасыз болуп калганда тушунот экенсин.ата энен бир тугандарын бир тарап,келинчегин бир тарап болуп калса ортодо бир чечимге келиш керек болуп калат экен.
31.08.2017. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кимдин кандай иши бар...бар бол бактылуу бол..
31.08.2017. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эл журт зерикпей жаман оюнарды жазасынар аа. Тан бердим.мен окуп буткучо зеригем. Окуп бутуп башка темага отом дегендей.. Билбейм не пайда табасынар безилдеп...
01.09.2017. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Номерин билгендер жазгылачы личкага
01.09.2017. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гүлнур сен бактылуу болууга татыктуусун.Алдыда жакшы күндөрдүн баары.
01.09.2017. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келечекте татыктуу омурлук жарга туш кылсын!
02.09.2017. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен жаны кыз узатуу репортажындагы суротторуно жазган коментим бар мен жазгандай эле болуп,жаль может кайра табышып каласынар бири биринерди тушунуп каласфнар деп ойлойм,тилейм сен бактылуу болууга тийиштуусун!но бир чети кызык болтат эмнеге 1 ай жашап эле ажырашып кеткени,может Бактиярдын мурун семьясы болгондур
02.09.2017. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күйөөсүнүн логинин бергилечи билгендер, инстадагы
04.09.2017. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман болуптур. Дунгурото той берип алып эки жолго тушупсунор. Элдин назары жаман болот экен. Коз тийгенго силерге. Балким жарашып калаарсынар
Бактылуу болгула. Элдин козунон сактангыла!
04.09.2017. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aygul777,болтат эмес болуп жатат же болуп кетти
05.09.2017. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
u.n.m, Erika 16 jaziptir go boltat dep.
04.09.2017. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз болгондон кийин кыргызча так суйлогонду, жазганды уйронолучу
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо