ЫРЧЫЛАРДЫ АРБАП АЛГАН БИЙЧИ КЫЗДАР

№773 25-31-август, 2017-ж.

Байкасаңыз, шоу-чөйрөсүндө чимириле бийлеген бийкечтердин чырайына арбалып үй-бүлө курган жигиттерибиз арбын. Атактуу жигиттер алардын торуна кантип түшүп калышты экен, чогуу билели.

Добр, рэп ырчысы: "ЖИБЕКТИН БИЙЧИ ЭКЕНИН БИЛЧҮ ЭМЕСМИН"

Тизмегибиздеги биринчи мырза рэп ырчысы Добр, ал хореограф кесибин аркалаган Жибек аттуу кызга баш кошкон. Түгөйлөрдүн баш кошконуна 2 жыл болуп, алар Азирет аттуу уулду тарбиялап жатышат.
– Жубайым экөөбүз таанышканда анын бийчи экенин билген эмесмин. Кызыгы, мен дайыма клиптериме тартып жүргөн "Береке" бий ансамблинде хореограф болуп эмгектенчү экен. Аны сахна артында учуратпаганымдын себеби, ал мен ырдап чыккыча бийчиликти таштап, убактылуу Түркияга кеткен экен. Ошол бойдон ал кесибине кайткан жок. Азыр үйдө бийлеп калат. Жибек сахнага чыгам, кайра бийлейм десе каршы болбойм. Болгону учурда жаш балабыз менен убара болуп үйдө отурган кези.

Самат Муратбеков, "Жебе" тобунун ырчысы: «КЕЛИНЧЕГИМДИН БИЙЛЕГЕНИН КӨРҮП ЖАКТЫРЫП КАЛГАМ»

Бийчи кыздын колуна нике шакегин таккан ырчылардын катарын "Жебе" тобунун мүчөсү Самат Муратбеков толуктайт. Жубайлардын баш кошконуна 2 жыл болуп, алар Жанель аттуу кызынын кыялына балкып турган чактары.
– Жылдызды мен иштеген кафеге келгенде көргөм. Ырдап жатып кардарларды бийге чакырсам, ал дагы чыгып бийледи эле, карап отуруп жактырып калгам. Таанышкан соң экөөбүз 7 ай кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Анан Жылдызга казак жигит тараптан куда түшүп, "көнбөсө, ала качабыз" деген кеп болуп жатканын укканымда дароо үйлөнөм деп чечтим. Эң коркконум Кенже эже болчу, оюмда аны каршы чыкса керек дегем. Ага айтсам, "балам, сени кармабайм, эгер бул чечимди ойлонуп кабыл алсаң, анда туура кылыптырсың" деп колдоо сөздөрүн айтты. Ошондон кийин гана ата-энеме үйлөнөрүм тууралуу кабарладым. Алар "Кенже эжең эмне дейт?" дешти, "сүйлөшүп койгом" десем, "Баарын жайгарган экенсиң. Жигит үйлөнөм дегенде кармабаш керек" деп батасын беришкен.
Жылдыз мурун "Таттуу" деген бий тобунда бийлечү эле. Турмушка чыккан соң Кеминдеги мектепте бийден сабак берип жүрдү. Кийин кызыбыз төрөлүп, үйдө отуруп калды. Мындан ары бий менен алектенбесе керек, себеби башка кесипти аркалоого даярданып жатат. Бирок үйдө музыка жаңырса бир ордунда турбай калат, аны көргөн кызым дагы бийлеп баштайт.

Аксай Мукамбет уулу, "Музаман" тобунун ырчысы: "ЖУБАЙЫМ БИЙЛЕП ЧЫГАМ ДЕЙТ, МЕН АЗЫРЫНЧА ТЫЙЫП ТУРАМ"

Кезектеги бийчи кыздын "кылтагына" илинген атактуу мырза "Музаман" тобунун мүчөсү Аксай. Ушул тапта жубайлар 2 жаштагы кызын тарбиялап жатышкан кези.
– Жубайымдын аты Айчүрөк, экөөбүз студент кезде таанышканбыз. Мен анда 2-курстун студентимин, Айчүрөк мен окуган окуу жайдын хореография факультетине студент болуп келди. Бийчи болуп, тыпылдап жүрсө дароо эле жактырып калгам. Артынан белек-бечкектин түрүн көтөрүп көп эле чуркап жүрдүм. Акыры кыз-жигит болуп сүйлөшө баштадык. Экөөбүз баш кошкуча мен ырдап чыктым, ал дагы "Керемет", "Назик" сыяктуу бий ансамблдеринин курамында бийлеп сахнага чыгып жүрдү, кыскасы, 3 жыл өттү.
Келинчегим али жаш, ушул бойдон бийлебей калышы керек эмес. Өзү деле "сахнада бийлегим келет" деп айтып жүрөт. Мен "азырынча кызыбыз чоңоё элек, коё тур, аны бала бакчага берген соң бийлеп чыксаң болот" деп тыйып турам.
Бийчи кыздарга багынган атактуулардын катарында ырчы Гүлжигит Калыков, клипмейкер Мирлан Саткымбаев дагы бар. Бул тизмек али толукталышы мүмкүн, себеби учурда ырчы жигиттерди жандап жүргөн бийчи кыздар жок эмес.

Нуркыз Курманбек кызы
(Сүрөттөр каармандардын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
29.08.2017. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы))
29.08.2017. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
дабрдын 2чи аялыбы же адаштымбы жылдызай дегенге уйлонду беле
29.08.2017. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
laosy,оа экинчиси
30.08.2017. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саматтын кызы мынча ширин кыз.
01.09.2017. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Добр Аксай ырдатпай бийлетпей эле койгула.аял киши эне деген наамды алдыбы уйдо бала тарбиялап отурсун
02.09.2017. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ulik.uma04,Акылдуу кенешинизди озунузго сактап коюун керегинизге жаратасыз
03.09.2017. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Zinazima, жардыныз))
01.09.2017. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саматтын аялы чон корунот экен,канчанчы жылкы болду экен
04.09.2017. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Баястанчы)
04.09.2017. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Гулжигит кызык болду эле,каап интервью албапсынарда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо