Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АБДУМАЛИК ШЕРМАТОВ АЛДАМЧЫЛЫККА ШЕКТЕЛИП КАРМАЛДЫ

№773 25-31-август, 2017-ж.

Белгилүү ырчы Абдумалик Шерматов 15-август күнү милиция кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелип кармалды. Милицияга арыз менен кайрылган жабырлануучу эки жылдан бери карызын кайтарып ала албай жүргөнүн айтса, бул ишти ырчынын жакындары куру
доомат дешүүдө.

"АЛДАМЧЫЛЫК БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛГОН"

Окуя боюнча Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын башчысы Адыл Оморов буларды айтты:
– Үстүбүздөгү жылдын 22-майында Бишкек шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арызда 2015-жылы Абдумалик Шерматов аттуу жаран жабырлануучунун ишенимине кирип, концерт уюштуруу үчүн деп 690 миң сом карызга алып, ушул күнгө чейин бербей жүргөнү айтылган. Анын арызынын негизинде териштирүү иштери жүргүзүлүп, 2-июлда Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча иш козголгон. Шектүү жаран 15-август күнү кармалып, соттун чечими менен тергөө абагына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

"АКЧАМДЫ КАЙТАРСА, ТОСМО АРЫЗ ЖАЗЫП БЕРГЕНГЕ ДАЯРМЫН"

Абдумалик Шерматовдун үстүнөн арыз жазган адам атын атагысы келбеди. Ал шектүү менен 2011-2015-жылдары тыгыз байланышта болгонун билдирди. Ал Абдумалик Шерматовдун үстүнөн өзүнөн башка дагы 5 жаран арыз жазганын айтты:
– Абдумалик Шерматов 2015-жылы 50 жылдык мааракесин өткөргөнү жатканын айтып, менден карызга акча сураган. Улам бөлүп-жарып отуруп, баш-аягы 800 миң сомдой акча алып, "дароо кайтарам" деп убада берген. Бирок кийин айткан сөзүнө турбай, телефонун албай, изин суутуп качып кеткенинен айла жок, милицияга кайрылууга туура келди. Менден башка дагы 5 адам Шерматовдун үстүнөн алдамчылык фактысы менен арыз жазышкан. Ага жамандык каалап, каматып жиберейин деген деле оюм жок. Болгону өзүмө тиешелүү акчаны өндүрүп алайын деп жатам. Учурда мага Абдумаликтин алысыраак тууганы келип, тосмо арыз жазып берүүмдү суранып жатат. Акчамды толугу менен кайтарып беришсе, тосмо арыз жазып берүүгө даярмын.
Шерматов учурда эки көзү көрбөгөн, эки балалуу, никеси бар Айнагүл Абасова деген келин менен жашап, анын майыптыгынан пайдаланып, кайрымдуулук концерттерин өткөрүү менен акча жасап, келинди алдап жүрөт. Айнагүлдүн жолдошу Темиркул аялын кайтарып аларына көзү жетпесе да, балдарын көрүүгө эки көзү төрт. Айласы кеткен ал кимге кайрыларын билбей менден жардам сурады. Азыр ага укугун коргоп, расмий никелешкен аялынан балдарын алып бере турган жакшы юрист керек.

"ЖАКЫНДА АКТАЛЫП ЧЫГАТ ДЕГЕН ЖАКШЫ ЖАҢЫЛЫК КҮТҮП ОТУРАМ"

Аты аталган Айнагүл Абасовага байланыштуу кептин чын-бышыгын билүү максатында ага байланыштык:
– Көзү көрбөгөн адамдын жашоосу кандай кыйын болорун сөз менен айтып жеткире албайм. 24 жашка чыкканда жолдошум менен таанышып, 1 ай сүйлөшкөн соң баш коштук. Экөөбүз Шамалды-Сай шаарчасында бир кампада жашап калдык, бир уул, бир кыздуу болдук. 2016-жылы 11-мартта Маданият үйүндө элдик таланттардын музыкалык кароо-сынагы болуп, ал жерге ырдайын деп бардым. Ошол жерден Абдумалик агай менен таанышкам. Агайдан колдоо сурадым, ошондон баштап "ырдасаң жардамдашам" деп мени райондук, облустук сынактарга алып барып жүрдү.
Мени колдоо максатында 2016-жылдын декабрь айында Бишкекте кайрымдуулук концертин өткөрдүк, бирок ал жактан каражат түшкөн жок. Бул убакытта жолдошум жанымда жүрдү, бирок арак иче баштаганынан Абдумалик агай "Арак ичкенди коюп үй-бүлөңдү бакпайсыңбы?!" деп урушуп, экөө айтыша кетишкен. Жолдошум ошондо айылга кетип калды. Андан кийин телефон аркылуу сүйлөшүп турчубуз.
Биз Аксы районун кыдырып мектептерге концерт бере баштадык. Эл айтып жаткандай, агай менин акчамды алдап алган жок. Ар бир сомуна чейин "мынча сом бензинге кетти, бул суммага муну кылдым" деп айтып турчу. Анын үстүнө концерт койгон топто канча адам иштейт, алардын жеп-ичкени, жаткан-турганына, иштеген акысына акча кетет да. Ошентип чогулткан каражатыбызга 2017-жылдын январь айында Кара-Балта шаарынан 3 бөлмөлүү батирди жарым акчасын берип сатып алдык. Көзүм көрбөсө, мага дайыма колдоо керек да, ал жардамды мага агай көрсөтчү. Уулум 6 жашта, кызым 1,5 жашта, учурда экөө тең сыркоолоп, дары берип каралашкан киши жок кыйналып жатам.
Күнүмдүк тамак-ашка концерттен эле акча табабыз да, 14-август күнү Бишкектин четиндеги Таш-Дөбө айылына (Воронцовка) барып, эртеси концерт берели деп сүйлөшүп жаңы эле келген Абдумалик агайды милиция кызматкерлери кармап кетишти. Агай антип алдачу адам эмес, ага курулай доомат коюп жатышат. Жакында чыгат, акталат деген жакшы жаңылык күтүп жатам.

"БАЛДАРЫМДЫ САГЫНЫП, КУСА БОЛДУМ"

Айнагүл Абасованын жолдошу Темиркул Асеков келинчегинин бул кылыгына нааразы экенин билдирип, "жок дегенде балдарды кайтарып алсам" дейт:
– Жубайым былтыр Абдумалик Шерматовдун таланттарды тандоо сынагына катышып, ырдап калды. Келинчегимдин көзү азиз болгондуктан, аны коштоп жүрүү үчүн алардын жанында болдум. Шерматовдун Бишкекте үйү бар деп ойлогонбуз, көрсө, андай эмес экен. Ошентип жайдын күнү балдар менен ээрчишип алып Шерматовдун унаасында жана көчөдө жалпысынан 1,5 ай жашадык. Концерт, той-топурларга катышып жүргөн алардын ишинен улам ортодо пикир келишпестиктер жаралып, Шерматов мени урушуп, сөгө баштады. Башында унчукпай жүрдүм, анан чыдамым кеткенде үйгө жеткирип коюусун сурангам. Ошентип, былтыркы жылдан бери үй-бүлөмдү көрө элекмин.
Кайрымдуулукка деп мурда эле банктан эсеп ачкан болчубуз. Ал жерде элден чогулган үй алабыз деген
400 миң сом акчабыз бар эле. Кийин сураштырсам, ал банктык эсепти да Бишкекке которуп кетишиптир. Мага кийин кайра "алып кетели, биз менен чогуу жүр" деп келишти. Бирок мен баргым келген жок. Азыр Айнагүл "мурда мени ичип келип урчу" деп айтып жатат. Мен анын чекесине чертчү эмесмин. Абдумалик менин көзү көрбөгөн аялымды акча табуу үчүн пайдаланып, мени үй-бүлөсүз калтырды.
Азыр эми эки бала көзү көрбөгөн апасы менен кандай турмуш көрүп жатышат деп кейийм. Аларды эптеп өзүмө алдыртып алсам бир туугандарым багып каралашат эле. Бала-чакамды сагынып, кыйналып кеттим.

"Абдумалик агай концерттерден түшкөн акчаны кайда коротконун айтып турчу".


Алтынай Тынышова,
Асыл Орозбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(20)
29.08.2017. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айласы куруган Абдымалик десе. Акча десе көзү азизди да пайдаланыптыр да.
29.08.2017. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+35
Кыргыздын жигиттери кайда калды??? Козу азиз аялына эки баласын таштап, еще и болок эркектердин арасында калтырып кетип, эми болсо менин уйбуломду бузду деп. Эээк силерди, тфуу деп басып кеткин келет, эркек сорой иштеп багат да уйбулону, айылга барып жатып алып анан акча барле тиги бу дебей..
29.08.2017. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Башка эркек аялын,балдарын нан таап жесин деп ары бери суйроп журсо,сен не карап турдун тамашакой болуп?! Ажырашып кетпеген болсон,сот балдарынды корсотпойбуз дебеген болсо,балдарымды сагындым деп тантырабай барсан болбойбу?! Озу кампада жашайт экенсинер,дайындуу ишин жок болсо,сенде кайдагы 400мин сом. Арыз жазган адам акча ондуром десе сен дагы кошула калыпсында 400мин ондуро калайын деп. Эркектерде намыс деле калбаптыр озу Кудайдан корксонор боло. Куру доомат бул,мен ишенбейм. Азыркы заманда
AykaMer түзөттү 2017-08-29 11:43:24
31.08.2017. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
AykaMer, туура айтасыз, 100% кошулам,озу кампада жашашкан болсо, бала-чакасын деле жондоп бага албаса керек жолдош соройу. Абдумалик бироого жардам кылам деп кур дооматка жаткандай, анткени батирдин жарым акчасын тогуп алып бериптир го, жарымын бара-бара концерт уюштуруп тогом десе керек да. Концерт уюштуруп ошол батирди алып берди да Абдумалик Шерматов, аялымды пайдаланып деп, батиринин акчасын токпой качып кетпептир го
29.08.2017. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Абдималик байке батир алып бериптир го дагы эмне кылыш керек эле .
29.08.2017. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Амалдуудан айла качып кутулбайт деген ушул турбайбы. Бирөөнүн акчасын алдап алса эч качан аш болбойт.
29.08.2017. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кайра кайтарып бере алам деп ойлогондурда. Кийин иши журушпой калгандыр. Ким билет дагы.
29.08.2017. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Абдумалик...
бул киши ушундай киши,карап туруп алданып каласын)))
29.08.2017. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Абдымалик мурда дагы алдамчыдык менен кармалган. Ишеничтен кеткен адам
29.08.2017. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аялы жакпай калды. Калп суйлоптур, мурдагы интервюсунда бактылуу жашайбыз деп эми буга азгырылып дагы башкача суйлоп
29.08.2017. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Janna07, кош бойлуу экен го анысы эми
29.08.2017. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ишенген жокмун бул аял менен жашабайт го Бир жолу ырчы а я л менен жашап журбоду беле эмне боду экен
29.08.2017. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудай сактасын!!!Бу Шерматовдорго эмне болду?Башында кызы Малика бироолорду алдап милицияга кармалса эми минтип атасы....((((
30.08.2017. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Абдумалик ошондой адам экендигине 100% ишенем.Анткени менин да синдимди концерттеринде бийлетип,сени жылдыз кыламын,бийчи болосун деп гостролдоп ээрчитип журуп,гострол аяктап калганда болбогон эле шылтоо менен договор кылган акчасын да бербей,болду анда кетебер деп койгон.ал кылыгына мен озум кубо болгом. Эгер Абдумалик ушуну окуса эсине тушсо керек,аа ошенткем а деп.
31.08.2017. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ay jenekem ay eki balani atasiz kilip japjakwinakay kuyoonuzdu tawtap.... Ayal degen estuu bolchu ele go... Shorduu ekensiz go. Kozunuz kor emey kokurogunuz kor eken go...
05.09.2017. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Негизи биз коруп эле жургонбуз Темике аялын жакшы карачу Айнагул туура эмес кылдын Абдумалик шайтан бироонун жашоосун бузду
05.09.2017. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айнагул эки суйлоптур
05.09.2017. 03:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироону
05.09.2017. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироону жамандаштанда коркосун,бирок Абдумаликти бир эжемдин тоюнда тамада катары чакырганда,кууратып кеткен,жана бизде кудаалар бийлешетко той башында,туугандары акча кыстарат,ошол акчалардын баарын топтоп,сюрпризге деп да акча алып,оюн уюштурганда эмес,той ээлери эстери ооп эле калган вообще жузу жок киши экен деп.
19.09.2017. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба биздин айылга(айылдын атын айтпай эле коеюн)концерт коюп мектептерден бери кыдырып талантуу адамдарды топтоп мектепте да билет платный болчу.Биздин айылда 5мектеп бар баары кыдырып жакшы ырдагандарды топтоп.Клубга концерт коюп анысы да платный типа конкурс уюштуруп,1местаны алган адамга 5000сом дагы белектер бар деп айткан эле.Концерт буткондон кийин Абдумаликти таппай калганбыз...Жакпайт ошондон кийин.Коп деле акча таппаса керек..Не мындай кылды тушунбойм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо