КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал)

№773 25-31-август, 2017-ж.

(Башталышы өткөн сандарда)

– Ал жакка эмнеге бардыңар эле?- жаш сержант дал болуп отурган толмоч жигиттен сурады.
– Юра сүйлөшүп жүргөн кызына ачкычты таштайм деп бурулган.
– Тааныйсыңбы Юранын сүйлөшкөн кызын?
– Жок.
– Көрдүңбү аны?
– Көрдүм, бирок алысыраактан, анын үстүнө чачы жүзүн жаап турган. Сары чачтуу, узун бойлуу кыз болчу.
– Коңшулары да таанышпайт экен. "Сары чачтуу кыз жүргөн" дешет. Башка эч нерсе айтышкан жок. Деги окуя кандай болду?
– Биз эч нерсени түшүнбөй калдык. Унаанын алдында Замир отурган. Юра сыртка чыкканда ал терезесин түшүрүп бир нерсе сүйлөп жаткан. Капыстан эле башына тапанча такап калды бирөө. Биз унаанын артында болгондуктан дароо ортодогу кичинекей терезени жаба калдык. Башкысы, акчаны сакташ керек болчу да.
– Юрачы?
– Юраны байкабай калдык. Кийин чыкканда карасам, канжалап жатыптыр. Ал ачкычты берип жатканда эле атышкан окшойт. Балким, ошол сары чач кыз атты.
– Жок, атпаптыр. Катуу бир нерсе менен башына чапкан окшойт. Баш сөөгү сынып, дароо жан бериптир. Кызды жалгыз Юра тааныйт турбайбы, кашайгырдыкы десе. Эми аны кайдан табабыз? Баса, канча акча бар болчу дедиңер?
– 147 миң доллар.
Сержант таң калганын жашырбай ышкырып койду.

ххх

Бул күнү түн бир оокумда Санжардын батирине милициянын ыкчам тобу бастырып кирди. Санжар менен Нурдин 2 кыз менен эс алып отурушкан. Күтүшкөн эмес эле. Колдорун кайрып бөлүмгө алып барышты. Толтура адамды киргизип-чыгарып жатышыптыр.
– Начальник, эмне болду, түшүндүрүп койчу?- Санжар кадимки олуттуу калыбында суроо узатты, ыкчам топтун командирине.
– Анткорлонбочу, Саке. Инкассаторду тоногонуңду билбейт деп жатасыңбы?
– Хе, менби?
– Анан менби?
– Канча акча уурдадым, ошону айтып койчу?- Санжар чын дилинен каткырды.
– Кир, көп сүйлөбөй!- командир колу кишенделип турган Санжарды эки милиция кызматкери отурган бөлмөгө алып кирди.

ххх

– Санжар, биз шаарды тешип бүттүк. Шектин баары сага түшүп жатат. Өзүң билип эле моюнуңа алганың жакшы го.
– Эмнеге менден шектенип жатасыңар?
– Лиза Павлова деген сени менен жашаган кызбы?
– Ооба.
– Кайда ал?
– Курбусунукунда болсо керек, буту сынганда ошол жакка кеткен.
– Анткорлонбочу. Чогуу тоноого катышканын билем мен. Тиги орус чалдын башын айлантып койгон турбайбы. Биз азыр аны издеп жатабыз. Тапсак эле ишиң бүтөт.
– Апей, Лиза тоноптурбу? Кой, начальник, анын бир жумадан бери буту гипстелип төшөктө жатат мен билгенден.
– Каерде жатат?
– Көрсөтөйүнбү? Мен кечээ барып акча таштап келдим ага.
Санжар айткандай эле, Лиза жатаканадагы курбусунукунда буту гипстелип жатыптыр. Тергөөчүлөр кыздын жүдөмүш кейпин карап, дарыгердин бир жума мурун буту сынып түшкөнү боюнча билдирмесин окуп, кайсалактап туруп калышты. Рентген кагаздарында кыздын буту кыр сөөгүнөн чорт сынып кеткени даана көрүнүп турат.
– Орус кыз десе эле баягы Санжар калкалап жүргөн кыз дедиңер окшойт. Менин бул жерде тиешем жок. Билесиңер го, мен мыйзам бузбай калгам. Инкассаторду тоногон табышмактуу кызды башка жактан издегиле,- деди Санжар ишенимдүү.

ххх

Бегимайдын окуу жайга каттабай калганына көп болду. Ал түнкү жашоого биротоло көнүп алды. Түнкү клубдар, жаңы пайда болгон курбулар кыздын жан дүйнөсүн эле эмес, тышкы келбетин да өзгөртүп койгондой.
Күн өткөн сайын анын кийимдери ачыгыраак болуп баратат. Төшү жагжайган, этеги кыска жибек көйнөктөр кыздын чырайын ого бетер арттырып коёт. Ач карышкырдай тиктеген эркектерди сынай карап, ансайын теңсинбей калат Бегимай. "Мен силер үчүн өтө эле кымбатмын" дегендей карайт аларды. Аны козудай жоош кылып коё турган бир эле эркек бар, ал Болуш. Болуштун жанында Бегимай алсыз, бирок кумарлуу, бир эле учурда тентек, бир эле учурда жоош болуп чыга келет. Болгон аракети менен 50нүн кырына келип калган ушул эркекке жагууга жан үрөйт. Себеби Болушсуз ал эч ким эмес. Муну кыз жакшы түшүнөт.
Бүгүн да окуу жайына барбай койду, "андан көрө уйкумду кандырып, түш оой Болуштун келишине кам көрөйүн" деп ойлогон. Жылуу төшөктө жаткан убакта капыстан шарак этип эшик ачылды.
"Болуш келип калдыбы?" деп чочуп кетти. Ал аны бул жасанбаган кейпинде көрбөшү керек. Шапа-шуп ордунан тура калып күзгүгө карады. Чачтары саксайып, уйку көрбөгөн көздөрү кызарып, шишип калыптыр. Бирок бул Болуш эмес болчу...
– Сиз?..- чачын тысырайтып аркага байлаган, жашы өтсө да, мүчөсү келбеттүү Болуштун аялы Аруужанды Бегимай таң калып карап калды.
– Мен ушинтип келип калдым...- деди Аруужан салабаттуу.
– ...

– Күтпөсөң керек. Коркпо, мен сенин чачыңды жулуп, жулмалайын деген деле ниетим жок. Сойкуга кол тийгизгидей мен эмне арсыз аял белем? Мага айтып келишсе ишенбептирмин. Бүгүн атайын чыгынып абышкам бөпөлөп жаткан кайсы сойку болду экен деп көргөнгө келдим. Сен экенсиң да, көрсө. Мен сенин ушундай экениңди билгем. Үйгө Дуулат байкенин баласы менен келгениңде эле бир арзан адам экениң көзгө урунган. Бир чети ошол жигитти таштаганың ырас болуптур. Сен анын тырмагына да татыбайсың. Ал көзүндө оту бар жигит болчу. Сендей сойкудан арылганына сүйүнсүн. Сага эскертип коёюн, убакыт өтөт, сулуулук кетет, сен да карыйсың. Менин абышкам карыганда менин төрүмдө, менин балдарымдын төрүндө отурат. Сен талаада каласың! Сендейлер талаада калышы керек. Эч кимге керегиң жок болсун, ылайым. Өмүрү туубай кал, жакшылык көрбө. Азап көрүп жүрүп өт...- Аруужан эч бир эмоцияга алдырбай, кадимки калыбында Бегимайды каргап жатты. Кыз көзүн алайтып гана туруп берди. Оозунан сөз чыкчудай эмес. Аруужан жанына жакындап келгенде да дал болуп туруп берди.
– Көзүмө кара, түбүңө жетем сенин,- Аруужан колунда жанатан бери катып турган баштыктагы түшүнүксүз нерсени алып кыздын башынан ылдый чачып жиберди.
– А-аа...- кыз чочуп кетти. Бирок Аруужан чачкан нерсе кадимки эле боз топурак экен.
– Мүрзөнүн топурагы, каргыш тийгизе турган, окулган топурак,- Аруужан жанагындай эле салабаттуулугунан жазбай сүйлөп, жай басып чыгып кетти.
Кыз жуунуучу бөлмөгө чуркады...

(Уландысы кийинки санда)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Башка сандарда:
КОКТЕЙЛЬ - МЫКТЫ СУУСУНДУК 560-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 757-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 758-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 759-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 760-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 761-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 762-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 763-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 764-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 765-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 766-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 767-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 768-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 769-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 770-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 771-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 772-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 774-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 775-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 776-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 777-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 778-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 779-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 780-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 781-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 782-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 784-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 785-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 786-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 787-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 788-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 789-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 790-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 791-сан
КОКТЕЙЛЬ (Сүйүү, жек көрүү, мансап тууралуу жашоодогу чыныгы окуялардан алынган сериал) 792-сан
Комментарийлер(21)
29.08.2017. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аябай эле аз го.
29.08.2017. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фаай олдугоо..
29.08.2017. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Окууп окуп канбай калтам мен еркекче
29.08.2017. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бегимайга чала
29.08.2017. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми кочодо калатко
Модератор admin_media түзөттү 2017-08-29 10:31:39
29.08.2017. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3-4 жуманы 1 окусанар ыраазы болосунар
29.08.2017. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аз го эми дагы бир жума
29.08.2017. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Не баляяя бул ыя. Мурдагы сандарында бир эки мунотто окуп аз болуп калды десем эми такыр эле жарым мунотто окуп коюп эле отуруп калып жатам. Админ кобуурок эле жазгыласы сураныч айланып кетейиндерим.
31.08.2017. 07:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ady-88,Бара бара чарчайт да,тез бүтө баштайт )))
29.08.2017. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурзонун топурагын эмнеге чачты экен тушунбодум?!
29.08.2017. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Эне" деген фото роман жокко,супер.
29.08.2017. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bema16,
Саламатсызбы! Кийинки санда чыгат.
29.08.2017. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Класс!
29.08.2017. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бегимайга сооп эле болду)))
29.08.2017. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Расс болот чала бегимайга
29.08.2017. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Китебин ким тапса суйунчусун берем
29.08.2017. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча аз?????
02.09.2017. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уландысы качан чыгат эми достор
02.09.2017. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кийинки санда 2 куну чыгат
03.09.2017. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көптөн эле жазыңыздарчы сураныч .ээми окуп баштасаң эле бүтүп калат экен
17.11.2017. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дуулат байкенин баласы менен келгениңде эле бир арзан адам экениң көзгө урунган. Бир чети ошол жигитти таштаганың ырас болуптур. Сен анын тырмагына да татыбайсың. Ал көзүндө оту бар жигит болчу. Сендей сойкудан арылганына сүйүнсүн. Сага эскертип коёюн, убакыт өтөт, сулуулук кетет, сен да карыйсың. Менин абышкам карыганда менин төрүмдө, менин балдарымдын төрүндө отурат. Сен талаада каласың! Сендейлер талаада калышы керек.
---------------------------
Дейтго)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо