УБАКЫТКА УТТУРГАН УСЭЙН БОЛТ

№773 25-31-август, 2017-ж.

"Анчалык кабатыр болбо, атүгүл Мухаммед Али акыркы беттешин уттурган..." Кыска аралыкка дүйнө жүзү боюнча эң ылдам чуркаган жөө күлүк Усэйн Болт алтын медаль менен эмес, ушундай сөздөрдү угуу менен спорт менен коштошту. Август айында Лондондо өткөн Дүйнө чемпиондугунда 8 жолку Олимпиаданын жеңүүчүсү, акыркы жылдары жеңил атлетиканын негизги жылдызы саналган жөө күлүк карьерасын жыйынтыктады.

11
жолку Дүйнө чемпиону
8 жолку Олимпиада чемпиону
8 жолку дүйнөлүк рекорддун ээси
100 метрлик аралыкка чуркоодогу рекорду – 9,58 секунда

ДАЯРДЫКСЫЗ АКЫРКЫ СТАРТ

Буга чейин Усэйн Болт ушул жылдын август айында Лондондо өткөн жеңил атлетика боюнча Дүйнө биринчилигинде акыркы жолу стартка чыгып, спорттон кетерин маалымдаган. Күйөрмандар бул жолу дагы Болтту 1-орунду камсыздап, жылуу коштошот деп күтүп жатышкан. Бирок чыныгы жашоо кинодогудай боло бербейт. 5-август күнү 100 метр аралыкка болгон жарышта Болттун старт алдында эле өзүнө ишенбей турганы байкалган. Чынында эле, ал америкалык жөө күлүктөр Жастин Гэтлин менен Кристиан Коулмэнден артта калып, коло байгеге гана илинди. 3-орун Болт үчүн орун эмес. Капаланууга али эрте эле... Алтын алууга эстафеталык жарыштар бар болчу. 12-август күнү өткөн жарыш кадимки таризде уланып жаткан. Командалаштарынан акыркы болуп финишке Болт чуркамак. Бирок ал 30-40 метрден кийин жерге кулады. Жаракат алып калган Болт финишке жетпей калды. Анын акыркы жолу чыгып жаткан старты ушундай аяктады.

МОТИВАЦИЯНЫ ЖОГОТУУ

31 жаштагы атлеттин спорттон кетишин көпчүлүк ал убакытка каршы туруштук бере албай калды деп белгилешет. Бирок бул сөздөр 35 жаштагы Жастин Гэтлинден утулуп калбаса жарашмак. Ал эмне үчүн спорттон эрте кеткендигине дагы бир нече себептер таасир берди:
Жаракаттар. Болт бир дагы сезонунда дарыгерге кайрылуусуз өткөргөн эмес. Быйылкы жылы жарыштарга көп чыкпаса дагы, жайында белин дарылатуу менен алек болгон.
Начар даярдык. Жыл сайын тер агыза машыгуу үчүн дагы өжөрлүк жана эрк керек. Болт акыркы жылдары машыгууга анчейин көңүл бурбай калгандыгы байкалып жаткан. Лондондогу жарышта анын даярдыгы оптималдуу эмес экендиги даана көрүндү.
Психологиялык таасир. Ушул жылдын жазында Болт эң жакын досунан айрылган. Ал кездери эки жумадай өзүн таштап, машыгуусун таптакыр таштап койгон. Бул окуядан кийин Болт башка адам болуп калгандыгы айтылат.
Мотивациянын жоктугу. Эң башкы жана негизги себеп. 11 жолку Дүйнө чемпиону жана 8 жолку Олимпиада чемпиону жеңишке тойгондой...

ЭМИ ФУТБОЛЧУ БОЛОБУ?

Болт жеңил атлетиканы таштаган соң эми көптөн бери көксөп келген футболдук карьерасын баштаса болот. Анын алгачкы оюну өзү жактырган "Манчестер Юнайтеддин" курамында кайрымдуулук беттеште 2-сентябрь күнү "Барселонага" каршы болмок. Бирок акыркы алган жаракатынан улам бул кыялы ишке ашпай кала турган болду. "Тиземден алган жаракат мен ойлогондон олуттуу экен. Толук айыгуу үчүн 3 айдай убакыт керектелет",- деп билдирет өзү.
Муну менен "Болтту футбол талаасынан көрбөй калат экенбиз"дегендер жаңылышат. Англиянын экинчи даражадагы дивизионунда ойногон "Бертон Альбион" командасы аны курамына чакырды. "Болт мыкты спринтер. Машыктыруучулар жактырса ал биздин командада ойнойт",- деп билдирет аталган клубдун президенти Бен Робинсон.

ОРДУН КИМ БАСАТ?

"Сен Усэйн Болт болсоң дагы сага эч ким дароо жеңишти берип койбойт",- деп айтат алыс аралыкка чуркаган айтылуу жөө күлүк Мо Фара. Бул сөздөр канча жолу чемпион болгонуң маанилүү эмес, ошол стартка канчалык даярдык көргөндүгүң маанилүү дегенди түшүндүрөт. Болттун спорттон кетиши менен жеңил атлетика негизги жылдызы саналган спортчусунан айрылды. Эми анын ордун ким басат деген суроо актуалдуу.
Сыйлуу орун бош калбайт, анын ордуна эмитен күрөш башталды. Алардын арасынан 21 жаштагы америкалык спортчу Кристиан Коулмэн көптү үмүттөндүрөт. Мындан тышкары жөө күлүктөрдүн мекени саналган Ямайка мурдатан эле жаңы Болтту даярдоого бел байлашкан. Кандай болгон күндө да, жаңы чемпион ар дайым Болт менен салыштырылып турары талашсыз.

Спорт менен расмий коштошуу. Болтко белек катары стадиондун чуркоочу тилкесин кесип беришти.


Болттун акыркы старты аянычтуу аяктап калды. Ал финишке жетпей кулады.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
29.08.2017. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
коз тийди
30.08.2017. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жээ суук тийди
30.08.2017. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ансыз да атак данкка ээ. Байлык болсо жетиштуу
30.08.2017. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биздин бийлик кылды)) дегиле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо