СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

№773 25-31-август, 2017-ж.

Көк бөрү

ЧЫР МЕНЕН БАШТАЛГАН ЧЕМПИОНДУК

Казакстандын Астана шаарында көк бөрү (кокпар) боюнча Дүйнө чемпиондугу 20-август күнү старт алды. Мелдешке жалпысынан 12 курама команда катышып, алар 2 тайпага бөлүнгөн. Кыргыз курама командасы "А" тайпасында Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия жана АКШ курамалары менен күч сынашат. Тайпалык оюндардын алгачкысы болгон Монголия менен болгон оюн алдында чыр чыкты. Уюштуруучулар биздин улакчылардын аттары арткы такалары жок ойноо керектигин айтышкан.
Буга Кыргыз курама командасы калыстарга нааразычылыгын билдирип, оюнга чыгуудан баш тартышкан. Себеби оюн талаасы таштагыраак болгондуктан, аттардын такасы жок ойноого мүмкүн эмес. "Дүйнө биринчилигинин жобосунда аттын арткы туяктарына тагылуучу така жөнүндө эч нерсе жазылган эмес. Биринчи жолу Дүйнөлүк биринчилик өтүп жатат, мелдештин жобосунда көптөгөн мүчүлүштүктөр кетирилген, ага карабастан оюнду улантып кетүү – биздин максатыбыз»,- деп билдирген Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Жыргалбек Саматов.
Жыйынтыгында калыстар макулдугун беришип, Кыргыз өлкөсү менен Монголия 21-август күнү ойношту. Белгилей кетчү жагдай, бул оюнда муляж эмес, чыныгы улак менен ойнолду. Оюндун жүрүшүндө кыргыз улакчылары жигердүү болушуп, ар бир бөлүктө экиден упай алышты. Жыйынтыгында 4:0 эсеби катталып, улакчыларыбыз алгачкы жеңишке ээ болду. 22-августта кыргыз улакчылары Өзбекстан менен кез келип 11:2 эсебинде, эртеси Түркияны 13:3 эсеби менен жеңишти. Эми алдыда Тажикстан жана АКШ менен ойнойт.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
29.08.2017. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул да спорт жанылыктар болдубу
29.08.2017. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо