Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ФОЛЬГАДА БЫШЫРЫЛГАН ДААМДАР

№773 25-31-август, 2017-ж.

ФОЛЬГА ТАНДАЙБЫЗ

  • Фольганын таңгагында бокалдын жана вилканын сүрөтү болушу шарт. Бул ашканада колдонууга болот дегенди түшүндүрөт.
  • Таңгагында жазылган «ALU» белгиси фольга азык-түлүккө колдонулуучу алюминийден жасалгандыгынан кабар берет. Эгер бул белги жок болсо, сатып алуудан баш тартканыңыз оң.
  • Фольганын калыңдыгы 9 жана 14 микрон болот. Жука фольга азыктарды ороп сактоого, ал эми калыңы ысыкка туруштук берип, тамак, кондитердик азыктарды бышырууда колдонулат.
  • Фольганын бир бети жалтырак, экинчи тарабы күңүрт тартып, анча жалтырабайт. Азыктарды ороодо күңүрт тарабы ич жагына карашы керек. Бул ыкма азыктар кургап кетишинен сактайт.
  • Фольгага майлуу азыктарды ороп көпкө сактоого болбойт. Анткени ал алюминий оксиддерин бөлүп чыгарып, ден соолукка залалын тийгизиши мүмкүн.
  • Фольгада мөмө-жемиштер көп бузулбай сакталат.
  • Фольгада бышырылган азыктарда витаминдер жана микроэлементтер жакшы сакталат.

"ТҮЙҮНЧӨК"



Керектелүүчү азыктар:

Тооктун сулп эти – 500 грамм
Козу карын – 300 грамм
Сыр – 100 грамм
Майлуулугу жогору сүт – 3 аш кашык
Пияз – 1 баш
Татымына жараша туз, мурч

Даярдоо ыкмасы:

1. Козу карынды, пиязды жууп тазалап, майда туурап, майга кууруп алабыз. Муздаган соң буга сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды жана сүттү кошуп аралаштырабыз. Татымына жараша туз, мурч кошууну унутпаңыз.
2. Этти туурасынан 1 сантиметр калыңдыкта тилип алып, үстүнө туздан, мурчтан себелеп, ашкана балкасы менен ургулап жанчып алабыз.
3. Фольганын бетин майлап, ага тооктун этин жайып салабыз.
4. Эми тоок этинин так ортосуна козу карындан даярдалган куурмачты салып фольганы түйүнчөккө окшоштуруп оройбуз да, 200 градус температурада ысып турган электр мешине 30 мүнөткө салабыз.
5. Кийин фольганын бетин ачып дагы 5-10 мүнөткө электр мешине салсаңыз, бети кызарып бышат.
6. "Түйүнчөктү" дасторконго жашылчалар, сууга бышырылган күрүч, гречка же пюре менен берсеңиз болот.

ФОЛЬГАДАГЫ БАЛЫК



Керектелүүчү азыктар:

Балык
– 400 грамм
Кабак же баклажан – 1 даана
Помидор – 2-3 даана
Сыр – 100 грамм
Райкан – 2 талча
Лимон ширеси – 1 аш кашык
Зайтун майы – 1 аш кашык
Татымына жараша туз жана татымалдар

Даярдоо ыкмасы:

1. Балыкты кылканынан тазалап, экиге бөлөбүз да, кагаз менен аарчып кургатабыз.
2. Лимон ширесине туз, зайтун майын жана татымалдарды кошуп аралаштырып, балыкка сүйкөйбүз.
3. Кабакты жууп, 0,5 сантиметр калыңдыкта тегерек формада туурайбыз.
4. Фольганы майлап кабакты бир катар кылып тизебиз да, үстүнө балыкты, райканды коюп, лимон ширеси менен татымалдардын аралашмасын куябыз.
5. Эми фольганы ороп, 180 градуста ысып турган электр мешине салып 30 мүнөт бышырабыз.
6. Аягында фольганы ачып, балыктын үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сырдан себелеп, ичке тууралган помидорду тизип, электр мешине 5 мүнөткө кайра салабыз. Тамагыбыз даяр. Дасторконго коёрдо фольганы балык формасына келтирип ороп койсоңуз да болот.

Тамагыңыздар таттуу болсун!
Дамира Арстанова
kenesh@supemr.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(3)
29.08.2017. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай рецептерди кобуроок чыгарсанар! Рахмат!
29.08.2017. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун кенеш !
30.08.2017. 04:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенештер экен пайдалуу рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо