№773 25-31-август, 2017-ж.
Ырчы Асел Кадырбекова жеке концертин өткөрүп алып, эми телеалпаруучулук тизгинди колуна алды. Жакшы кабарды кыя өтпөй Аселге байланыштык: "Быйыл телеканалдардан алпаруучулукка көп сунуштар болгон. Анын ичинен НТС телеканалынын таңкы берүүсүн алпарууну тандап, эфирге чыгып баштадым. Көптөн бери телеге кайткым келип жүргөн. Буюрса, өзүмдүн теледолбоорлорумду даярдап, элге алып чыгам. Октябрь айынан тарта "Тумар" радиосунда ди-джейлик кызматты аткарам. Мындан тышкары "Сүйүүнүн керемети" деген тасмада эпизоддук роль жаратып жатам",- деп чыгармачылыктагы жаңылыктарын айтып кубанычы менен бөлүштү.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-1
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Baktyluu bol bashkysy