Рулдагы жылдыз Назира Бердигулова, телеалпаруучу: «ЖОЛДОШУМ САГА БМВ Х5 ЖАРАШАТ ДЕЙТ»

№774 1-7-сентябрь, 2017-ж.

Үлгүсү – Хаммер Н3
Эң жогорку ылдамдыгы – 180 км/саат
Кыймылдаткычтын көлөмү – 3,5
Түсү – боз
Чыккан жылы – 2006-жыл
Баасы – 18 000 доллар

– Кандайсың, Назира? Экөөбүз унаа, МАИ кызматкерлери, жол азабы тууралуу маек куруу үчүн бара жатып, адегенде эле МАИ кызматкерлерине кармалдык. Мындай кырдаалдан чыгуунун көп жолдорун билип калсаң керек?

– Жакшы, рахмат. Негизи жол эрежесин сактап жүргөн айдоочумун. Себеби өзүмдөгү жоопкерчиликти сезем, кээде жолдон адамдар күтүүсүз жерден чуркап чыга калышат. Андайда сүзүп кетсең жаман, адамдын өмүрүн кайтара албайсың. Унаа деген темир да, оңдотуп койсоң болот.
Көбүнчө кош бойлуу кезимде курду такпай кармалып жаттым. Себеби ичимди кысып калчу. МАИ кызматкерлерине кармалганда эч качан тааныштарыма чалып, ызы-чуу чыгарбайм. Өзүмдүн көйгөйүмдү өзүм чечишим керек деп ойлойм. Бир жолу да ушинтип кармалып калдым, мени болбой эле унаамдан түшүрүп бир топ жерге чейин жөө бастырып айламды кетиришти. Бир маалда дагы бир жигитти токтотушту эле ал дароо телефонун алып тааныштарына чала баштады. Жиним келип «ай, жигит, мен кыз башым менен эч кимге чалбай эле ушул жерде унчукпай турам го. Сен эркек эмессиңби, шым кийип турасың, уялбайсыңбы?!» десем, МАИ кызматкерлери мени карап туруп «Назира Орозбековна, кете бериңиз, жолуңуз болсун» деп коё беришкен.

– Байкашымча, тажрыйбалуу айдоочу болуп калыптырсың, алгачкы жолу рулга отурганда унааны өзүңө мынчалык ишенип айдабасаң керек?

– Биринчи жолу мындан 14 жыл мурун атамдын механика машинасын айдагам. Жолдо бара жатып эле «ата, мен айдап көрөйүнчү» десем, «кел, рулга отур» деп калды. Ары айдадым, бери айдадым, акырында атамдын жини келип урушуп баштады эле, «кой, ата, сен мага унаа айдаганды үйрөтө албайт окшойсуң» деп токтотуп койгом.

– Алгачкы унааң тууралуу эстей кетчи, балким, аны белекке алган чыгарсың же өзүң сатып алдың беле?

– Эмнеге эле бардыгы белек деп ойлой беришет түшүнбөйм. Мындай кептер тамаша же ушак болушу мүмкүн. Бирок өзүңдүн эмгегиң менен алган нерсе барктуу болот эмеспи. Алгачкы унаамды ата-энем, бир туугандарым «эл көзүндө жүрөсүң, таксиден таксиге отуруп, маршруттук таксиде жүрүп, убагында жумушка бара албай калат окшойсуң» деп 7 жыл мурун чакан унаа алып беришкен. Башында аябай унаамды жууп-тазалап, атыр сээп карачу элем. Кийин эле автоунаанын кызыгы тарап «үйгө аман-эсен жетсем, бузулбаса экен» деп тазалыгына деле анча карабай калдым.

– Буга чейин «машина мен үчүн болгону аксессуар» дегениң бар эле...

– Ооба, мен аксессуар катары эле колдоном. Бир жерден экинчи жерге жетиш үчүн гана. Бирөө жарым сураса деле берип турам, кээ бирлер эч кимге карматышпайт го.

– Учурда 3 унааң бар экен, машина сен үчүн аксессуар болсо, демек, аларды көйнөктөрүңдүн түсүнө ылайыктап алып койгонсуң го?

– Жок, андай деле эмес. Болгону, кайнилерим унаа сатуу менен алектенишет, кайнилеримдин машиналары. Бул биз үчүн киреше табуунун бир булагы, ошону менен кем-карчыбызды толуктайбыз. Анан бир машинамды алып, ордуна башканы коюп коюшат, автосалон сымал да. Азырынча менин аксессуарларымдын ичинен бардык кийимдериме төп келген ушул айдап жүргөн Хаммер болуп жатат.

– Бул канчанчы унааң?

– Канча унаа алмаштырганымдын эсебинен жаңылып калдым го, билбейм.

– Жолдошуң менен бир жакка аттансаңар рулда ким отурат?

– Негизи мен эркекти жанына отургузуп алып машина айдаган айымдарды жактыра бербейм. Себеби бардык жакта үй-бүлөдө дагы мырза рулда болушу керек. Мен дайыма экөөбүз бир жакка бара жатканда «сен эле айдап алчы» деп суранам.

– «Назира теледе иштеп мындай машинага акча топтой алмак эмес. Жолдошу белек кылды» деген кептерди өзүң деле угуп жатасың да.

– Эмне десем, күлкүм келет. Жеке жашоом тууралуу айткым келчү эмес, сурап калыптырсыздар айтып кетейин. Туура, биздин жумуш менен көп киреше табуу мүмкүн эмес. Мен мактанчаак адамдардан эмесмин. Бардыгына жар салып «мындай кошумча кирешем бар, тигиндей ишканабыз бар» деп айта бербейм. Булар адамдын жеке өзүнө тиешелүү нерселер. Бул унаа мага 18 миң долларга келди. Аябай көп май жумшайт. Эмнегедир ушул машинага көңүлүм түшүп, жолдошумдун жардамы менен алдым.


– Көп ичсе, күнүнө майга канча акча коротосуң?

– Мен жумасына 3-4 жолу жумуштарым менен көчөгө чыгам. Андыктан күнүнө 1000 сомго куйсам жетет.

– Мындай көлөмдүү унааны айдап бара жаткан, сендей сулуу айымдарды жолдо мырзалар көңүл кош карап өткөрүшпөсө керек...

– Сен айтмакчы, унаам көлөмдүү да, алар мени көрүшсө, мен аларды көрө албайм. Көбүнчөсү «машинаңыздын терезесин ачып коёсузбу, сүрөткө тартып алалы» деп жан талашкан учурлар болот. Көңүлүм болсо «тарта бер» деп коём. Балким, мага айтпай деле тартып алган учурлар болоттур.

– Жолдошуң «сенин мүнөзүңө бул унаа жарашпайт» дейт экен...

– 3-4 күн мурун жолдошума гезитке ушундай унаам менен чыкканы жатам десем, «мейли, бирок сага ал машина жарашпайт го» деп калды. «Кандайча жарашпайт?» десем, «Сен өзүң назиксиң, сулуусуң, мүнөзүңө жарашпай калат. Андан көрө BMW X5ти же башка эле жөнөкөй унаа айдап алчы» деп жатпайбы. Анан кайним «аба, жеңемдин өзүнүн унаасы го, өзү айдап тартыла берсин» деп калды.

– Ырчылар МАИ кызматкерлерине кармалса, «тоюңузда ырдап берейин» деп кутулабыз дешет», сен «тоюңузду алпарып берейин» дейсиңби?

– Жок, атын атабай эле коёюн, белгилүү инсандар менден той-топурларды алпарып беришимди көп эле суранышат. Бирок алпаргандан тартынам. Анын үстүнө үй-бүлөлүүмүн, жолдошумдун «эртең менен жумушуңа бар, кечинде убагында кел» деген талабы бар. МАИ кызматкерлери «Назира, бул эмне кылганың, күлүп жүр, ээ» деп узатып коюшат. Тойлорду башкарууга менде тажрыйба жетишсиз, дагы өсүшүм керек.

– Маектешип жатып улам уулуңа чалып кабар алып жатканыңды байкадым. Аны мындай учурларда кимге таштап келесиң?

– Мамам (ред.: кайненеси) карайт. Ал киши өзүнүн 4 баласын чоңойтту, биздин балдарыбызды дагы жакшы карайт. Мамам айылга кетсе, «качан келет?» деп жолду карап эле отуруп калам.

– Анда сени көп кармабайын, уулуңа батыраак бар.

– Рахмат.


Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
star@super.kg


Назира Бердигулова: "Жолдошум Хаммерге караганда сага BMW X5 көбүрөөк жарашат дейт"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(93)
05.09.2017. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ото эле мактанып алыптыр.......
05.09.2017. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Ушунча бай туруп,балдарын ата-энесине караткан ушуларды кордум.Жонокой аялзаты бизде ушунча акча болсо машинага кеткен акчаны балдарга кетирип,чогуу болгонго аракет кылмакпыз.Бирок,жок болсо да балдарыбыз озубуз мн болгон жонокой адамдар коппуз.
Эне болгондон кийин озу багыш керек болчу.
05.09.2017. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Hadyja,туура айтасыз,кошулам сизге
SUPER.KG видео
05.09.2017. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
От зависти люди стареют, от злости тупеют а от любви молодеют. Так что любите Господа.
05.09.2017. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кызык мен мактанганды жаман кором деп туруп эле кайра эле мактана берет экен.Акчасы коп окшойт кыскасы булда эртен эмгек синирген наам албаса эле болду ошондо коросунор мактанганын. ХХХ Азыр сени кобу таныбайт экен ошондо баары таанып калышат.
Модератор admin_media түзөттү 2017-09-06 10:25:00
06.09.2017. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Каякка барып ..... экен?!
SUPER.KG видео
06.09.2017. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
мактанбайле суйлоптур
06.09.2017. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
"Анда сени коп кармабайын уулуна бар" дегени жакшы экен!:)
06.09.2017. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
Мактанбай эле суйлоптур. Бар болсо бар дейт да.
06.09.2017. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жолдошум мн буттуп калыптырго
06.09.2017. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Ушунчалык ичи тар калкпызда минсе озунун эмгеги да.силерда тынбай иштесенер самалет минесинер
06.09.2017. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
эже чынында хаммер сизге жарашпайт экен.акчам бар деп эле калдайган машина минбей жарашыктуусун тандасаныз жакшы болмок
SUPER.KG видео
06.09.2017. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Анжелика-2
06.09.2017. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мактанганды жаман кором деп туруп,олло мактаныптыр го.Ии озуно буйрусун бут нерсеси,бизге не!
06.09.2017. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Деги ушул актриса мактанып бутподу го, суйлогону,кинодогу жараткан образдары да жасалма.
06.09.2017. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Бир болмодон экинчи болмого жоо барышты каалабайм.метро бар ошол менен барам.2чи кабатка самолет которулом.
06.09.2017. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айдай жузунузду начар кыял жоругунуз бузат да.Ооз ачты дегичекти.Же суйлогонду уйронуп эл адамы болгондон кийин же ооз ачпасыныз керек.
06.09.2017. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Kommenterdi okup korboi ele koeyun
06.09.2017. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Алда Кудай ай. Эмкиде асмандагы айды минип чык . Тоооообооооо
07.09.2017. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жогоруда бироо айтмакчы каерге барып олсом экен. Бар бол аман бол. Анан дагы бир нерсе сурангым келди: Канча унаа айдасан да озун мн озун эле болчу коомчулукка жар салбай коз тийип кетпесин деймда
07.09.2017. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уруу олгучо уурдабадым дегендей. Мактанчаак эмесмин дептирда эмнеси болсода аман эле болсун
07.09.2017. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул аял бир эжемдин уйундо няня болуп иштечу илгери...Анан эле....айтпай эле койоюн!Бироонун коз жашынан бакыт кура албайсын!
07.09.2017. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
barakcha,aaii anan.....?
08.09.2017. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
barakcha,андай историялар бат эле унутулуп
калат да)))...
07.09.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Койнок кантет, тар, батпаган жаш кыздын койногун кийип алгандай, негизи ушул кыз такыр жакпайт!
07.09.2017. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бул ким.артистпи?
07.09.2017. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Намаз окуган жолдошу жубайынын жоон санын көргөзүп гезитке чыгартып атса. ХХХ ХХХ Кандай аялына тили өтпөйт? Шымды неге кийип жүрөт эркекмин деп? Кайын журт, ата-журт дегендин алдында Назираны деле, эри деле уялышпайбы, эл өлүп кетсин, элди сыйлабасын. Туугандар арасындагы сакалы жайкалган аксакалдарынан айбыгышпайбы? Мактангандын башка деле варианттары барго.
Модератор admin_media түзөттү 2017-09-08 09:18:31
07.09.2017. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мактан Самарага окшоп узун кийип алып. Мактанып эле атпайбы, бир жакшынакай узун кийимдерди кийип алып,кичине болсо да уяты бар экен.)). Же азыр не сулуулукту жылаңачтанып мактанмай болуп калганбы?
07.09.2017. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Shahrizaada,мен да кошулам созунорго кайрадан 18ге чыгып аткансып кыска кийген жарашпаптыр же возрастына жараша кийиништи билбейт окшойт.
08.09.2017. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Рукавасы узунле койной кийбейби колун былтыйтып, семиздигин баса белгилеп корсотпой. Жоон санына соз жок бойлердин санындай го , жону жок мактанбай биринчи жарашыктуу, туура кийим тандаганды уйронсо болмок экен
09.09.2017. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул кыз качан?кимге турмушка чыкты эле?каяктан окусам болот?
11.09.2017. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мактанчак эмес, ото эле мактанчаак экен
11.09.2017. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аман эле болсун не деген шумдук
12.09.2017. 06:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzdarda mashinaluu bolup kalyshsa ele ozdorun bai elestetiship asmanga uchup ketishet, al emmi Evropadagylarga mashina bailyk dele eles, mashinasy barby jokbu ishi dele jok, glavnyi kolunda jumushun bar ustundo kryshan bar , den soolugun chyn bolso boldu, menin dagy koz karashyp 100% paiyzga ozgorgon, ushul Kyrgyz jurnalisterinin bergen suroosuna i kyrgyz zyldyzymyn degen insandardyn jooptorun okup alyp kulkum kelet, bul jashoodo degi mashinadan bashka suroo jokpu?.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо