Абдумалик Шерматов, ырчы: «АНАРАНЫ ЖЫЛДЫЗ КЫЛЫШ ҮЧҮН 4 МИЛЛИОН СОМДОЙ КОРОТКОМ. АНАН АЛ ҮСТҮМДӨН АРЫЗ ЖАЗДЫ»

№774 1-7-сентябрь, 2017-ж.

Үстүбүздөгү жылдын 15-август күнү белгилүү ырчы Абдумалик Шерматов алдамчылыкка шектелип милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. 28-августта тосмо арыздын негизинде тергөө абагынан чыгарылган ырчы болуп өткөн окуя тууралуу маек курду.

– Саламатсызбы, Абдумалик агай? Башыңыздан жагымсыз окуя өттү, арты жакшылык болсун. Айтсаңыз, сиздин үстүңүздөн арыз жазган адамга кандайча карыз болгонсуз?

– Рахмат! Баары артта калды. Менин үстүмдөн арыз жазган 2011-жылдан 2017-жылдын февралына чейин чогуу жашаган жубайым Анара Шерматова. Анара деген псевдонимди мен тандап бердим эле, сахнага ылайыктап. Өзүнүн аты-жөнү Адашкан Жусупова. 2014-жылы өлкө боюнча гастролго чыктым. Анткени 2015-жылы 50 жылдыгымды белгилемекпиз. 2015-жылы 8-мартта Бишкекте Спорт Ордосунда 50 жылдык концертимди бердик. Андан кийин Анара «юбилейлик кечеңди ресторанда өткөрүп берем» дегенинен «кымбат болуп калат го» десем болбой койду. Гастролдон чогулткан акчаны бергенден кийин ресторанга 190 миң сомдой карыз болуп калдык. Жубайым «калганын өзүм төлөп коём, менден белек болсун» деген. Эми ошол сумманы көбөйтүп жатпайбы.
Убагында мен «Айнагүлдүн (ред.: Абасова) үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтөлү» десем, Анара макул болбой койгон. Анараны жамандагандык эмес, бирок ушунча нерсе айтылгандан кийин бир эле мен күнөөлүү эмесмин да, медалдын экинчи тарабы бар. Мен кайрымдуулукту токтотпой андан ары ишимди уланттым.
Айнагүлгө үй алып берели деп ар жерлерде концерт коюп, түшкөн акчага үй алып бердим. Үй аларыбыз менен Айнагүлдүн күйөөсү Темиркулга чалдым, «кел, үй-бүлөң менен чогуу жаша, балдарыңды кара» деп, келбей койду. Андан кийин да каякка барбайлы чакырып жаттык, келген жок. Күйөөсү ичкенин, балдарын уруп-сокконун өз көзүм менен көрдүм.

– Айнагүл эженин жолдошу Темиркул Асеков «Абдумалик Шерматовго чейин эле Айнагүлгө кайрымдуулук эсеби ачылып, анда 400 миң сом бар болчу» деп жатат.

– Туура, эсебинде ошол сумма бар экен. Биз ал акчаны Айнагүлгө ыр жаздырдык, форма тиктирдик. Калганына машина алып бергем. Эгер 1 сомун мен ашыкча жесем Айнагүл «согуш» чыгармак. Менин максатым – үй алып берип, буларды өзүнчө бөлүү болчу. Бирок «нике кыйдырып алыптыр, алдаптыр» деп көп сөз чыгарып жиберишти. Эми ушул сөздөрдүн өтөсүнө чыгам, нике кыйдырып байбиче кылып балдарын жакшы карайм, буюрса.


– «Машинасын бергени үчүн тосмо арыз жазып бердим, калгандарын бөлүп төлөйм деп тил кат жазды» дейт арыз ээси...

– Анара Айнагүлдүн машинасын тартып алды. Куру доомат кылышты да. Ал эми анын жанында кошулуп жүргөндөргө мен эмес, алар мага карыз. 4 гектарга жетчү үрөндүк картошка алышкан. Эгер Анара ойлонсо, менин атымдын арты менен жылдыз болгон, аны жылдыз кылыш үчүн 3-4 миллион сомдой коротком.

– Сизге карыз болсо, арыз жаздыңызбы?

– Жазайын дедим, анан алар тосмо арыз жазганга макул болгондо кайра жазбай калдым. Алардын убалына калгым келген жок.

– «Бул куру доомат эмес, бардык документтер бар» деп жатышат го...

– Документтер турганы менен, бардык эле үй-бүлө бири-бирине жардам берет да. Табылган, корогон акчага аялы-күйөөсү бирдей жооп берет дегендей.

– Кылмыш иши толугу менен жабылдыбы?

– Тергөө иштери так аткарылышы үчүн 2 жума тергөө абагында отурушум керек экен. Мен тополоңчу эмесмин, мыйзамга баш ийип отуруп чыктым. Керекпи, дүйнөнүн 80 пайыз адамы абакка отуруп чыккан. Иш сотко жеткен жок, тосмо арыздан соң жабылды.

– Бул окуяга байланыштуу кызыңыз Маликанын да аты аралашып жүрөт...

– Малика төрөлгөнүнө 22 жыл болду. Биз Динара (ред.: Акулова) менен Малика 1 жашка чыкканда ажырашканбыз. Ошондон бери мен анын тарбиясына аралашкан жокмун.
1-2 жолу жолукканбыз, ошол бойдон телефон аркылуу эле байланышып турабыз. Малика жакшы жолго барабы, жамангабы, апасынан көргөнүн жасайт. Кызга апасы тарбия бериш керек. Мага бир жолу Динара чалды «кызың баш бербей жатат» деп. Айттым «баш бербесе мен тарбияладымбы, сенин жаныңда жүрөт го. Менин жанымда жүрүп ушундай кылса чыбык сынмак. Кызды жакшы кара, тарбиясын бузуп аласың» дегем.

– Машинага байланыштуу ызы-чууда Малика менен байланыштыңызбы?

– Телефон чалып «кызым, эмне болду?» десем, «ата, мени алдап кетишти» дейт. «Эгер сени алдап кеткен болсо алар менен катуу сүйлөшөм. Менден кандай жардам керек?» десем, «ата, баарын апам чечип жатат. Эч нерсенин кереги жок, рахмат» деди. Бул жерде менин, Динаранын душмандары бирикти. Кызым деле чоңойду, аны да көрө албагандар бар. Эптеп жардан түртүп ийгилери келди. «Күлгөнгө күлө жетермин» деген сөз бар, баарыбыз абайлашыбыз керек.


Андан кийинки суроону Айнагүл Абасовага узаттым:

– Айнагүл эже, «Абдумалик агай чыкса экен» деп жакшы жаңылык күтүп жаттыңыз эле...

– Ооба. Буюрса, аман-эсен чыкты. Мурда эле Казакстан, Орусиядан бери кыдыртып эл-жер көргөзүп келген. Эми «көзүңдү дарылатса болорун билели, эгер болсо Израилге алып барам» деп жатат.

– «Тил катта көрсөтүлгөн калган акчаны мен төлөп берем дедим» деп айттыңыз.

– Мен көзү азиз болгондон кийин 24 саат бою камкордукка муктажмын. Агай жок аябай кыйналдым. Ал «мен албаган акчаны эмнеге төлөйм?» деп айтканынан, «агай, андай акчанын далайын табабыз. Негизгиси сиз чыгып мага жардам бериңиз» деп сурандым. Октябрь
РИИБинин алдында бир топ адам турган элек, ашказаным ооруп бир-эки жолу көңүлүм айланды. Ошол жакта тургандар «сен кош бойлуу экенсиң» деп өздөрү жыйынтык чыгарып коюшту. Теңелбей, унчукпай койсом, ал ушак баарына тарап кетиптир. Эми баары жакшы болот деп үмүттөнөм.

– Маегиңиздерге рахмат.


Асыл Орозбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(47)
05.09.2017. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Абдымалик озунду биринчи тарбиялап алчы альфонс болбой. Маликаны Динара аябай жакшы тарбия берип эч нерседен кем кылбай чонойтту.
05.09.2017. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+47
Эркек деген ушу да... Чуть ли что, сразу аял күнөөлүү. Динара ошол кызын тарбиялаш үчүн кандай азапты көрбөдү экен? Аны ойлоп да койгон жок. Кандай тарбия берсе да эне кызын таштап кеткен жок. Анан уялбай тарбия тууралуу сүйлөгөнүнө күйөсүң. Эгер Малика сенин тарбиянды көргөндө, эмгиче 5-6 күйөөгө тийип чыкмак.
06.09.2017. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Samarish1216,
05.09.2017. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Ушу Абдымаликке Караганда Динара эже "эркек",бир дагы жолу жамандаган эмес тащтап кетсе дагы куйоосу. Абдымалик наоборот ХХХХ элдин эсинен кетелек
Модератор admin_media түзөттү 2017-09-05 15:24:13
05.09.2017. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Баш бербей жатат деп чалды деп Эжени уят кылыптыр
06.09.2017. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Nanei,эл билет,ким эмне болуп атканын.Кыйратып каралашып коюп аткансып озунон кетип алыптыр!
05.09.2017. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Катын алам,катын алам кимди алам деп эле жүрө берет экен да.
05.09.2017. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+37
Интерьвюсуна тушунсом олойун....катындарынан баш адашты...анара ким айнагул ким.ким кимдин аялы...офффф баш аламан
05.09.2017. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Байке, уялынчы. Динара эжекени баскан-турган жеринизде жамандап турат экенсиз да. Перед Аллахом за свои поступки ответите по полной.
05.09.2017. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Окшошкондор келип маек беришиптирго а
05.09.2017. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Анара ким кайсы жылдыз экен ким тааныйт
05.09.2017. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Абдумалик ака кичине уялсаныз болмок?Динара айым аял болсо да эркектик кылып кызын озу тарбиялап чонойтту?Малика бир жакшына эле эл адамы?Динара айымды сизге ыраа корбой кетем,неге тийген?деп.Эми анан козу азиз аялды айтсан?Эмки жашоосу кандай болот?Кааап...
05.09.2017. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ХХХ деп айтып калышчу илгери Абдумаликти
Модератор admin_media түзөттү 2017-09-05 16:06:25
05.09.2017. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
динара эжененин мэри деген да кызы бар экенго ал да ушунун кызыбы
05.09.2017. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
laosy, Мэри биринчи күйөөсүнөн го
05.09.2017. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Эми ошол 4миллиондук Анара жылдыз кайда??? Ким билет ырчывы,чоорчубу???кандай жылдыз деги озу
05.09.2017. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Nanei,аны Абдималиктен башка эч ким тааныбайт.
08.09.2017. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Janna07,боорду эзесинер да
05.09.2017. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
"Кулгонго куло жетем деген соз бар"дептир. Ким кулуп атат бул жерде. Калпты чындай айтып атканы корунупатпайбы. Эл азыр баарын тушунуп калган. Илгекидей кыргыз жок оюнда кири жок,бат алданган.
05.09.2017. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Анара деген псевдонимди мен таап бердим эле дегенге чейин барыптыр. Эми ушул жерин окуп олло кулдук подркжкаларым менен. Эн сонун,редкий псевдоним таапсвз го.
08.09.2017. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Nanei, куло берип жыгылып калдым)))
05.09.2017. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бугунку саны укмуш го супер инфо жакшы инсандардан интервью алгылачы сураныч
06.09.2017. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Абдумалике и Айнагулго,экооно тен бул дагы кемдик кылат!!!А Динара эжеге келсек,жаман эрдин ошондо кеткени жакшы болгон экен.Маани бербен бул создорго,Сиз анча мынча эркекмин дегендердин алдында эркек азамат аялсыз!!!
06.09.2017. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Иши кылса мен аппакмын,Динара жаман,Анара жаман дей бериптир. Уят ко ээ ушинтип чон эле киши суйлосо.
06.09.2017. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айнагул алданган го байкуш
06.09.2017. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Анара дегени жанагы Гулмира Рысбаеванын тоюна барышып бирге ырдаган аялы.
06.09.2017. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Динара эженин багы жок экен го,биринчиси ала качып,анысы нормальный эмес тушунуксуз болсо,экинчисине кесиптешиме тийип жыргап жашайм дегени ишке ашпаса,кызы эрке талтан чыкса,эркек балалуу болом деген тилеги ишке ашпаса...байкуш эже ушулардын азабын тартып эле журот экенсиз да омур бою...
06.09.2017. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Козу Азиз аял алданыптыр да ага бугунку концерттен 25000 тушту десе ага ишенип уйдун жарым акчасын толоп койдум десе буга ишенип журот экен да байкуш торт жуз миндин да эсебин таап койгон тура гастролго кийтмине деп алдыдагы жашоосу кандай болоор экен эми
07.09.2017. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
akonia,ошону айтсан гастрольго элдер акча табыш учун чыгышат ко бул 400минди коротуп саякаттап келишкен го дейм
07.09.2017. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уят эле эми ушундай жеке маселелерин коомчулукка жарыялабай эле Динара Акулованы аралаштырбай эле чечип алышса болмок. Ушинтип ар турдуу интервьюларды берип,оздорун пиар кылып кимге пайда кимге зыян дейм да.
07.09.2017. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эми эмне куйоосу бошото элек азиз аялды алабы, кызык. Же анын куйоосу бошоттуп койду бекен, байбиче кылып алам деп жатканына караганда.
08.09.2017. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кимисине ишеништи билбейсин.Бул ырчы озунун уул кыздарын таштап эми башкале Айнагулдун балдарын тарбиялагысы келген гелесоо окшойт
08.09.2017. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ай жезде Эгер сизге.. деп журот элек да..далайга жезде болуп 50 дон ашсан да кулун Додо боло элек экен..Динара эжеге соз жок Колдун Ак-куусундай кол го кол..
08.09.2017. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Маликага 2 жолу жолуккам дейт, ваще уяты жок ата экен да. Озунун балдарынын кадырына жетпей бироонун 5 баласын кантер экен?!
09.09.2017. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
dina,2жолу да эмес. Бир эки жолу депатат. 22жылда еще жолукканы ушу. Уят
09.09.2017. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Маликаны жайлаптырго уят эле.Динарага жаман боллу баарынан даа
09.09.2017. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу Абдымалик катын алмаштыргандан тажабайт экен го! Кайсы бир гезитте жургон Замира аттуу жубайым бар, 3 же 4 балабыз бар деп. Же балдарын карабайт, эми уже башка аялы бар болуп чыкты. Шайыр Касымалиева менен Динаранын чыпалагына да жетпейт бул киши.
09.09.2017. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
тиги аялдын балдарын тарбиялайм деп канча чыбык сындырат болду экен? Бул озу зоокур эме окшойт.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо