КӨК БӨРҮ: КЫРГЫЗДАРДЫН КАЗАКТАРГА ЖЕҢИЛЕРИ АЛДЫН АЛА ЧЕЧИЛГЕН БЕЛЕ?

№774 1-7-сентябрь, 2017-ж.

Казакстандын Астана шаарында 21-27-август күндөрү көкпар (көк бөрү) оюну боюнча 1-Дүйнө чемпиондугу болуп өттү. Бул спорттук иш-чара Казакстанда өтүп жаткан «Экспо-2017» эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында уюштурулган. Бир жумага созулган чемпиондуктун жыйынтыгында казак курама командасы кыргыз оюнчуларын 4:1 эсебинде жеңип, чемпиондукту илип кетти. Дүйнө жүзү боюнча күчтүү саналган кыргыз улакчыларынын жеңилүүсү күйөрмандарды бүдөмүк ойго салып, кызуу талкууга алынып жаткан учуру.

ТАКАДАН ЧЫККАН ТАЛАШ

Мелдешке катышууга келген 11 өлкөнүн курамалары 2 тайпага бөлүнүп, «А» тайпасына Кыргыз мамлекети, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия жана АКШ өлкөлөрү туш келген. "В" тайпасына Казакстан, Ооганстан, Орусия жана Кытай кирген. Оюндун биринчи күнүндө эле кыргыз-монгол командаларынын беттеши башталбай туруп, оюн эрежеси боюнча талаш чыкты. Казактын көкпар оюнунун эрежесине таянып калыстар аттын арткы туяктарындагы такаларды алып салууну талап кылышкан. Мындай шартка кыргыз курамасы макул болбой, оюнга катышпастан артка кайтууга камынып калышкан. Жыйынтыгында калыстар, уюштуруучулар жана машыктыруучулар өз ара сүйлөшүп, аттардын такаларын чечпестен ойноо чечими кабыл алынган. Ошентип 21-августтагы алгачкы беттеш өз убактысынан кечигип башталды.

ФИНАЛГА КАРАЙ

Кыргыз командасы «А» тайпасындагы беттештерде теңдешсиз экенин далилдеп, тайпадагы командаларды ири эсеп менен утуп алды. Алгачкы оюнда кыргыз улакчылары Монголиянын курама командасын 4:0, Өзбекстанды 11:2, Түркияны 13:3, Тажикстанды 15:2 жана АКШны 11:6 эсебинде жеңип, финалга ишенимдүү түрдө өтүштү. Анда «В» тайпасынын жеңүүчүсү аталган үй ээлери менен кездешмей болду.
Айта кетсек, кыргыз-казак тиреши 2013-жылдан бери кызуу башталган. Анда Астанада өткөн көк бөрү боюнча Азия чемпиондугунун финалында казактар 4:2 эсеби менен жеңген. Жооп кайтарууга мүмкүндүк 2014-жылы түзүлүп, I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырылган казак курамасы катышуудан баш тарткан. Ал эми 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында эки команда финалга чыгып, Казакстан 15:3 эсебинде ири жеңилүүгө дуушар болгон. Эки өлкөнүн тирешүүсү эл арасында футболдогу Эль-Класико сыяктуу көңүл чордонунда болуп калды.

КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНАН КАЛГАН КЕК

Мелдеш башында эле финалга кыргыз-казак командалары чыгары айкын болуп калган. Башкалардан кыйла күчтүү саналган эки команда 27-августта финалда жолугушту. Оюндун 4-мүнөтүндө эле казак оюнчулары бир упай менен эсепти ачып, чабуулдарын токтотушкан жок. 10 мүнөткө жетпей эсепти 3:0гө өзгөртүштү. Кыргыз оюнчулары 1-бөлүктө коргонууга көп күч жумшап, бир жолу гана Рустам Тыналиев упай алып келди. Эсеп 3:1. 2-бөлүктө намыска бек туруп, эсепти теңөөгө аракет кылуу зарыл эле. Бирок үй ээлери коргонууда да мыкты ойноп, жеңишке жетишти. Жалпы эсеп 4:1, казактардын пайдасында. Жыйынтыгында көкпар боюнча мелдеште Кыргыз өлкөсү 2-орунга татыды.

СПОРТТОГУ САЯСАТПЫ?

Оюндан соң кыргыз коомчулугунда «улакчыларыбыз коркуп ойношту, чемпиондукту үй ээлерине берип коюшту» деген сөздөр күчөдү. Бул сөздөрдүн да жүйөсү бар эле, анткени финалга чейин Кыргыз көк бөрү федерациясынын президенти Икрамжан Илмияновдун «оюн сүйлөшүлгөн» деген сөзү, ошондой эле Астана шаарына барган саясатчы Өмүрбек Бабановдун кыргыз командасы менен оюн алдында сүйлөшүп отурган сүрөтү тараган. Ал сүрөттү ар ким ар кандай божомолдоп, талкууланууда. Бул эки окуя спортко дагы саясат сүңгүп киргенби деген суроолорду жаратты. Бул тууралуу команданын жетекчиси Талас Бегалиев тактап айтып берди. «Өмүрбек Бабанов 26-августта Астанага барган. Биз аны менен 5 мүнөттөй гана сүйлөштүк. Ал жерде журналисттер да болду. Оюнга ийгилик каалап, «жакшы ойногула» деп балдарга дем берип кетти. Эч кандай соодалашуу болгон эмес. Кыргыздын намысын көтөрөм деп жүргөн жигиттерибизди айрымдар саткынга чыгарып жатат»,- деди Бегалиев.

ЖЕҢИЛҮҮНҮН СЕБЕПТЕРИ КАНДАЙ?
Финалдык оюндагы жеңилүүнүн бир нече себептери болушу мүмкүн:
1. Муляждын оордугу. Финалда башка оюндарга салыштырмалуу муляждын салмагы оор болгону жана кармоого ыңгайсыздыгы. Ошондой эле кыргыз улакчылары муляж менен бир жума эле машыгышса, казактар 3 ай бою даярданганы белгилүү болду.
2. Манас Ниязовдун жоктугу. Кыргыз курамасындагы эң күчтүү чабуулчу аталган Манас Ниязовдун оюнга катышпагандыгы билинип турду.
3. Калыстардын иши. Алардын негизги курамы казактардан куралган. Ошондой эле көкпардагы эрежелердин өзгөчөлүгү да жыйынтыкка себеп болду.
4. Сырткы таасирлер.
Финалдык беттеш алдында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин оюнду көрүүгө келери тууралуу кабар тараган. Өз ажосунун көзүнчө жеңилүүнү эч ким каалабайт жана жол да бербейт. Демек, казактар бардык жолго даяр турушкан. Финалдан 1 күн мурун соцтармакта Жанболот Таштанбеков аттуу сырдуу колдонуучу тарабынан «Эсеп 4:1 менен казактардын эсебине чечилет экен» деген билдирүүсү тараган. Оюндун жыйынтыгын так таап койгон мындай билдирүү оюндун таза жүрүшүнө күмөндөрдү жаратпай койбойт.

«МУЛЯЖГА КАЗАКТАР КӨНҮП КАЛЫПТЫР»

Оюн тууралуу кыргыз курама командасынын оюнчусу Рустам Тыналиев төмөнкүлөргө токтолду:
-Биз 1-жолу ойногон үчүнбү, оюн оор болду. Муляжды жерден алууда кыйналып жаттык. 1-күндөрү ойногондорубузда муляж жеңил эле болуп жаткан. Бирок финал күнү аябай оор муляж ташталды. Салмагы 40 килограммдан жогору экен. Көтөргөнгө ыңгайсыз болду. Биз да муляж менен даярдансак утсак болот эле. Казактар болсо ага көнүп калыптыр. Барганда эле казактар «баары бир биз утабыз, утушубуз керек» деп жаткан. Күчтүү экен алар да. Мурда Кыргыз жерине келгендерден үчөө эле жүрөт. Калгандары жаңы оюнчулар экен.



Дүйнө чемпиондугу болсо да уюштуруучулар калыстарды нейтралдуу өлкөлөрдөн чакырган эмес. Буга "көкпар эрежелерин жакшы билбейт" деген сөз себеп болгон. Жолдошбек Орозбаев финалдык оюн тууралуу буларды айтат:
-Алгачкы мүнөттөрдө 3 упай өткөрүп алдык. Аны теңегенге оор болду. Калыстардын дагы бир катар чечимдери суроо жаратып жатты. Оюн учурунда камчы менен чаап, аттын тизгиндерин тартып кеткен учурлар болуп жатты. Мындай нерселерди калыстар көз жаздымда эле калтырып коюшту. Утканга жараша адилеттүү оюнда утушса болмок.

«МЕНИН СӨЗҮМ МОНТАЖДАЛГАН»

Коомчулук кызуу талкуулап жаткан «чемпиондукту сатты» деген сын боюнча Көк бөрү федерациясынын президенти ИКРАМЖАН ИЛМИЯНОВДУН пикирин уктук:
-Мындай сынды мен да интернеттен окудум. Жадакалса менин балдарга сүйлөгөн сөзүмдү да монтаждашыптыр. Ким мындай кадамга барса да, ал кыргыздын душманы экен. Видеодогу балдарга «эч бир нерсени ойлонбогула» дегеним, ошол учурда ар кандай кысым болуп жаткан, мына ошолорго көңүл бурбагыла деген мааниде айткам. Ошого мен «коопсуздук жагынан, эреже жагынан баарын сүйлөштүк, силерде эми ойноо гана калды» деп айттым. Тилекке каршы, «сүйлөшүлгөн» деп бурмалап, ошол жерин элге жайып жиберишиптир. Курамдагы балдар оюндан кийин ыйлап, капаланганы үчүн «өкүнбөгүлө, балдар, 2-орун – бул да жеңиш» деп кайрылгам. Ошол сөзүмдү да бурмалап, «өкүнбөйбүз» деп таратып жиберишиптир. Ар бир жаран курамдагы балдардай мекенчил болсо дейт элем. Сындап жаткандар, көк бөрүчүлөрүбүздөй мекенди сүйөлү.


ОЮН ТУУРАЛУУ

Катышкан өлкөлөр: Кыргыз өлкөсү, Казакстан, Өзбекстан, АКШ, Түркия, Тажикстан, Монголия, Ооганстан, Орусия, Кытай жана Азербайжан (келбей калды)

Байге фонду:
1-орун 10 миллион теңге – (2 миллиондон ашык сом), 2-орун – 5 миллион теңге (1 миллиондон ашык сом), 3-орун – 3 миллион теңге (609 миң сом)

Көкпардын көк бөрүдөн айырмасы:
– Тай казан эмес, жерге чийилген диаметри 3 метр болгон айлана дарбаза кызматын аткарат.
– Оюн 20 мүнөткө созулган 2 бөлүктөн турат.
– Аттардын арткы буттарына така кагылбайт.
– Оюн талаасынын узундугу – 180 метр, туурасы болсо – 80 метр.

Бабановдун интернетке тараган сурөтү

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнундагы көк бөрүнүн финалынан көрүнүш. Анда Кыргыз курамасы казак оюнчуларын 15:3 эсебинде жеңген.

Тайпадагы оюндарда муляж 35 килограмм болсо, финалда салмагы 40 килограммдан ашып кеткен.

Кыргыз курама командасынын курамына «Ынтымак» командасы 6 оюнчу, «Биримдик Аю» жана «Достук» командаларынан 3төн оюнчу кирген. Башкы машыктыруучу – Ислам Тазабеков. Кыргыз улакчыларынын курамы 29-августта Бишкекке кайтып келишти.


Бектур Токтоноев
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(30)
05.09.2017. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Илмиянов жанын жеп журуп туготот го .
05.09.2017. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Акча учун апасын семиясын сатат ешектер намыс керек бизге акмактарды тубу менен жок кылыш керек анан онугобуз
05.09.2017. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Туугандар!Жердештер!Озубуздун улакчыларды "саткынга"чыгарбайлы.Кайра дем-куч,жана ийгилик каалайлы!Дагы коп намысыбызды коргоп беришет буюрса!Ар бир мамлекет оз уйундо алда кучтуу ойношот,негизи эле,кандай гана спорттун туру болбосун.Бул нерсе талашсыз.Анан жогорудагы женилууго себеп болгон тизме да орундуу менимче.Биздин жигиттерге албан-албан ийгиликтерди каалаймын!Силерге куч-кубат жигиттер!Кыргыз элиме бейпилдик,тынчтык,молчулук,токчулук!Оомийин!
05.09.2017. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бабанов озунун жубайына казак женебизге кыргыздар утулат сага белек деп заранее суйлошуп кетсе керек да. Ал эми икрам ака боюнча соз жок. Корунуп эле калды намысты акчага сатканын.
05.09.2017. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Улакчыларыбызды куноолобогондо анан кимди куноолош керек.илмиянов м.н суйлошуу болгон менимче.жанагы сырдуу 4-1бир болот деп билдируу калтырган адамдын созу шек жаратпай койбойт.эми ойунга келсек.же жерден эне алышпайт же жанагы урмат дегени жекеме-жекеде бирда жолу илип ала албай койду.А.дейбиз Б.дейбиз баары бир бул жерде бир нерсенин башы кылтыйып тургандай. Манасты кабыл албай койгондо эле уже суйлошуу башталгандай болуп аткан.илмияновдон коро исаев жакшы иштеген экен.
05.09.2017. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мен Кыргыз катары!!! Казактардын чындаап, улак тартарына! Адилетуу калыстыгана ишенбей калдым! Мындан аары Кыргыздар! Ушундай жалаага каалгандан коро. Барбай! Катышпай койгонубуз он! Манастын урпагы. Намыска бек болуш керек!
bosmos77777 түзөттү 2017-09-05 11:47:56
05.09.2017. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Илмияновду кайсы акмак кокбору федерациясынын президенти кылып дайындады эле?!! Бул шопур шопур болуп эле журсо болот эле, ХХХ..
Модератор admin_media түзөттү 2017-09-05 12:04:07
05.09.2017. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Манастын жоктугу, Илмиянов колунан эч нерсе келбейт экен Манасты оюнга кошуп коюш керек эле...
05.09.2017. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биз учун чемпионсунар!!!
05.09.2017. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бийликттн алсыздыгы Манасты катыштырбай коюуга эч кандай укугу жок болчу баары бийликке келип такалып атпайбы
05.09.2017. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Mamlekettin alsyzdygy dep oiloim.
05.09.2017. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ай ким билет ким билет ошол оюунду эстеген сайын журогум тыз этет. Катышпаш керек эле себеби чыныгы кок бору эмес да ал. Биздикилерда озунукун бербей туруп алыш керек эле да
05.09.2017. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
улакчыларга 100% кысым болгондой сезилди
05.09.2017. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошол 45килограммдык муляжды жерден энип ала албасанар эмнеге ат минип журосунор улак чабам деп?
06.09.2017. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Улакчыларга да бийликтегилер кысым корсотушту да,Бабанов менен отурган суротундо жер карап маанайлары чогуп олтурушкандай сезилди мага
06.09.2017. 07:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Алдын ала суйлошуу болгону жаш бобоко, да маалым Манасты чакырбай койгондон эле тушунбойсунорбу.
06.09.2017. 08:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Силердин сөзүңөрдү эле ким монтаждай коёт эле. Бир нерсе болсо эле монтаж дейсиңер. Шоопур шоопур болуп эле жүрсө болмок колунан эч нерсе келбегенден кийин. Намысы жок эшек минерлер.
06.09.2017. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул кок бору эмес эле айылдагы жаш балдардын эшек ойуну эле болду. Муляж дегени кадимки эле бир мешоко жун салып ойгондой деген эле гэп
06.09.2017. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгер Бабанов менен Илмиянов чын эле сатылган болсо кыргыз элинини каргышы урсун!
06.09.2017. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тиги айдоочу тузго айдабай анга айдабадыбы
06.09.2017. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Манас сатылбай койду да анан шопур машинасына салбай кетпедиби калып эле казактарга шылтап
06.09.2017. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Казактар куулук кылып кетиптир да, 35кг куткон жигиттерибизге 40кг берсе ал салмакка конгучо, казактар пайдаланып 3упай топтой калышыптыр. Бирок озум ойлонуп жатам да, таза эмес жеништин даамы барбы деп
07.09.2017. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сатылганы чын менин угушумча ар бир чабандеске 5000 көктөн берилген.
11.09.2017. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таза отподу, карасанар кысым болгону белгилууэле болдуго, жекеме жекеде энилгени он турган жердеда энилбей койду
11.09.2017. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Blackmoon,ооба биз да ушундай кептерди уктук
07.09.2017. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Манас сатылбай эле көчмөндөр оюнунда бир казак чабандесин эсин оодарганы үчүн коркуп барбай койду. Мен ошол казак чабандесинин оозунан уктум.Чымкенттик бала
Blackmoon түзөттү 2017-09-07 21:40:23
08.09.2017. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бабановдо кептин бары.. президент болсо кыргыздын тубуно жетет..биздин татыктуу жигиттер кайда?президент Кайда??
10.09.2017. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чемпионат башталганга чейин эле , казактардын биринчи болушу түшүнүктүү болгон , спортто дале саясаттагыдай адилеттик жок .
10.09.2017. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
35-40 кг болбогон соз жонокой эле адам 50кг эне алат.
10.09.2017. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тушунукту эле болуп атпайбы баары.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо