ПИНГВИН ТУУРАЛУУ (өз колуң менен жаса)

№774 1-7-сентябрь, 2017-ж.

Балдар, пингвин тууралуу билесиңерби? Ал дүйнөдөгү канаты бар, бирок уча албай турган жалгыз куш. Эки буту менен адамдарча басканы да кызык. Сууда мыкты сүзөт. Мекени – Антарктида. Өмүрүнүн жарымын сууда, жарымын кургакта өткөрүшөт. Суу алдындагы жашоо аларга өтө ыңгайлуу, анткени көрүү, туюу сезимдери сууда жакшы өнүгөт. Кургак жерге жумурткаларын басып тукум улоо үчүн чыгышат. Кургакта жай басканы менен сууда өтө тез сүзө алышат. Алардын 70тен ашуун түрлөрү бар. Топ-топ болуп жашашат. Эң чоң пингвиндин узундугу 120 сантиметр болсо, салмагы 45 килограммга жетет. Пингвиндердин майлары аларды сууктан сактап турат. Бул канаттуулар өз ара пикир алмаша алышат. Негизги азыгы – балыктар.

Эмесе, сүйкүмдүү куш пингвин тууралуу билдик, эми пластилинден аны жасап көрөлү.


1. Кызгылт-сары, ак, жана кара түстөгү пластилин алабыз.






2. Кара түстөгү пластилинди бири чоң, экинчиси кичине кылып тоголоктоп алабыз да, бири-бирине жабыштырабыз.





3. Андан соң эки канатын кара түстөгү пластилин менен жасап жабыштырабыз.





4. Ак түстөн пингвиндин көкүрөгүн жасайбыз.





5. Ак, кара түс менен көздөрүн, кызгылт-сары түс менен мурдун жасайбыз. Буттарын жасап, аны пластилин бычагы менен кесип коёбуз.



6. Мына өз колуң менен пингвин жасап койдуң. Жакшы көргөн жакын досуңа белек кыл же эстеликке сактап кой.

Нуржамал Жийдебаева
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(1)
25.09.2017. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маалымат рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо