Шайлоо-2017: БШКНЫН ТИЗМЕСИНДЕ 24 ТАЛАПКЕР КАЛДЫ

№774 1-7-сентябрь, 2017-ж.

Президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз берген талапкерлердин 24ү калды. Буга чейин 20 жарандын арызы талап кылынган кол топтоо шартын учурунда аткара албагандыгы үчүн жараксыз деп табылган. 26-августта талапкерлерди колдогон жарандардын кол тамгаларын кабыл алуу аяктаган эле. Учурда мамлекеттик тил сынагын, жарандардын колдоо колдорун жана 1 миллион сомдук күрөөнү тапшырган талапкерлерди БШК расмий каттоого алууда. 6 жаран, алсак, Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Бакыт Төрөбаев, Сооронбай Жээнбеков, Адахан Мадумаров жана Эрнис Зарлыков президенттик кызматка талапкер деген күбөлүк алган. Арыз берген дагы 18 талапкердин жыйнаган кол тамгалары БШК тарабынан текшерилүүдө. 30-августта Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевди колдоого жыйналган 38 миң 643 жарандын кол тамгасын жараксыз деп тапкан БШКнын чечимин күчүндө калтырды. БШК «кол топтоо шайлоо фондунан каржыланбаган» деген жүйө менен Текебаевди колдоого жыйналган кол тамгаларды жараксыз деп тапкан эле.

Маалымат катары: Президенттик шайлоо ушул жылдын 15-октябрында өтөт. Үгүт иштери 10-сентябрдан башталат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо