МИРЗИЙОЕВ 6-СЕНТЯБРДА КЕЛЕТ...

№774 1-7-сентябрь, 2017-ж.

  • 2017-жылдын 7 айында Кыргыз өлкөсү 573,1 миллион кВт/саат ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН экспорттогон. Бул пландагы нормадан 163 миллион кВт/саатка көп. Маалыматты өкмөттөн таратышты.

  • Улуттук банктын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп НУРБЕК ЖЕҢИШ дайындалды. Ал буга чейин төраганын орун басары кызматын аркалап келген.

  • Кыргыз мамлекетинин 26 жылдык тарыхында 26 ири ЖОЛ КУРУУ жана реконструкциялоо долбоору ишке ашырылган.

  • Майрам күндөрүнө карата унаа жана ЖЕР ҮЧҮН САЛЫКТЫ төлөө убактысы 4-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

  • Республиканын ар бир айылына сапаттуу ИНТЕРНЕТ байланышын алдыңкы 3 жылда жеткирүү пландалууда. Мындай оюн премьер-министр Сапар Исаков Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушууда айтты.

  • Президенттик аппараттын башчысы болуп АЛМАЗБЕК ҮСӨНОВ дайындалды. Буга чейин ал ушул аппараттагы маалыматтык саясат бөлүмүн жетектеп келген.

  • Ушул жылдын 11-октябрында Орусиянын Сочи шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин САММИТИ болуп өтөт. Былтыр бул иш-чара сентябрда Кыргыз өлкөсүндө өткөн.

  • Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп ГҮЛНУРА ТӨРАЛИЕВА дайындалды. Буйрукка өкмөт башчы кол койду.

  • Өзбекстандын президенти ШАВКАТ МИРЗИЙОЕВ Кыргыз өлкөсүнө 6-сентябрда иш сапары менен келет. Аталган маалыматты өкмөттөн кабарлашты.

  • ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО карата БШКга 61 чет өлкөлүк байкоочу катталды. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.

  • ЖОГОРКУ КЕҢЕШ бир жылга интернет кызматы үчүн 1 миллион сом төлөөгө даяр. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталына тендер жарыялады.

  • Президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси болуп МУХАММЕТКАЛЫЙ АБУЛГАЗИЕВ дайындалды. Буга чейин ал биринчи вице-премьер-министр болуп иштеп келген.

  • Кыргыз өлкөсүнөн 2012-жылдан бери СИРИЯГА СОГУШКА КЕТКЕН аялдардын саны 600гө жакын. Мындай маалымат Бишкекте өткөн "Аялдардын терроризм-экстремизмге каршы туруудагы орду" деген жыйында айтылды.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо