Якутиянын токоюнда асылган абалда табылган мекендешибиздин эжеси: «ИНИМДИ КИМ ӨЛТҮРГӨНҮН БИЛИП ТУРСАК ДА, КҮРӨШҮҮГӨ АЛЫБЫЗ ЖЕТПЕЙ ЖАТАТ»

№774 1-7-сентябрь, 2017-ж.

Ушул жылдын 12-августунда Якутиянын Усть-Нера шаарчасынын жанындагы токойдон Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Токтоян айылынын 21 жаштагы тургуну Илгиз Алмазбек уулунун асылып турган абалдагы жансыз денеси табылган. Ал ошол шаарчада ашпозчу болуп иштеп жатканына болгону 3 гана күн болгон. Маркумдун сөөгү 18-августта мекенине алынып келинип, жерге берилди. Туугандары Илгиз киши колдуу болуп каза болду деген ойдо.

«АКЧАСЫН АЛА АЛБАЙ КОЖОЮН ЭКӨӨНҮН ОРТОСУНДА ЧЫР БОЛГОН ЭКЕН»

Маркум эжеси Айдана менен Якутияда чогуу иштеп, батирде чогуу жашашчу. «Иним киши колдуу болуп каза болду» деген Айдана Алмазбек кызы буларды айтып берди:
– Мен ушул жылдын май айында Якутияга иштегени баргам. Бир айдан соң ал жактан жолдошум менен иниме куруучу болуп иштей турган жумуш таап, жаныма чакырып алгам. Экөө бир айдай ошол курулушта иштешти. Бирок иним эс-учун билбей жыгылып, анын белинин 5 жеринде грыжа бар экенин ооруканага барганда гана билдик. Иним үйдө бир айга жакын жатып калды. Кыргызстанга кетирейин десем иштеген жеринен акчасын бербей кармалып калды. Акчасын ала албай жүргөндө ал ишкананын жетекчиси менен сүйлөшүп, ортосунда уруш болуптур. Акчасын бербей жүргөн армян улутундагы адам иниме «Жол салуу боюнча тендер утуп алдым. Ошол жерге ашпозчу болуп иштеп бер, белиңе дагы күч келбейт, маянасы да жакшы» деп сунуштаптыр. Ошентип Илгиз 9-август күнү жумушка кеткен.

«БИРГЕ ИШТЕГЕН АРМЯНДАР ЖАЛГАН АЙТЫШТЫ»

– 12-август күнү саат 4 жарымда иним менен телефондон сүйлөшкөм. Кечки 8дерде «иниң саат 6ларда асынып алыптыр» деген кабар келди. "Мени каза болгон жерине алып баргыла" десем, «азыр тергөөчүлөр келет, чогуу барасың. Алар сурак жүргүзүп, окуяны иликтешет» дешти. Бирок тергөөчүлөр келген жок. Эртеси «денесинде тактар жок, өзү асынып алган. Ошондуктан кылмыш иши козголбойт» деген жоопту уктум. Тергөөчү мага «Илгиз орус улутундагы бир кыз менен сүйлөшүп жүргөн. Экөөнүн үйлөнүшүнө кыздын ата-энеси каршы болгондуктан муунуп алган» деп айтты. Иним менен чогуу иштегендер аны «Лена аттуу кыз менен сүйлөшчү» деп коюшса керек. Негизи иним ал кыз менен сүйлөшүп калчу, бирок ортосунда үйлөнүү маселеси тууралуу сөз болгон эмес.
Иштеткени алып кеткен адам биз жашаган жердин бай адамы, укук коргоо кызматкерлерин да колго алып койгон киши болчу. Иним иштеген жерге барсам, ал жактагылар «Илгиз түшкү тамакты берип, идиштерди жууп жүргөн. Биз жол салып жаткандыктан, бир канча метр алыстыкка кеткенбиз, келип эле таппай калдык. Издесек дайыны чыкпайт, бир кезде ит жаныбызга келип үрүп жолду көрсөттү. 120 метрдей барып, тизелеп асынып алганын көрдүк» дешти. Ал эми ишкананын жетекчиси өзүн жок дедиртип коюп, аны менен сүйлөшө албай калдым. Ал жакта иним менен бирге иштеген армяндар мага «эртең мененки саат 8де каза болгон» деп айтышып, аягында «биз нес абалында сүйлөп алдык» деп кутулушту.

«ДЕНЕСИНДЕ ОКШОШ ТАКТАР БАР ЭКЕН»

– Оюбузча, ишкана жетекчиси өч алуу максатында инимди ашпозчулук жумушка чакырган окшойт. Себеби барганына 3 күн болгондо «асынып алды» болуп жатат. Экспертизанын жыйынтыгына ишенбей турганымды диаспоранын өкүлдөрүнө айттым. Алар «анда кайра экспертиза жасаталы, дагы 20 күндөй сөөк кармалат» дешти. Инимдин өлгөндүгү тууралуу кабар ата-энеме жеткендиктен, сөөктү күтүп ансыз деле соолуп калышкан болчу. Айтсам, алар «Кудайга койдук, баланы кыйнабай алып келе бергиле» дешкендиктен сөөктү алып келе бердик.
Сөөк жууган кишилер Илгиздин төшү менен бөйрөгүнүн үстү жагында окшош болгон көк-ала эки такты көрүшүптүр. Киши колдуу эле болгон окшойт. Инибиздин өмүрүнө кол салган адамдарды Кудайга койдук. Биз кимдин колунан келгенин билип турсак дагы, аны менен күрөшкөнгө алыбыз жетпей жатат.

«БАЛАМ ТЫНЧ ЖАТСЫН»

Илгиздин апасы Майрамкүл Сыдыкова буларды кошумчалады:
– Мен энемин да, баламдын сөөгүн кайра-кайра ачтырып кыйнагым келбей жатат. Эми жок дегенде тынчыраак жатсын. Акыркы жолу уулум менен 9-августта сүйлөшсөм, «апа, 2 айга ашпозчу болуп иштемек болдум» деген. «Белиң ооруса кыйналасың, аман-эсен кел» деп айттым эле. Кызым «жетекчисинин эле колунан келди» деп какшап жатат, бирок жөнөтсөм анын колунан эмне келет?..
Балам эрежесиз эр уруш менен машыкчу. Эми классташтары ай сайын анын элесине арнап айылда спорттук мелдеш өткөрүп турмай болушту.

"Маркум иштеп жүргөн Якутиянын Усть-Нера шаарчасынын тургундары негизинен алтын казуу менен алектенет"

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -5 
Комментарийлер(22)
05.09.2017. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Аллах жазасын берет бир күн. Жаткан жери жайлуу болсун.Ата-эне,бир туугандарына сабыр берсин.
05.09.2017. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ушинтип кала береби эми куноосу барлар жазаланбай?!!?Туууй...(((
11.09.2017. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ekaterinburg, Калбаш үчүн Кыргызстандын тергөөчүлөрү Якутияга барып, орус полицейлери менен бирдикте мекендешибиздин өлүмүн башынан аягына чейин изилдеп чыгып, материалдарды сотко өткөрүш керек. Сотто болсо эл аралык лицензиясы бар биздин адвокат жакташ керек. Бул боюнча мамлекеттер аралык келишим бар. Бирок, ага кеткен чыгымды биз тарап көтөрбү - кептин баары ушунда...
asmera түзөттү 2017-09-11 17:59:26
05.09.2017. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+37
Кыргыздар ар кайсы жерде кор болду.Булардын колдорунан эмне келет дегенсип мамиле жасашат.Ошону биздин чондор ойлонсо болмок.Озубуздо жумуш болсо башкаларга кордолмок эмес
11.09.2017. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurhan2702, Биздин чоңдор ойлонмок тургай, кайра сүйүнүп атышпайбы, "сыртта иштеген кыргыздар 8 айда 1 млрд. доллар которушту" деп. Эгер ал акчалар болбосо, биздин чоңдор эбак эле капут болушмак.
asmera түзөттү 2017-09-11 17:51:54
05.09.2017. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Сабыр тилейм....
05.09.2017. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эхххх байкуш Кыргыздар ушинтип журуп Отот экенбизда
05.09.2017. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Кудайым бирөөгө муктаж кылбасын! Кор кылбасын! Шерменде кылбасын!

Жаткан жери жайлуу болсун! Жакындарына көңүл айтабыз, сабыр тилейбиз! Бечара энеге эле жаман болду.. "Мен өлгөндө көмөт" деп жүргөн уулун өзү көмгөн кандай гана жаман.. Эхх жашоо! Адилетсиз жашоо..
05.09.2017. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин жердешим эле
05.09.2017. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бейиши болсун!!!
05.09.2017. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эхх....Сабыр ,бир тууган,ата энесине .Аллха жазасын берсин ,айдай ачык болуп турат ,киши колдуу болгону ,кантип эле ит ээрчитип барсын...
05.09.2017. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
кыргыздар оздорунун кыздарын оздору сабап интернетке тарткандардын азабы деп ойлойм ушунун баары.булардын эч кимге кереги жок.алы жок деп сабай беришет да башка улуттар эми
05.09.2017. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Gulnaz.GS,туура айтасыз оздорун оздору олтуруп зордоп журушот колдорунан не келет олтурсок билбей калышат дештида
05.09.2017. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
байкуш кыргыздар ааай, журогум ооруп кетти. жакшынакай бала экен. ата-энеси кан жутуп отуруп калышкан тура, кан кое бербестир. жаны жаннатта болсун....
06.09.2017. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сабыр кылгыла.Бул дуйнодо эч нерсе жоопсуз калбайт.Жазасын алат.
07.09.2017. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гулдой уул кыздарыбыз чет жакта каза болуп жатышат. Аллахым нысапты биздин бийликтегилерге берсе экен. Жеп ичкенден башканы ойлобогон ошолор. Мамлекетибиз онуксо экен. Талаалабай озубуздун жерде иштесек кана!
08.09.2017. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым күнөөлүүлорду өзү жазаласын ылайым. Жаткан жери жайлуу болсун, Аллахым кабыр азабынан сактасын аминь
09.09.2017. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун!....
10.09.2017. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын. Мага да армияндар Санкт-Петербургта бычак такап сайгылашкан. Араң качып кутулгамын Аллага шүгүр.. Эң жаман калк келет экен. Ушул убакка чейин эсимен кетпейт. Бул байкуш да попал болгон го
10.09.2017. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар ушундайыбыздын айынан коп кылмыштардын бети ачылбай калды. Соокту экспертизага берип, аягына чейин баруу керек болчу.
11.09.2017. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх Кыргыздар
11.09.2017. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх кыргыздар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо