Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Ырчы Айыманын апасы Айнура Сагынбаева: «МЕНИ АЙЫМАНЫН ЭЖЕСИ ДЕП ОЙЛОШОТ»

№774 1-7-сентябрь, 2017-ж.

Секелек кезинен чыгармачылыкка аралашып, атактуулуктун жүгүн эрте көтөргөн жаш ырчы Айыма шоу-бизнести жаңы деңгээлге көтөрүүнү эңсеп жүрөт. Айыманын апасы, менеджери Айнура Сагынбаева бүгүн бизге кызы тууралуу кызыктарды айтып берет.

«МЕНИН ИШКЕ АШПАЙ КАЛГАН КЫЯЛЫМДЫ КЫЗЫМ УЛАНТТЫ»

- Өзүм музыкалык окуу жайды бүткөм. Мен да кызыма окшоп кичинемде ырчы болууну кыялданчумун. Бирок ал кезде шоу-бизнес деген түшүнүк жок эле. Эл ырчы десе эле жеңил-желпи жүргөн бирөөнү элестетчү. Балким, ата-энем бул кесипке олуттуу карабагандыктан кыялым ишке ашпай калгандыр. Ал эми Айыманын чыгармачылыгынын түптөлүшүнө, калыптанышына жолдошум экөөбүздүн салымыбыз чоң. Анын талантын эрте байкаганбыз.
Айыма 1,5 жашында бир тойдо аябай бийлеген. Элдин баары карап, бир байке келип «жакшы бийлейт экенсиң» деп 50 сом колуна карматкан. Ошол кызымдын биринчи гонорары. Андан соң бала бакчада, мектепте да аябай активдүү болду. 8 жашынан түрдүү сынактарга катышып баштады. Бош убактысы аз болчу, кызыбыз дайыма бир нерсе менен алек эле. Окуусуна, ийримдерге барат, ашкан убактысын биз жөн койбой «жүрү үн жаздырабыз» деп студияга алып барчубуз. 12-13 жашында ырдагандан тажап калганбы, «ырдабайм, ырчы болгум келбейт» деп калды. Ошол маалда Айыма өзү теңдүү курдаштары сыяктуу ойногусу келди. Биз жөн койдук. Кайра жарым жылдан кийин каалоосу ойгонуп, ырдайм деп баштады.

«ИШЕН, БИРОК ТЕКШЕР» ДЕГЕН ЫКМАНЫ КОЛДОНОБУЗ»

- Балдарды ата-эне эч нерсеге мажбурлабаш керек. Ата-эненин да ою болот, бирок баланын каалоосу, ою эсепке алынышы шарт. Айыманы да эч нерседен чектеген жокмун. Мурун ырлары, клиптери үчүн өзүбүз чуркасак, азыр анын баарын кызым өзү кылат, жоопкерчилик өз моюнунда. «Ишен, бирок текшер» деген кеп бар эмеспи, канчалык кызыма ишенсем да, дайыма көзөмөлдөп, чалып «каяктасың, эмне кылып жүрөсүң?» деп текшерип турам. Той, концерттен түнкү бир-экиде келеби, дайыма күтүп отурабыз. Бекем, анан талапты катуу койгон апамын десем жаңылышпайм. Көп нерсеге тыюу салбайм, бирок «акылың менен бол» деп эскертип турам. Азыр Айыманын менеджери өзүммүн. Анткени башка адамды кылсаң кызыкчылыктары төп келбейт же жумушту оюңдагыдай жасабай коёт экен. Биз чогуу жүргөндө эч ким мени Айыманын апасы деп ойлобойт, эжеси, таежеси, тууганы, таанышы болушум мүмкүн, бирок апасы эмес (күлүп). Айыманы 20 жашымда төрөгөм, азыр 39дамын. Кызым экөөбүз окшош эмеспиз. Айыманын кебетеси атасына окшош.

«ТАПКАНЫН САЯКАТТООГО ЖУМШАЙМ ДЕЙТ»

- Балдардын өсүүсүнө жумшалган каражат эң ишенимдүү инвестиция. Биз кезинде эч нерсеге карабай Айыманын чыгармачылыгына эмгек жумшап койгон экенбиз, азыр үзүрүн көрүп жатабыз. Үйдө каржы көйгөйү жаралса, «апа, келиңиз жардам берем» деп тапканын аябайт. Инилерин дүкөнгө алпарып өзүнүн табитинде кийинтип, бизди эс алууга көп алып чыгат. Акча маселесинде сараң эмес. Жакында эле акча топтоп бир курбусун алып Европага саякатка барып келди. Бизге «тапканымдын көбүн саякаттоого жумшайм» дейт. Келечекте чет өлкөдөгү музыкалык окуу жайлардын бирине тапшырсам деген кыялы бар. Учурда «стилимди табышым керек, башка деңгээлге чыгышым керек» деп изденүүдө.

«УЙКУСУ КЕЛСЕ ТУРГАН ЖЕРИНДЕ УКТАП КАЛА БЕРЕТ»

- Үйдө «жумуш жаса, тамак кыл» деп майда жумуштарга мажбурлабайбыз. Көңүлү болсо бардык жумушту жасайт. Бирок той, концерттерден аябай чарчап келгендиктен, кээде кийимчен, телефонун кучактаган бойдон уктап калган күндөрү болот. Азыр жаштардын көбү телефонсуз жашай албаса керек. Айыманын да колунан телефону түшпөйт. Анан тойдобу, концерттеби, кезегин күтүп отуруп эле уктап калмай адатын калтыра албай жүрөм, уйкучу. Чоң ата, чоң энесиникинде жүргөндө эрте туруп, эрте жатып көнүп калгангабы, уйкусу келсе турган жеринде деле уктап кала берет.

«АЯНА МЕНЕН САЛЫШТЫРГАНДАР АЗАЙЫП КАЛДЫ»

- Аяна Касымова менен Айыманы салыштыргандарды такыр түшүнбөйм. Экөөнүн үнү да, стили да эки башка. Болгону экөө бир мезгилде сахнага аттанып, экөө бир куракта болгону үчүн салыштырышат окшойт. Мындай салыштыруу, албетте, адамды бир аз кыжалат кылат. Биз ошондой салыштырууларды бир аз тыюу максатында да Аяна менен чогуу дуэт жаздырдык десем болот.

«25 ЖАШЫНДА ТУРМУШКА ЧЫКСА ДЕЙМ»

- Айымага сөз айткан, ашык болгон жигиттердин баарынан кабарым бар. Кызым менден эч нерсесин жашырбайт. Бирок азырынча олуттуу мамиле кура турган жигити жок. Мен «25 жашыңда турмушка чыксаң болот» деп айтам. Бирок ал «апа, мен турмушка чыкканымды азырынча такыр элестете албайм» дей берет. Эми азыр чоң сүйүү келе элек да. Ал куракка чейин жолугуп калса керек.

«СЫНДАГАНДАР МЕНЕН УРУШУП КЕТЧҮМҮН»

- Айыманын дарегине көп сын деле айтылбайт. Бирок, албетте, баарына жага албайсың. Башында анын дарегине сындаган комментарийлер жазылса, аларга жооп жазып урушуп кетчүмүн. Жөнсүз сындап, жөн эле жаза бергендердин оюн өзгөртүп, туура багытка бургум келчү, бирок андан майнап чыккан жок. Жакшысы, жөн коюш керек экен. Айыма да «жөн коюңуз, андайлар баарына жазышат» деп мени урушуп коёт. Кызымда дагы эле балалык баёо сезим бар, адамдардын баары жакшы, ак көңүл деп ойлойт. Айыманын эң катаал сынчысы менмин. Мактаганга караганда көбүрөөк сындайм.

«ЫРЛАРЫН КӨЧӨДӨН УГУП КАЛСАМ ТОЛКУНДАНАМ»

- Кечээ шаардагы ири соода борборлордун бирине кирсем Айыманын ыры жаңырып жатыптыр. Кулагыма аябай жылуу угулуп, ыры бүткүчө толкунданып кетпей угуп турдум. Кээде ушинтип ашыкча күйөрманы болуп кетем (күлүп). Башында Айыманы сыналгыдан көрсөткөндө туугандар, тааныштар чалып «кызың сыналгыдан ырдап жатат» деп айтып турушчу. Азыр баарыбыз кадимки көрүнүштөй эле кабыл алып калдык
"Айыма саякаттаганды жакшы көргөндүктөн, бизди да эс алууга алып чыгып турат".

Лунара Бекиева
star@super.kg
(Сүрөттөр каармандын өздүк архивинен алынды)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(52)
05.09.2017. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Айыма жагат мага
05.09.2017. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
жаш коруном ошого эжеси деп ойлошот дебептирго.айыма атасына окшош мага окшоштурбайт ошого эжеси деп ойлошот деген болуш керек.
05.09.2017. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айыма мага жагат, бала кыял, сырткы корушуну да жагымдуу. Уй булолук бакыт!
05.09.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айыма сонун кыз а Аянаны ненавижу ошого кантип салыштырышат дейм да.
05.09.2017. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Омей, апасы апасындай эле корунот экен. Эжесиндей эмес. Жаман жаш сезипьирго озуну
05.09.2017. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апасы жакты
05.09.2017. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Эжеси деп ойлошот деп озу эле ойунан чыгарып айтып койгондой же озун аябай жеш сезет....макияж менен сулуу жаш коруносун а макияж жок менин маамдын жашындай коруносун...менин мамам 45 жашта макияжсыз сулуу...сен макияж жок 40 45 жаш коруносун
05.09.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+38
stervella415, маман мн Тен адамды сен дегенин жакшы экен. Тарбиядан да бериптирго.
05.09.2017. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эже , кызынарды абдан сонун кылып тарбиялагансынар..Азаматсыздар!Адамдагы эн башкы сапат бул-жонокойлук.Айыма аябай жонокой кыз. Ак конул ))
Кана эле колумдан келсе , Айыманы коргум бар.
Мен Айыманын номер биринчи фанатымын !
05.09.2017. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жаман эле болупсунар го апасын сындап !
Ар бир аял озун жаш сезуу керек. Эмнени ойлосо , ошол нерсе адамга жабыша берет !
Бирок бул жерде жаш тууралуу соз болуп жаткандай эмес.
Айыма апасына анча окшобойт экен.
Кочодо апасы менен кызы журот. А бирок кыз апасына окшобосо мен деле ойломокмун "аа эжеси же таежеси окшойт "деп..
05.09.2017. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Охоо адамдар мынча ичи тар,негативный болгонунарды койсонорчу эми. Сынчынын сынар отугу майрык деп айткан силердей адамдарды. Мага Айыма абдан жагат. Озгочо Ак бата деген ыры жеткире ырдаган
05.09.2017. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аяна мн салыштыранга болбойт. Айыманы ар ким мн журот деп уккан эмесмин
05.09.2017. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы кыз, жылдыздуу, уну да соонун
05.09.2017. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
чем аянага караганда жонокой бул кыз,аяна шоу бизнестин жигиттеринен колу бошобой журот
05.09.2017. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эң сонун,супсулуу апасы бар экен. Ар бир энеге баласы жөнүндө жалаң жакшы ой-пикирлерди,сөздөрдү угууну насип этсин. Кызыңыз бактылуу,өмүрлүү болсун.
05.09.2017. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйом Айыма бар бол ырлары жагат телимде баардык ылралы бар
05.09.2017. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айыма аябай талантту кыз,талантын оркундой берсин,уй-булон менен бар бол! Апасы жапжаш корунот экен чындап эле
05.09.2017. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Aiyma jakkandarga jaga bersin , bolgonu oz oiuimdu jazdym maga jakpait Aiyma dep.
Emi minustardy jainatkyla ,
05.09.2017. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айыма абдан сонун кыз. Ырлары да уккулукту. Жаман негатив создордон качан арылат экенбиз. Адам оз коз айнеги менен озунун жан дуцносу кандай болсо ошондой корот башканыда. Ийгилик Айымка
06.09.2017. 06:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырлары жакпайт.
06.09.2017. 06:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Вааай Айыма кулгонун эле чо стоит. Жожо десе кана Эми менин синдим болсон
06.09.2017. 06:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыма азамат кыз бактылуу бол .
06.09.2017. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыма азамат! Жонокой тарбия коргон кыз. Ар дайым бактылуу бол. Келечегин кен болуп, чыгармачылыгын оркундоп осо берсин. Кыргыздын сыймыгы бол!!!
06.09.2017. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айыма жаш таланттуу кызсын азамат.Бирок кыргыз болгонунан кийин интервью берген учурларында кыргызча суйлоп журчу.Анткени жасалма суйлоп жаткандай корунот экен
06.09.2017. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айыма жагаткооо
06.09.2017. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыма азаматсыз. Ырларыныз аябай уккулуктуу.
08.09.2017. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айыма азаматсын!
09.09.2017. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызына кыргызча уйротбойсунбу жасанып журо бербей
11.09.2017. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Не переживайте Мамасы,Айыма эн жылдыздуу, акылдуу,токтоо,жонокой,сабырдуу,тушунуктуу бой которбогон тарбиялуу назик жагымдуу кыз,Кудай баардык жагынан берип койгон,Ал Эми Аяна мне не нравится вапще!
Модератор admin_media түзөттү 2017-09-11 10:30:18
11.09.2017. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айыма жакшы ырдайт
11.09.2017. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аяна элдин колдоосуна кооп кетти Айыма молодец
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо