Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

САЛАМ, МЕКТЕП! Ырчылардын 1-класска кадам шилтеген балдары

№774 1-7-сентябрь, 2017-ж.

Кубанычбек Ажыбаев, ырчы:

«УУЛУМ МАТЕМАТИКАЛЫК ЭСЕПТЕРДИ СЕМИЧКЕДЕЙ ЧАГАТ»
– Уулум Алишер Моңолдоров, 7 жашта. Алишер балдарымдын ортончусу. Раллия жана Арууке деген кыздарым бар. Уулум борбор калаабыздагы №4 мектеп-гимназиянын босогосун аттады. Даярдыгы да мыкты. Былтыр ушул эле гимназиянын мектепке чейинки даярдоо курсуна барган. Андан тышкары менталдык арифметика ийримине катышып жүрдү. Математикалык эсептерди семичкедей чагат. Алишер музыкага да жакын. Кандай ыр укпасын дароо илип, нотага түшүрүп ырдап кетет. Чет тилдеги ырлар болобу, кыргыз ырлары болобу баарын аткара берет. Социалдык тармактарда видеолору бар. Музыкант катары талантын баалайм. Өзү белгилүү ырчы, композитор Уилли Уильямды кумир тутат. Жергиликтүү ырчылардан Аскат Мусабеков, Нурлан Насипти анан Кубанычбек Ажыбаевди (күлүп) жактырат.

Алишер: «ЧОҢОЙГОНДО МИЛИЦИЯ, ЫРЧЫ ДА БОЛОМ»

– Атам айткандай эле ырдаганды жана математиканы аябай жакшы көрөм. Жана китеп окуганды да. Азырынча классташтарымды тааныбайм. Бирок эжейимди тааныйм. Буюрса, бардык сабактардан жакшы деген баа алып, жакшы окуучу болом. Анткени мен чоңойгондо милиция анан ырчы болом да.

Анжелика Бекболиева: «ЭЛИМА АРАКЕТЧИЛ, ТЫҢ КЫЗ»

– Үйүбүздүн ортончусу Элима Бекболиева мектепке баргысы келип ашыгып жүргөн кези. Жазганды, окуганды өздөштүрүп калган. Бою узун болгондуктан сырттан караган кишиге 2-3-класстын окуучусундай көрүнөт. Көптөр кызыгып сурап да калышат. Элима тың, аракетчил кыз. Бала бакчада жүргөндө эле активдүү болчу. Буюрса, мектепте да эң алдыңкы окуучулардан болот деп атасы экөөбүз ишеним артып жатабыз.

Элима: «МЕКТЕБИМДИ ӨЗҮМ ТАНДАДЫМ»

– Мектепке барам деп абдан жакшы даярдандым. Аппак бантик тагып, мектеп формасын кийип, рюкзак көтөрүп алып мектепке барам. Аябай көп окуу куралдарын сатып алдык. Мен окуй турган мектепти өзүм тандадым. Атам, апам болуп бардык мектептердин тизмегин түзүп, анан Айыма эжем барган «Сапат» мектебине барууну чечтим. Мурда «Сапаттын» бала бакчасына баргам. Кошумча комуз чертүү, бий жана ыр ийримдерине да барам.

Гүлнара Калдарова, ырчы:

«КЫЗЫМ СӨЗДӨРДҮ МУУНГА БӨЛҮП ОКУЙТ»

– Кызым Аяна Мырзабекова, 6 жарым жашта. Бишкектеги орус тилдүү мектептен билим алат, буюрса. Мектепке чейин 4 жашынан тартып жеке менчик бала бакчага барган. Андан кийин мектепке чейин даярдоо курсуна алып бардым. 1 жыл ичинде көп нерселерди үйрөндү. Азыр сөздөрдү муунга бөлүп окуй алат. Кызым чыгармачыл, сүрөт тартууга, бийлөөгө кызыгуусу зор. Окуу башталганга чейин мектепте чогулуш болгон, Аянаны ээрчитип барсам «чын эле ушул мектепте окуймунбу?» деп кызыгып сурап, башка окуучуларды көрүп өзүнчө эле сүйүнүп жүрөт.

Аяна: «МЕКТЕПКЕ БАРГАНДА КИТЕПТИ КӨБҮРӨӨК ОКУЙМ»

– Мен тамгаларды, сандарды билем. Ошондуктан мектепке баргандан корккон жокмун. «Орус мектепке барасың» деп апам менен атам айтышты, мен макул болдум. Мектепке деп окуу куралдарын, сонун кийимдерди сатып алдык. Аларды мага апам тандап берди. Мен интернет менен досмун. Ал жактан ар кандай мультфильмдерди көрөм. Бирок мектепке барсам китепти көбүрөөк окуйм. Мурда бала бакчада жүргөндө бийлечүмүн. Эми дагы бий ийримине, мектепке барам. А чоңойгондо өзүмдүн сулуулук салонумду жана дүкөнүмдү ачып, иштетем.

Гүланда, ырчы: «КЫЗЫМ СЫНАКТАН ӨЗ КҮЧҮ МЕНЕН ӨТҮП КЕТТИ»

– Кызым Райяна Карымова 2010-жылы төрөлгөн, 7 жашта. 4 жашынан тарта бала бакчага барды. Бала бакча менчик болгондуктан мектепке даяр болуп тарбияланып чыкты. «Сапатка» атайын сынакка катышып, өз күчү менен өтүп кетти. Азырынча кыргыз, орус, англис тилдеринде, кийинчерээк түрк тилинде окутат экен. Комуз жана менталдык арифметика ийримдерине жаздырдык. Анын үстүнө шарттары да жакшы экен. 3 маал тамак-аш беришет. Эртең менен саат 8 жарымдан кечки 5ке чейин ошол жакта болуп, үйгө берилген тапшырманы ошол жактан бүтүрүп келет. Кызымды үйдөн окутуп убара тартпайт экенмин.

Райяна: «МЕКТЕБИМДЕ ШОКОЛАД БЕРЕТ»

– Классташтарым менен тааныша элекмин. Бир аз күндөн кийин таанышып, баары менен дос болом. Мага мектебим аябай жагат, анткени ал жактан бизге шоколад беришет. Бардык сабактарды жакшы көрөм. Күндө «5» деген баа алып, апам менен атамды кубантам. Анткени мен чоңойгондо дарыгер болом. Ошон үчүн жакшы окуш керек.

Бактыгүл Момбекова
star@super.kg


Атактуулардын балдары 1-класска аттанды

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(15)
Медиа-портал
01.09.2017. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Anjelika judop kaliptir baikush, boorum oorup ketti.negizi enesi tuura jol korsotkondo mindai bolmok emes, barkinan kettirip.
Медиа-портал
03.09.2017. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Iaboom Анжелика эмнеге жудоп калат тушунбодум?
Медиа-портал
04.09.2017. 04:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Jaziel,kamerani karai albai, kozdoru shishigen,
Медиа-портал
03.09.2017. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жудобой элэ жакшынакай болуп туратго.Балдардын келечеги кен болсун!
Медиа-портал
04.09.2017. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эмнеге жудойт эле ушак соз учун,просто уйкусу канбаган 31-августь туну концерттен кеч барган болуш керек,анан эки кызды мектепке даярдаш онойбу Эне учун. Негизи форумчулар жазганда дагы этият болушубуз керек ушак Эр олтурот деген макал бар улуу кыргыз элимде.ушактан алыс болойлу,бактылуу болушсун и все
.
Медиа-портал
04.09.2017. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
zikirovna,aitilgan sozdor ushak bolboi ele chin chigip atat ko chetinen.........?
Медиа-портал
05.09.2017. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
laboom,бизге баары Бир эмеспи чынбы жалганбы главное уй булоосу бузулуп кетпесе болду да,жаш кезинде кимдер кана журбогон жигит жандап,ар Ким Оз жашоосун ОЗУ билет
05.09.2017. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Anjelikadan bashka dagy yrchylar jokpu , kaisy maeginer bolbosun Anjelika.

Baardyk boboktordu mektep bosogosun attashy menen kuttuktaim,
Aidan88 түзөттү 2017-09-05 10:14:48
05.09.2017. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул сандада Анжелика,тажабай биз дагы окуй беребиз мактангандарын
06.09.2017. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
legion-arbat, tuura aitasyz , osho maktangandaryn okubai le koeun deisin jakshy le bashka yrchylardy okup kelatsan ele Anjelika chyga kalat da ,
08.09.2017. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
legion-arbat,ии кийинки санда очошконсуп тышына чоон суроту чыгыптыр))
05.09.2017. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сабат турк лицейиби?
05.09.2017. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Shanel007,оа.
06.09.2017. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Shanel007, себатты сапат деп озгортушуптур
12.09.2017. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анжелика байоо болчум дейтго бирок ишениш кыйын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо