
Милиция кызматкеринин образы менен элге таанылган кер мурут актёр Аскат Сулайманов SUPER.KG порталында конокто болду. Эмесе, эфирдин жүрүшүндөгү кызыктуу суроо-жоопторго назар салыңыздар.
– Сиздин образыңызга мурутуңуз көрк берсе керек. Тасмага тартылуу үчүн кандай курмандыктарга бармаксыз? Мисалы, чачыңызды кырып таз болуп, салмак кошуп дегендей?
– Бул жаатта өзүмдү көп эле жолу кыйнагам. "Арыкта, салмак кош" дегендер болот. Бирок көрөрмандар тааныбай калышат экен. Жадакалса мурутуңду ал дешкен. Бирок мурутумду өтө кымбат баага алам. Канча жыл тасмада роль жаратып жүрүп бир эле жолу мурутумду алдым. Бир жолу режиссёр «Кыргыздын алгачкы актёрлорунун бири Алжан Сарбагышев тууралуу даректүү тасма тартканы жатабыз, акчабыз жок эле» дешти. Ойлонуп, кийин мен өтүп кетсем, бирөө-жарым «Аскаттай болгон мага жарашпайт» деп, менин ролума өң бербей койбосун дедим. Чынын айтыш керек Алжан Сарбагышевди кадырлаганым үчүн мурутумду алып, бекер эле тартылып бердим. Мурутумду алгандан кийин жумушка барсам, театрдын көркөм жетекчиси Марат Козукеев «Эмне ооруп жатасыңбы? Же ичтиң беле?» дейт. «Жок» десем, «ай атаң, мурутуңду алып салган турбайсыңбы, сага жарашпайт экен, мурут коюп эле жүрчү» деп жатпайбы.
– «Айыл өкмөтүндөгү» участковыйдын ролу менен бир дүң эттиңиз эле. Эми дагы ошондой ролду качан жаратасыз? Сиз тартылган тасма популярдуу болорун алдын ала туясызбы?
– «Айыл өкмөтүнө» 22-23 жашымда тартылып, атактуу болгом. Ага чейин мени эч ким таанычу эмес. Ооба, жакшы роль жаратам. Бирок дайыма эле башкы ролдо мен ойной бербейм, менден башка актёрлор да бар. Бир эле жолу башкы ролдо ойноп, атактуу болуп, өтүп кетишибиз мүмкүн. Кудайга шүгүр, 3 тасмада башкы ролду ойнодум. Тасмага тартылып жатканда алдын ала эле популярдуу болорун туям. Мисалы, «Президент жана бомж» тасмасы. Башкы ролго тартылууга чакырышкан, бирок гонорары аз болчу. Анан сценарийди окуп көрүп, жактырдым. Гонорарын көбөйтсөңөр тартылам десем, «жок» дешти. Анан тасманын продюсери келип «Аскат, эгер тасма ушунчалык жакшы болуп кетсе, азыркы сумманы 3-4 эсе көбөйтүп берем» деди. Ошентип тасма элге алынып, продюсер айтканын аткарып көп акча кошуп берди.
– Сиз биринчи аялыңызга «көп бала төрөйм десең тий, төрөбөйм десең тийбей эле кой» деп шарт койгон экенсиз. Экинчи аялыңызга кандай шарттарды койдуңуз эле?
– Муну аябай жакын адамдарым билчү эле (күлүп). Экинчи жубайыма деле шарттарды коюп, анан үйлөнгөм. «Биринчи никедеги балдарымды, өзүңдүн балдарыңды караганга алың жетеби?» деген суроолорду узатып жатып баш кошконбуз.
– Аскат мырза, тасмадагы актёрдук чеберчилигиңизди айрым учурда жеке турмушуңузда колдоносузбу?
– Албетте, ансыз болбойт да. Кээде келинчегиңе айтпай турган учур болуп калат, анан алдаганга туура келет. Мисалы, келинчегиң досторуңдун бирөөсүн жаман көрөт. Бул бардык эркектердин башында бар. Анан ошол досуң менен отурганыңды айтсаң «эртерээк келбейсиңби, эмне кылып жүрөсүң?» деп баштайт. Ошондой кырдаалда «өкүл атам менен отурам, сага салам жолдоп жатат» десең, «ии, саламат болсун, өзүнө да айтып кой» деп созулуп калат. Үй-бүлөнү сактап калууда актёрдук чеберчиликти колдонуп коюу туура. Баса, өткөндө бир актёр эфирден «жок, андайым жок» дейт. Айтып коёюн дедим «калп айтпа» деп. Анткени аны мен жакшы билем да.
– «Балдарым жакшы, аларды төрөгөн апасы жаман» дегендей айтканыңыз бар. Жакшы балдарды төрөгөн эне жаман болмок беле?
– Суроону кайын журтумдан берип жаткан го (күлүп). Ушул убакка чейин балдарымдын апасын жаман дей элекмин. Балдарыма «апаңарды жамандабагыла, ал канткен күндө да силердин апаңар» деп турам. Күнү бүгүнкүгө дейре Эльмира экөөбүз телефон аркылуу сүйлөшүп турабыз. Ажырашып жатканда «дос бойдон калабыз» деп сүйлөшкөнбүз, азыр да доспуз.
– «Айыл өкмөтү» тасмасынан жардам сурап келген кемпирдин келинин кантип бат эле тарбиялап койгонсуз. Жашоодо да тасмадагыдай аялзатына жакынсызбы?
– Тасмада ал кыз аябай эле ажаан келиндин ролун аткарат. Мен кемпирге боорум ооруп, жардам берип коёюн дегем. Эми кандай болгонун айта албайм. Жашоодо аялзатына жакынмын, бирок тасмадагыдай эмес. Сөздүн ачыгы «подружкаларым» көп. Күйөөсү менен ачылып сүйлөшө албаган досторум бар. Аялзатына жакынмын дегеним көңүлүм менен эмес, акылым менен жакынмын дегендик.
– Биринчи жубайыңыз макул болсо, эки аял менен чогуу жашайт белеңиз?
– Жок. Эки аял менен жашаганды өзүм каалабайм. Депутаттар өздөрү жашай берсин. Негизи колдон келсе ажырашпаш керек. Эми турмушубуз ушундай болуп калды, аны элден жашырайын деп аракет кылдым. «Кыңыр иш кырк жылда билинет» дегендей элге жайылып кетти.
– Ажырашып жатканда балдарыңыз менен аялыңыздын кийинки жашоосуна кам көрдүңүзбү, азыр кам көрөсүзбү? Материалдык жактан эмне калтырдыңыз?
– Эльмира экөөбүз тапкан 5 бала бирде апасыныкында, бирде меникинде, аларга ата-энелик мээримди жетиштүү эле берип жатабыз деп ойлойм. Биринчи жубайыма колумдан келишинче жардам берип турам. Айлыгымдын бир канча пайызы Эльмиранын эсебине ай сайын бөлүнүп турат. Балдарымдын кийим-кечелерин, эс алуусун камсыздап берем. Ырас, бул ирет мектепке барчу кийимдерин алып берген жокмун. Үй куруп жатканыма байланыштуу болуп калды. Эльмира да түшүнүп, уруш-талаш болгон жок. Эки кызым, бир уулум жайкы эс алуу аяктаганына байланыштуу мектепке деп апасына кетишти. Уулдарымдын бири Италияга иштегени жөнөп жатат, ал эми бирөөсү аскерге барганга камданууда.
– «Атадан артык уул, атага тең уул, атадан кем уул» дейт эмеспи. Кайсынысы сизге мүнөздүү?
– "Атадан артык болдум" деп президент да айта албайт. Атасы болбосо кантип жаралып, кантип өлкө башкармак эле? Мен атасыз чоңойдум, бирок атам менен катышып турам. Ал кишиден артык уул болбосом керек. Бирок атамды таап чай ичишип калганым үчүн, ал кишиге тең болушум ыктымал. Балким, кем деле болушум мүмкүн.
– «Путин деле ажырашты, мен ажырашсам эле сөз кыласыңар» дегенсиз. Жашоо жакшыбы?
– Килейген державанын президенти Путин ажырашканда бир эле жолу интервью берди, бүтүп калды. Алакандай Кыргызстандагы кичинекей актёр ажырашты эле, азыркыга чейин сөз болуп бүтпөйм. Орустардын деңгээли жогору, "ажырашса эмне болуптур" деп коюшат. Бизде кемирип салышат. «Өзүн Путинге теңеп алыптыр» деген комментарийлерди окудум. Өзүмдү ал кишиге теңей албайм, теңегим келбейт. Кыязы Путинден өйдө турам го, аныкы ошондо эле жабылган. Меники азыркыга чейин унутулбайт.
– Кыргызстан сиз үчүн...
– Мекеним. Чет жерлерде көп болдум. Башка мамлекетте узакка жүрө албайм, бир жума араң чыдайм. Жашоо-турмушу, шарты, баары сонун. Бирок эмнегедир Кыргызстандын абасына, чаңдаган жолуна тең келбейт. Балким, мен бардар турмушту жаман көрөм же мекенимди ашыкча сүйөм.
"Кудай буюрса Мээрим экөөбүз наристе күтүп жатабыз"
"Жалгыз эркек көп кордук көрөт экен. Ошондон улам көп балалуу, баатыр ата болом дечүмүн бала кезимде "
Бактыгүл Момбекова
Адилет Бектуров
Даярдаган жокмун деди го
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
менда баатыр ата болом ажырашпайт болчум
Бироонун жашоосунда эмнелер болгонун биз билбейбиз бирок бироого кор бироого зар бала.Ушунча бала чака тороп Берген аялына жалка.Аялы Эми жаман болуп калыптырбы?
Балдар балдар жалко.
Super.kg yigilik silerge,
Саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.