Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ГҮЛЖИГИТ, САМАРА ЖАНА НУРАЙЫМГА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН АРТИСТИ НААМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

№774 1-7-сентябрь, 2017-ж.

Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 26 жылдыгында өлкө президенти тарабынан бир катар өнөрпоздор мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамы ырлары менен бир канча муунду тарбиялаган Анапия Райымбекова өңдүү ырчы менен катар кыргыз сахнасына кечээ жакында пайда болгондорго, алсак, Гүлжигит Сатыбеков, Самара Каримова, Нурайым Азыкбаевага да берилди. Андыктан президенттин жарлыгы чыгары менен «бул татыктуу, тигил татыктуу эмес» деген талкуулар башталды. Айрыкча сындар Самара Каримова менен Гүлжигит Сатыбековдун дарегине жаай баштады.
Самара Каримованын жолдошу Асан Мансуровго былтыр Маданиятка эмгек сиңирген ишмер наамы берилген. Ал эми ушул жылдын 28-июнунда маданият министри Самара Каримованы Ош шаарындагы "Сулайман тоо" музей-комплексине директор кызматына дайындаган. Жолдошу аталган министрликтин түштүк аймагы боюнча башчысы болуп эмгектенгендиктен коомчулукта «Мыйзам боюнча бир үй-бүлө мүчөлөрү мамлекеттик кызматта түздөн-түз бирине-бири баш ийген кызматты ээлебеши керек» деген сындар көп айтылды. Мындан улам ырчы кызматтан баш тартууга аргасыз болгон. Шоу чөйрөдө "Ак үйдөгү таасирдүү адамдар менен Асан Мансуровдун үй-бүлөлүк катышы бар" деп айтылып келет. Самара Каримовага ардактуу наамдын ыйгарылуусуна коомчулук мына ушул жагдайлардан улам көбүрөөк сын айтууда.
Бирок Самара Каримова акыркы жылдары активдүү иштеп, катарынан ыр жаздырып, клип тарттырып, Ошто, Бишкекте жандуу үн менен концерт берип, талантын таптап жүрөт. Ушундай аракеттеринин негизинде ал кыска убакыт ичинде өз күйөрмандарын таап, алардын колдоосуна арзый алды.
Сахна артында «Жигули, Москвичтер, жүгөрүлөр тууралуу ырдасаң, анан наам берилет» деп Гүлжигит Сатыбековго наам берилишин какшыктагандар да көп болууда. Ушундай жагдайда Шайлообек Дүйшеевдин айткандары эске келет. Кыргыз эл акыны сүйдүм, күйдүм деген ырларды жаза берүү менен эле акын болуп кетпестигин, чыныгы акын болуш үчүн элинин тагдырын ырга салышы керектигин түшүнгөндөн тартып кайдыгерлик, эне тил, карылар үйүндө жакынын күткөн энелер темасына кайрылып, карапайым элдин тагдырын жаза баштаганын айтканы бар. Ошол сыңары Гүлжигит Сатыбеков дагы жеңил-желпи тамашалуу ырлары менен катар чет жерлерде жашап-иштеп, турмуштун азабын тартып, ошого карабай ийгиликке да жетип жаткан кыргыздар тууралуу ырдап келет. Өлкөнүн кайсы тарабына жөнөбөгүн, таксиде баратып Гүлжигит Сатыбековдун ырларын жок дегенде бир ирет угасың. Орусияда жүргөн мигрант мекендештерибиздин ар биринин телефонунан "Москва" деген ырын угууга болот. Гүлжигит Сатыбековдун бул өңдүү элдин тагдырын ырдаган ырлары карапайым элдин жүрөгүнөн орун таап, өздүк болуп, элдик болуп жайылып кеткени чындык.

Көпчүлүктү бул ирет дагы мамлекеттик сыйлыктарга Кыргызды жакшы жагынан тааныткан Кайрат Примбердиев, Жийдеш Идирисова өңдүү ырчылар илинбей калганы нааразы кылды.
Эгемендүүлүк күнүндө таң эрте тараган кабардан улам сыйлык алган ырчылар менен байланышып, кубанычын тең бөлүштүк.

Нурайым Азыкбаева: – Кенедейимден музыкага аралашып, бир эмес, үч музыкалык окуу жайды бүттүм, өз өлкөмдүн атынан көп сынактарга катышып ушул сыйлыкты алып жатам. Сыйлык алганымды мага түндө апам сүйүнчүлөп чалды. Мен сыйлыкты татыктуу эле алдым деп ойлойм.

Самара Каримова: – Бул сүйүнүчтүү кабарды укканда кубанганымдан көзүмө жаш алып ыйлап жибердим. Атам катуу сүйүнгөнүнөн кан басымы көтөрүлүп, мурдунан кан кетиптир. Чынында бул сыйлыкты атам алыш керек эле. Бирок менин алып жатканыма эки эсе кубанууда. Сыйлык меники, сыймык кыргыз элиники. Менин ырчы болуп, элге таанылышыма "Супер-Инфо" гезитинин салымы чоң. Андыктан сиздердин жамаатка терең ыраазычылык билдирем.

Гүлжигит Сатыбеков: – Сыйлык алганымды досторум чалып сүйүнчүлөштү. Толкунданып, кубанып жатам. Ал эми сыйлык алгандагы сезимдер тууралуу сыйлыкты колго алганда бөлүшөйүн.
Өнөрпоздор мындан ары да талыкпай эмгектенип, чыгармачылыктагы ийгиликтери менен кыргыз элин кубандырат деген ишенимдебиз. «Супер-Инфонун» жалпы жамааты сыйлык алган инсандарды куттуктайт!


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(79)
05.09.2017. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
А Гулжигиттин наамы туурале, куттуктайм
05.09.2017. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Илмиянов Самаранын аяш авасы окшойт ааа наамды мына сага деп бердирип койду эмдиги жылы Эл артисти наамын алат го......
10.09.2017. 07:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ashamkan,
Туура айткансын!
Мен да теманы окуп жатып аягында коммент жазайын деп жаткам так ушул " Аяш аба Илмияновдун туугандары окшойт"-деп.
05.09.2017. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Гулжигит байкенин наамы куут болсун Самара менен нурайымга эртарак берилип калды окшойт эмгеги сине элек
06.09.2017. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Гулжигит татыктуу эле сыйлык кут болсун!
10.09.2017. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Alixan-Nookat.2015,кошулам
05.09.2017. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Гулжигит Сатыбековду куттуктайм,ал сатып алды деп ойлобойм ырларын эл суйуп угат,эки гана ыры женил желпи деп ойлойм' тико менен жугоруну мака деп деген,Самараны директор болбойле кой наам беребиз деп, келишишкенго
05.09.2017. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Гулжигит ото татыктуу. Ырлары жалан жашоо кайгы кыскасы баары уккулуктуу. Самара Каримова да жакшы ырдайт.
06.09.2017. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
бир дегенден эле баарын самарага жабышыпсынарго.озунор ошончолук ырдай аласынарбы.наам алса ошол эмгек кылганы учун алып жататта.анчалык ичинер тар болбосо
06.09.2017. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Гулжигит 20-30 жыл эмгектенбесе да коптогон ырлардын автору жана мыкты аткаруучу болгону учун ушул наамга татыктуу.Куттуктайм!
06.09.2017. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Гулжигит Сатыбеков татыктуу Эле Ал Эми Самарага куноосу сатып бергени билип турат
06.09.2017. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен да ар кимдин ырын ырдам чыгып, наам сатып алам го самарахон дой болуп
09.09.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aman0296, Чык. Кутобуз.
06.09.2017. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Самаранын алганы туура болбой калыптыр калганы баары тушунуктуу эле болуп калды окшойт.
06.09.2017. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ильяз Абдразаковго берсе жарашмак, Самарага эмес. Чындык жок экен! Пулун болсо кулунмун заман!
06.09.2017. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Samara 10-15 kundop koigon kontserti uchun aldyby?! Guljigit kaisy aryna aldy?! Degi koichu Ushunday syaktuu yrchylarga tapshyrylgan syilyktyn dagy barky ketti. Algyla baarynar algila. 20 jyl emgektenip jurgon yrchy kuuduldarga berbegenden kiyin tushunso bolot akcha, taanysh arkiluu alyp jatkandarin.
07.09.2017. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Гулжигит татыктуу,
07.09.2017. 07:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Siylyk ozuno le kut bolsun Samara, siylyk meniki eldiki deisin ,el Bergen jok al syilykty.ooba tuura aitypsyn taanylyshyma superinfonun salymy bar dep ,albette super infonun AR bir sanynda chygyp atsan el seni taanybagandachy anan.osho super infodon kechke chyga berip eldi tajatyp yidin okshoit, bashkysy ata ene ui bulon m.n bar bolchu.el bilet, el tarazalait kandai yrchy bolbosun,aman bol ,ozun emi bir yr jazchy,eski yrlardy yrdabai le.koro albastyk ichi tarlyk emes, kyskasy emgegin sine elek
07.09.2017. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Гулжигит татыктуу,бирок эмгеги синбеген Самарага эмнеге берилди эмгеги акча берип синсе керек.Болбосо 20-25 жыл эмгектенип аз болсо да ошол маянага каниет кылган маданият учун жанын берген канчалаган комускодогу адамдар калды аларды Самарага окшоп которгон куйоосу чондор менен катыштыгы жок болгону учун дагы деле журушот эмне учун жон гана кечээ эле ырдап чыккан адамга беришет.Ал кимге эмгеги синди ???? Эмгек синирген артисти алыш учун элге дагы кооп кызмат кылыш керек жок эле дегенде 10-15 жыл
07.09.2017. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эл тараза ,эл сынчы Самара эл айта берет деген менен кичине уят болуш керек.Канчалаган улуу адамдар эмгеги кыргыз элине сингендер калды. кино,театр жаатында,ошол эле Филармонияда оркестрда ойногон адамдарчы? Самара жакшы ырдайт уну жакшы бирок кечээ эле тааныганбыз дагы эмгектен.Ушул наамга татыктуу болом десен
07.09.2017. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Акча менен сатып алса силер да сатып алгыла анда.Сахнага чыгып бир ырдагылачы анан коробуз.Сындап койуш баарына оной
07.09.2017. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурайым Ким тааныбайт экенмин
08.09.2017. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jibeka09,мен да тааныбай жатам
08.09.2017. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jibeka09,фамилиясына караганда Курмангазы Азыкбаевдин кызы окшойт
07.09.2017. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эн негизгиси озундон бир топ жаш улуу, кызматта турган, байланыштары бар адамга чыгыш керек экен. ошондо байлык, жетекчилик кызмат, эл толгон 19 кундук концерт, наам да болот экен го.... шумдугун кургур
09.09.2017. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
deya_deya,Колундан келебичык. Силерди ким токтотуп жатат. Самарага Гулжигитке сын жазгандар ичинер тар, көрө албассынар. Силер эмнени кыйратып койдунар. Эл учун же өзүңөр учун. Гулжигит. Самара алга. Азаматсынар!!!
07.09.2017. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Гулжигиттин ырлары журөктү эзет да уккан сайын тажабайм баары турмуштан алынган, мага эле эмес көбүнө жагат экен демек татыктуу куттуктайм. Самара сөз жок сыйлыгын тапшырып койсо деле болот
07.09.2017. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гулжигитти куттуктайм татыктууу калганына сөз жок
08.09.2017. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гулжигит чынындале татыктуу,элдер ырларын суйуп угат,сыйлыгы кут болсун.
09.09.2017. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардыгы татыктуу наамынар кут болсун.
09.09.2017. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Самаранын мумкун озунун ыры аздыр, бирок жандуу ундо анча мынчаны алдына салбайт!!! К
09.09.2017. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Неля атабеков сыяктуулар деле наамдарды алып журушот го. Алар деле кечеки эле ырчылар го. Эмнеге аларга эч ким унчуккан жок
10.09.2017. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Гүлжигит менен Самара сыйлык алыш керек негизи.
10.09.2017. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
элдин музыкалык денгээли ушунчалык пас деп ойлобогом.Гулжигиттин эмнеси ырчы.Нурайым Азыкбаева татыктуу.А самара дегендин ырын билбейм.атасындай куйоосу бар.анан саунасы бар деп эсте калган
11.09.2017. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулжигит татыктуу деп ойлойм, ал эми Самарага келсек ал болгону аткаруучу эч кандай обону же ыры жок негизи эле эмгек синген артисти жок эле дегенде маданият жаатында 15жыл эмгек кылыш керек деп ойлойм
12.09.2017. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол наам канча турат экен бизда алайлы.)))
12.09.2017. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит Сатыбековдун озунун чыгарган коптогон ырлары менен белгилуу, эмгеги бар, алса жарашат. Ал эми Самара Каримова бироолордун ырларын ырдап, анысы аз келгенсип бузуп ырдайт. Алы жетпеген ырларды ырдап чыгат. Таптакыр туура эмес алды. Тойлордо дагы ии, баягыбы деп уккусу келбеген элди коробуз.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо