№774 1-7-сентябрь, 2017-ж.

«Булбулум» деп боздоп ырдаган айтылуу фольклор ырчысы Элмира Кайып кызы 31-август күнү мезгилсиз дүйнө салды. Кесиптештеринин айтымында, ырчы акыркы жылдары боор оорусу менен жабыркап жүргөн. Маалыматты редакцияга сахналаш кесиптеши Нуриса Абазова кабарлады. Ал өз сөзүндө: «Жаңы эле Элмиранын Гүлнур деген курбусу чалды. Ал кызга Элмиранын агасы бул суук кабарды айтып чалыптыр. Ишене албай отурам»,- деп ыйлады. Эске салсак, Элмира Кайып кызы 1975-жылы Ысык-Көл облусунда туулган. Элмирбек Иманалиевдин «Булбулум» аттуу ырын аткарып чыгып калың элге таанымал болгон. Ырчынын жакындарына «Супер-Инфо» гезитинин эмгек жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |