«КАЛЫҢ БЕРИШСЕ ДА СЕПТИ ТАЛАШУУГА УКУКТАРЫ ЖОКПУ?»

№774 1-7-сентябрь, 2017-ж.

«КАЛЫҢ БЕРИШСЕ ДА СЕПТИ ТАЛАШУУГА УКУКТАРЫ ЖОКПУ?»
Окурмандардан келген суроолорго «Арстанов и Ко» компаниясынын юристи Айнура Мамашова жооп берет.

- Жолдошум экөөбүз сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Эки ай жашагандан кийин жылдызыбыз келишпей калдыбы же башкалардын жашообузга киришкени себеп болдубу, айтор ажырашып кеттик. Нике күбөлүгүн алган эмеспиз. Кетеримде «себимди алып кетейин» десем, кайненем «биздин да акча кеткен» деп талашып бербей койду. Эч кандай калың деле беришкен эмес, болгону айылга тойчук өткөрүшкөн. Анын кылганы туурабы? Угушумча калың берген күндө деле септи талашууга жигит тараптын укугу жок экен го. Чынбы?

Шаттыгүл, Баткен району


- Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинде көрсөтүлгөндөй, никелешкенге чейинки мүлк кыз-жигиттин өз-өзүнө гана таандык болуп саналат. Ошондой эле никеге тургандан кийин берилген белектер да өздөрүнө гана тиешелүү. Сеп бул – кызга ата-энеси тараптан берилген белек. Андыктан аны кайненеңиздин талашууга укугу жок. Эгер бербей жатса сепке эмнелер берилди эле, ошонун баарын тизмелеп жазып, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылсаңыз болот.

Айта кетчү нерсе, калың баш мыйзамда каралган эмес, андыктан калыңды доолай алышпайт.

МУГАЛИМ ОКУУЧУНУ КЛАССТАН ЧЫГАРЫП САЛУУГА УКУГУ БАРБЫ?»

- 2017-жылы 4-чейректе физика мугалими 9-класста окуган уулумду «тентектик кылдың, экинчи сабагыма кирбе» деп класстан чыгарып салган экен. Биз мындан кабардар болгон эмеспиз. Эжейине өчөшкөн уулум сабакка кирбей жүрө берип жыйынтыгында, чейрегинен «2» чыгыптыр. Мугалим окуучуну класстан чыгарып салууга укугу барбы?

Фарида, Чүй району

- Билим берүү министрлигинин мугалимдер боюнча атайын жобосу бар. Анда көрсөтүлгөндөй, мугалим окуучуну окутуп-тарбиялоого гана укуктуу, класстан чыгарып салууга укугу жок. Эгер окуучу чындыгында тартип бузса, анда мектеп администрациясы жана ата-эне сөзсүз кабардар болушу керек.

«ТӨРӨТ ҮЙҮНДӨ МААЛЫМДАМА ЖАЗЫП БЕРҮҮ ҮЧҮН АКЧА СУРАШТЫ...»

- Жакында уулдуу болдум. Келинчегим кесарево жолу менен төрөдү. Сурайын дегеним, дарыгерлер төрөт үйүнөн балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууда берилчү маалымдаманы жазып берүү үчүн акча сурашты. Келинчегимди караган дарыгер да акча талап кылды. Алардын бул жоругу мыйзамга туура келеби? Өз укугумду билгим келет, сураныч, жооп берип койсоңуз.

Бакыт, Бишкек шаары


- Жогоруда сиз санап өткөн нерселер Баш мыйзамда каралган эмес. Нормативдик укуктук актылардын негизинде түзүлүшү мүмкүн. Негизи ар бир тейлөө мекемелеринде прейскурант болушу шарт, акча талап кылган кезде аны көрсөтүүнү талап кылыңыз. Ал жерде бардык баалар көрсөтүлүшү керек. Мисалы, төрөт үйлөрүндөгү прейскурант Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин же сиз кайрылган мекеменин профсоюзу тарабынан бекитилип, башчысы тарабынан мөөр жана кол тамга коюлушу шарт. Прейскурантта көрсөтүлгөн суммаларды гана төлөөгө укуктуусуз.

«НИКЕГЕ ТУРГАН ЭМЕСПИЗ. АЛИМЕНТ ТӨЛӨТӨ АЛАМБЫ?»

– 6 айлык уулум бар. Жолдошум экөөбүз нике күбө­лү­­гүн ала электе ажырашып кеттик. Эми балама туулгандыгы тууралуу күбөлүктү кантип алам? Колумда төрөт үйүнөн алган туулгандыгы тууралуу гана маалымдама бар. Атасынан алимент тө­лөтүп алууга укугум барбы?

Мадина, Кара-Балта шаары


- Мамлекеттик жарандык каттоо органына кайрылып, уулуңузду өз наамыңызга каттатсаңыз болот. Эгер жолдошуңуз уулуна өз фамилиясын берсе алимент төлөтө аласыз. Фамилиясын берүүдөн жана алимент төлөөдөн баш тартса, анда атасы экендигин аныктоо боюнча сотко кайрылсаңыз болот. Сот сиздин жолдошуӊуздун баланын чыныгы атасы экендигин тастыктаган далилдерге таянып чечим чыгарат. Соттун чечими чыккан соӊ никеге турбагандыктан балаӊыз 3 жашка чыкканга чейин алимент өндүрүүгө укуктуусуз.

«ТҮНКҮ КЛУБ, КАФЕЛЕРДИН ИШ ГРАФИГИНЕ ЧЕКТӨӨ КИРГИЗҮҮГӨ БОЛОБУ?»

- Менин суроом төмөндөгүчө: шаардын аймагындагы түн ортосуна чейин иштеп элдин тынчын алып, укук бузуулардын, кылмыштуулуктун уясы болгон спирттик ичимдиктерди сатуучу жайлардын, интернет жана бильярд клубдарынын иш графигине чектөө киргизүүгө болобу?

Данияр, Бишкек шаары


- Албетте, болот. Бул нерсе Баш мыйзамда да көрсөтүлгөн. Бул жүрүш-туруш эрежелерин бузуу, бейбаштык аракет деп саналат. Мыйзамда белгилегендей, көңүл ачуучу жайлардын иштөө графиги эртең мененки саат 8:00дөн түнкү 22:00гө чейин гана. Андан кийин элдин тынчын алса, административдик чаралар көрүлүүсү керек. Эгер мындай жайлар сиздин тынчыңызды алып жатса укук коргоо органдарына арыз менен кайрылсаңыз болот. Сөзсүз фактылар жана күбөлөр керек.


Окурман, сиз укуктук жактан коргоого муктажсызбы? Анда биздин «АДИСТИН КЕҢЕШИ» рубрикабыз кызматыңызда. Сиздин тынчыңызды алган суроолорго тажрыйбалуу мыкты адистер жооп беришет. Кат жазыңыз, кеңеш сураңыз!
Суроолорду (0312) 32 33 26 номери, 0557756319 ватсап номери аркылуу берсеңиздер болот же
kenesh@super.kg дарегине кат жазсаңыз .


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(38)
05.09.2017. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Торот уйундо куболук алуу учун кагазды,бизгеделе акчага жазып берген 250сомго.минус еще местасында жок болуп кезекте турган адамдар толуп кеткен.200 берейли десек ынабай 250сомдон алган.Кара-суу да.
05.09.2017. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ноокатта деле акча алган бизден маалымдама кагаз учун еще местага суйунчу акча деп короче бардык жер акча акча акча болуп калган акчан жок болсо тиктеп да койбойт сени
05.09.2017. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Эн туура сеп кыздын мулку. Молдолор да айтышат қалың берилсе дагы сеп кыздыкы. Ажырашканда толук алып кетиш керек.Бир кун да катын мин да катын.
05.09.2017. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-42
Тиги адисинер жакшы кенеш бере албаптыр.

Калын мыйзамда каралбаса, сеп да мыйзамда каралбаган. Кыздын себине кыздын ата-энесинин акчасы кетсе, калынга баланын ата-энесинин акчасы кеткен. Так что адисинер билип-билбей эле суйлоп коюптур.
05.09.2017. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+45
Беш кол тен эмес ар бир уй булоо озунун финансылык денгээлине жараша калын алып барат, мисалы бала тараптан 50-60 мин калын алып барышып кыздын 200 миндик (минимум кеткен акча) себин алып калууга алардын эч кандай укугу жок ко деп ойлойм.
05.09.2017. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-21
aiperishka-mishka, сен септин акчасын коп, калындын акчасын аз кылып корсотуп койбодунбу?!! Уйлонуу той да бала тараптын мойнунда... Эсептей келсе уул уйлогон тарап кыз берген тараптан кем акча чачпайт. Калын берет, тай пахтасын, союшка ири мал, 4-5 кой-эчки, куруч, май, нанына чейин алып берет. Ресторанда 300-500 адамдык той откорот.

Кыскасы эгер уул уйлогон тарап кааласа септин жарымын же 1/3 алып калса боло берет...
05.09.2017. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Patriot7,эч кандай боло бербейт. Динибизде да айтылган кызга берилген сеп ошол аялга гана тийешелуу аны кайын журттун талашууга акысы жок.
06.09.2017. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Patriot7,мынча майдалап эсептегенсин. Биринчиден кыз —кыз болуп барып атат. Экинчиден ошо ресторанда той откоргондо тойго баргандар куру барбайт. Олбоду дегенде беш мин сомдон алып барат. Кыз берген эмес окшойсунар. Кызга берген калын сепке жетпейт ата эне акча кошуп сеп берет. Септи кайтарып бериш керек. Эмне биринчи аялынын тошокторуно экинчи аялы жатмак беле кызыксынар го.
06.09.2017. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nargiza1986, менден калган тошокторду до сих пор колдонуп журушот)) ушундай да болот .
06.09.2017. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Patriot7,сиз айткандай чыгымдын баарын эске алып септин 1/3 алып калгыдай кыздын ата-энеси милдеттуубу тологонго.между прочим кыз тараптан деле чыгымдар болот аны кантип ондурот?
06.09.2017. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Patriot7, эн негизгисин унутупсуз, кыз жигит тарапка омур бою кызмат кылат, ошон учун бала тарап той откозот...
08.09.2017. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Patriot7,Биринчи аялынын себин экинчи аялы эмне кылат?Ошо төшөккө жатмак беле?Баш алган эркек калынын эсептесе ал адам ото томон адам.
10.09.2017. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Patriot7,кайсы жердин эли ири мал 4-5кой эчки пахта нан күрүч майна чейин алып берет экен мен билгим келет
08.09.2017. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
aiperishka-mishka, ошл учун уйлонупатканда контракт тузуш керек болуп калды)))
12.09.2017. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Patriot7,ал адис дагы кайын энесине кас го
05.09.2017. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Торот уйундо справка заставлять этип акча алат.Муну бербесек митирке ала албайсын деп коркутат.Мен эгиз торогонум учун справкаларгале 1500 кеткен.Сеники экоо депле акча оло сорушкан.Министерствонун бир анонимный номери барле ошого жалоб кылам деп,анан кайра кой дегем.Баш аягы торогонумо 20000 кеткен.Дагы родзалда жатсам наркоздон кийин кыйналып бир жаш врач келип,куйоонус суйунчу бервей койду,айтып коюнус берсин дегендечи.Жаным кашайган,куйоом берген экен 500 сомдон,ал акча эгиздер учун аз имиш
05.09.2017. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мен торогондо кайненем эки акушеркага уборщицага дагы экооно акча бериптир суйунчуго, канча бергенин билбейм бирок бериптир. Уборщица келип айтып атпайбы кайненем мынча бышык акчаны зорго чыгарды деп ваще озу пол жуугучуна чейин бергенге милдеттуу эмес да чынбы? Конулунон чыгарып бергендир. Дагы куйоон кайда дейт. Бир жумадан кийин келет десем. Келгенде келип кетпейсинерби дейт тообаа
05.09.2017. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен да тушунбоюм санитарка мне иш аткарат озу тороп озуно келгенден кийин мага да акча бер канынды тазаладым дейт уялбай чала Эле антип минтип тряпка менен коет озу тазалоо акушерканын ишиби????
05.09.2017. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ош обл.роддомдо справканы бекер жазып берген,бирок акушер гинеколог Жусубалиева Айгүл анестезиологу операция бүткөндөн кийин базарда соодалашкандай 8миң бересин деп туруп алган.Лечащий врачка дет.врачка акырында эшиктин түбүнө эки урна коюп коюптур ошого берип жыпжылаңач чыгып кетет экенсин.Роддомдо иштеген врачтарга айлык бербей эле коюш керек и так элден айлыктан ашыкча алып атышат.
06.09.2017. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Оштогу гор. роддомдо толготуп баргандарды приемнуйунда кесерово операциясы бекер деп жазылып турат. Эч кандайсын прейскурант жок. Бирок Кызым кесерово болгондуктан докторлор менен соодалашып жатып алар сураган сегизмин сомду, тортминге тушуруп толодум. Уч мин берсем,жоок торт берин биз тортообуз операция жасадык деп когорду анестезиолог у. Ананда больницадан чыкканча дагы акчалар берилди. Чындап эле окумот,кшуларга айлык бербей эле койсо.
06.09.2017. 06:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен уулумду торогондо койкага деп 600сом акушерге 500,санитаркага 400 бергем.анан санитарканын деле иши чон деп ойлойм,себеби ичинден чыккандын баарын тазалайт бечаралар.ал эми кызымды торогондо 2акушерге 500дон ал эми санитаркага 300сом бердим,торогон аялдар жакшы эле билет болуш керек эгер коргон болсо санитаркалардын иши канчалык оор экенин.анан справканы куболук алыш учун оздору жазып келип берип кеткен палатага.акча сураган эмес.койкага 600.
06.09.2017. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ооба роддомдогуларга соз жок кыскасы бети деле калбаган.....
07.09.2017. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
nurhan2702,Россияда деле тородум бир тыйын сураган жок.Аларда совесть бар.Бирок тушуном алардын зарплатасы канааттандырарлык.А бизде аз .....
06.09.2017. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен деле торот уйундо ким канча акча сураса берип чыгып кеткем, себеби балдарымдын башы аман, ден соолугу чын болушун кудайдан тилеп зекет катары бергем.
07.09.2017. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
nargis,Зекет бергин келсе мусапырга.майыптарга бер
10.09.2017. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nargis,аның зекет катары эсептелбейт,ал коррупция болот.
06.09.2017. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мен биринчи кыздуу болгондо сураганына эле акча бере бергенмин суйунгонумдон бир палатада жаткан келиндерге да
06.09.2017. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Караколдо торогом, бир да сом берген эмесмин. эч кими бер деп да кыйнаган эмес
06.09.2017. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен улуу кызымды торогондо Бишкектен торогондо да акушерств-гинеколог кайра кайра 4000 сурап атып 2000берип калганын эртен деп бербей кеткем. Жок болсо эмнемди берем? 2004-жыл болчу . Кичуумду Атбашыдан тородум 2009ж бир тыйын сураган жок.
06.09.2017. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эн башкысы кыздын кыздык омуру менен барып келин деген статус алып,б.а. кыз атын берип атат,демек септи кайтарып алуу керек,шарият бул Аллаhтын пенделерине корсотуп берген жолу,анда КАТА болбойт,шариятта септи кайтарып бергиле делет,а Калынды кайтарып албайт.
07.09.2017. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошто эл мыйзамга баш ийишпейт экен менда экинчи баламы Ошто тородум кирип кирбей акча сурап баштайт экен бишкекте андай эмес биринчи баламда экинчи раддомдо тородум аябай жакшы караган торогонго чейин минден берсек албай койгон аман эсен тороп алайын де акчанын кереги жок деп
07.09.2017. 06:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
менин тайнем биринчи жолу чон эне болгондо суйунчусуно канча бергенин билбей калыптыр. Суйунчу деп келгендерге бере берипмин суйунгонумдон дейт)) карангы болчу коргон эмесмин акчаларды дейт:) кайра уйго кеткенге жаны торогон женемден жол кире сураптыр тоова,бирок "по идеи" женеме акча берем деп жургон экен. Суйунгон убакта кеткен акчаларына деле ыраазысын,главное врачтар доолабаш керек деп ойлойм мынча бересин деп. Оз конулунон чыкканды беришсе ала беришсе...
07.09.2017. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен торогондо да биринчи неберелуу болушканына суйунушуп таенеси да таятасы да чон атасы да суйунчу беришкен. Ал эми атасынан мени карабаган врачтар деле алышыптыр. 2 де болсо 2000 берсе да моющийге салфеткага бер деп кашайтып куйоомду. Чыгарда болсо где то 1000 кетет анысына мунусуна деп. Еще вазелиновое масло менен ватаны 100 дон дешет((( а озун алсан аны 30 с эле турат экоо биригип. Эми торотуп атканына шугур. Аман эле болушсун.
07.09.2017. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бала жак баш алып аткандан кийин чыгым кетет да.жогоруда айтылгандай кыз жак сеп берсе бала калын берип той да берет деп.бала жак келин алып бир баш кошулуп атат да.тойду кааласа да каалабаса да берет.
07.09.2017. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Бишкекте 4-роддомдо тородум кесарева жолу менен акча толободум 2 н кийин уул болгонго жолдошум 1500 сом бериптир унчуго башка бербедим 9 ай мурун эле!
09.09.2017. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура
09.09.2017. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
россияда операция болгом.эми канча мин болуп кетти деп ойлоп жургом.бир тыйын алган жок эч ким.плюсь завтрак ужин.обед.Путинден ыраазы болгом ошондо
11.09.2017. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошто, Бишкекте бардык торотканалар, ооруканалар аябай эле коп суммадагы акчаны алышат.Ушул жагын козомолдогон эч ким жок. Бейтап жатайын десе орун жок болот, баарынын жообу ошондой, акча берсе орун табышат. Ар бир кыймылы санитарка, медсестра баары кыймылдап койгонуна акча талап кылышат. Ал эми РФ торогондор тескерисинче белек алып чыгышат экен, бир тыйын акча талап кылышпайт экен. Кыргызстанда абдан жаман медицина системасы.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо