Тилек Батыров, мушкер: «ӨЖӨРЛҮГҮМ ҮЧҮН МАКГРЕГОРГО ОКШОШТУРУШСА КЕРЕК»

№775 8-14-сентябрь, 2017-ж.

Кыргызстандын намысын дүйнөлүк ареналарда коргоп, Орусиянын Москва шаарында жашап-иштеген ММА жана уруш самбосу боюнча спорт чебери, мушкер Тилек Батыров бизге маек курду.

Мушкер тууралуу:
АТЫ-ЖӨНҮ
Тилек Батыров
ТУУЛГАН КҮНҮ – 19-август, 1991-жыл
ТУУЛГАН ЖЕРИ – Жалал-Абад облусу, Көк-Жаңгак шаарчасы
БОЮ – 177 см
САЛМАГЫ – 66 кг
МАШЫКТЫРУУЧУСУ Айбек Мусаев
ЖАШАГАН ЖЕРИ Москва шаары
КАЙМАНА АТЫ Баатыр
ҮЙ-БҮЛӨЛҮК АБАЛЫ – Үй-бүлөлүү, бир уулдун атасы
ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ "Time to fight" турниринин бир нече жолку чемпиону, Эл аралык Corona Cup — 2013, Fight Nights — 2014, Tech Kreep Prime — 2014, Alash Pride — 2015, Kunlun Fight — 2015 турнирлеринин жеңүүчүсү, JFC уюмунун чемпиондук курунун ээси, Sherdog көрсөткүчү 10-3-0

– Тилек, салам! Кантип спортко келип калдың эле?

– Мектепте окуп жүргөндө эле грек-рим күрөшүн тандап, ошондон бери машыгып келатам. Кийин турмуштун агымы менен 2008-жылы Орусияга иштегени келип, бул жактан «Жаш күч» спорттук клубунда машыгууну уланткам. Ошол күндөн баштап машыктыруучум Айбек Мусаевдин колунда тарбияланып келем.

– Спортчулар, айрыкча мушкерлердин басымдуу бөлүгү карьерасын Кыргызстандан сыртта жүрүп түптөшүүдө. Мунун себеби эмнеде? Сени Орусияга байлаган эмне?

– Турмуш-тиричилик, көр оокат бул жакка жетелеп келип, Москва мени да өзүнүн бир бурчуна батырып алды. Эгер мекенибизде иш орундары жетиштүү болгондо Кыргызстанда эле жүрмөкпүз. Бул жакта спортчулар эле эмес, каражат табуу үчүн келип, бактысын издеген башка кесиптин ээлери да көп.

– Мушкерлер арасында чоң суммада акчага жашыруун беттештер болуп турат, сен да катышасыңбы?

– Жок, мен дайыма ачык, расмий беттештерге эле катышып келем. Андай жабык беттешүүлөр тууралуу кабарым жок экен, сунуш да болгон эмес.

– 2016-жылы бразилиялык Адриано Мораес менен мушташканыңды көрүп, рингдеги өжөрлүгүңдү байкадым.

– Ооба, табиятымдан өжөрмүн. Мораес да көк бет, чыдамкай мушкер экен. Аты далайга жеткен, күчтүү атаандаш менен рингге чыксаң, түбөлүккө эсиңде калат окшойт. Ал менин спорттук карьерамда кезиктирген кызыктуу жана күчтүү атаандаш болуп калды. Жакында аны менен реванш болот, азырынча кайсы күнү экени айтыла элек.

– Сени эл арасында «кыргыздын Макгрегору» дешет. Конорго кандай окшоштуктарың бар?

– Айтканымдан, көздөгөнүмдөн кайтпаган өжөрлүк сапатым үчүн Макгрегорго окшоштурушса керек (күлүп). Ал эми мушташта атаандашты дароо моюндан алганым дайым колдонгон ыкмам катары айтылат.

– Эми пландарың, максаттарың тууралуу айтсаң.

– Ушул жылдын декабрь айында Бишкек шаарында JFC – Jash kuch Fighting Championship турнири болот. Жакынкы күндөрдө ошол беттешке даярдана баштайм. Машыгуу менен катар салмакты нормада сактоо үчүн диетага отурам. Атаандашымдын ким экени азырынча белгисиз. Элибизде, жерибизде тынчтык орун алып турса, чоң ийгиликтерди багындырып, журт керегине жараган инсан болуу негизги ниетим.

"Бул жетишкендиктер башталышы гана. Алдыда көптөгөн ийгиликтерди багындырууну максат кылам".


Алтынай Тынышова
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(16)
12.09.2017. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
UFC ден королу
12.09.2017. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец
12.09.2017. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик! Ийгилик! Ийгилик! Максат-тилектерин орундалсын!!!
12.09.2017. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Конорго түсү да окшош экен)
12.09.2017. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик, Жаш Куч алга!
12.09.2017. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец
12.09.2017. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коннор кандайсын
12.09.2017. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коннор дегин
12.09.2017. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КонноКоннор
13.09.2017. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин жигиттерге колдоочу жок болуп жатат да UFCте оордуларын тапмак,демоорчунун жоктугунан журушот.Ийгилик Тилек иним ишин онолуп UFCтен да оордунду таап калаарсын
13.09.2017. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик!!!
13.09.2017. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жалал-Абадтан экен кордунорбуууу
14.09.2017. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ийгилик иничек сенин каерлик экенин маанилуу эмес.кыргыз экенин маанилуу.
16.09.2017. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар дайым Кыргызстандын желегин желбиретип журо бер
18.09.2017. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик
Shamu түзөттү 2017-09-18 22:50:16
18.09.2017. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экообуздун туулган кунубуз 19-август.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо