Баястан, рэп ырчысы: «ЖАКЫНДА ҮЙЛӨНӨМ»

№775 8-14-сентябрь, 2017-ж.

– Күз келип калбадыбы, артта калган жай мезгилин кандай өткөрдүң?

– Жайында концерттер менен Ысык-Көлгө бир нече жолу барып келдим. Балыкчы шаарындагы үйүбүзгө барып 1 жума эс алдым. Жөн жүрбөстөн апамдын паластарын жууп берип кайттым. Үйдө кыз жок болгондуктан, үй иштери ушинтип менин моюнума артылып жатат (күлүп). Мурун байкем менен жашаганымда тамак да жасачумун, азыр жасабайм.

– Жакында «Жарашат» аттуу ырыңдын клиби жарык көрдү. Андагы бийчи кызды сенин сүйлөшкөн кызың деп угуп жүрөбүз. Демек, орусиялык рэп ырчысы Мот сымал сүйүктүүңдү клипке тартайын деп чечиптирсиң да?

– Чет өлкөлүк ырчыларды, чынын айтсам, көп уга бербейм. Клиптин идеясы өзүмө таандык. Менимче, чыгармачыл инсан ар тараптуу болушу керек. Көп нерсени жасап көрүүсү зарыл. Мен дагы бийлеп көрдүм дегендей. 1 ай жумасына 3 жолу хореографтан бий боюнча сабак алып жаттым, бийлөө мынчалык кыйын экендигин элестеткен эмесмин. Шүгүр, Зульфия хореограф болгондуктан клиптеги бийдин 80 пайызын ошол бийледи. Бул менин чыгармачылыгымдагы жаңылык десем болот, бирок бирөөнү тууроо эмес.

– Акыркы учурда Баястан, Бегиш менен чогуу ырдабаган ырчы калбаган өңдүү. Окшош дуэттерден чарчаган жоксуңарбы? Дуэттериңердин санын эсептеп бере аласыңбы?

– Канча экенин санаган эмесмин, себеби бул чыгармачылык. Мен адам тандабайм, «сени менен ырдайм, бул менен ырдабайм» дебейм. Эгер аябай атактуу ырчы келип «чогуу ырдайлы» десе, бирок мага анын сунуштаган ыры жакпаса «жок» деп коё берем. Көчөдөн эле бирөө келип «жакшы ырды дуэт кылып аткаралы» десе, ырдай берем.

– Коркпойсуңбу, бул маегиңден кийин сага тааныбаган эле бир топ адам «чогуу ырдайлы» деп келиши мүмкүн?

– Келе беришсин, мен андан качпайм. Негизи эле продюсердик борбор, рэп окууну үйрөтүүчү чакан мектеп ачууну максат кылып жүрөм. Мисалы, мен азыр рэп жазып жатам, бул нерсе дагы канча убакытка уланат аны эч ким билбейт. Бир күнү бардык нерсенин аягы келет. Ошондуктан жаңы муундагы рэперлерге жардам берип, тажрыйбам менен бөлүшкүм келет. Албетте, азырынча бул жөн гана ойлор, себеби сабак берүү үчүн мен кыргызча рэпти жогорку деңгээлге көтөрүп алышым керек.

– Маектешүү алдында сени менен тең курактагы кошуна мамлекеттин рэп ырчысы Жах Халибге көңүлүм түштү. Аны азыр Борбор Азия эле эмес, Орусия, Украинада дагы таанышат. Мындай мисалдарды көрүп, «чет элди багындыруу эмнеге болбосун, менин андан эмнем кем?» деген ойлор келбейби?

– Жах орус тилинде рэп айтат эмеспи, эгерде биз деле чет тилде рэп айтканыбызда ошол сыяктуу коңшу мамлекеттерди багындырып алууга күчүбүз жетмек деп ойлойм. Бирок биздин максат башынан эле кыргыз тилин жайылтуу, кыргызча рэпти таратуу, аны жаңы деңгээлге көтөрүү болчу. Андыктан мен орус тилинде ырдоону ойлобойм дагы. Биз аткарган кыргызча ырларды уккан казакстандык, америкалык рэп аткаруучулары мактоо сөздөрүн айтып жүрүшөт. Америкалык ырчылар деле англис тилинде гана ырдашат го, алардын чыгармаларын бүткүл дүйнө жүзүнүн элдери угушат. Кыргызча рэп чыгармаларын деле дүйнө жүзү угуп, «оо, бул кайсы тилдеги ыр?» деп биздин тилге кызыгышын каалайм.

– Акыркы жолу экөөбүз маектешкенде Баястан арык жигит болчу, азыр алдымда салмак кошкон, чымыр денелүү мырза отурат. Мүнөзүңдө дагы келбетиңдегидей өзгөрүүлөр болдубу?

– Көп нерсе өзгөрүлдү. Мамиле жаатында деле, көп адамдар менен сүйлөштүм. Үй-бүлө, туруктуулук тууралуу ойлоно баштадым. Жакынкы аралыктагы менин ишке ашыра турган максатым – үйлөнүү. Тандап деле жүрө бербеш керек экен.

– Демек, бул жолу «ишенимдүү тандоо кылдым» деп айта аласың?

– Мурун буюрганы болот, маңдайыма жазганын көрөм да деген ойлор болгон. Ага карабай ар бир кызга олуттуу мамиле жасап, кадырына жетүүгө умтулгам. Учурда менде баары жакшы. Мамилебиздин майда-чүйдөсүн айтып мындай, тигиндей деп мактангым да келбейт. Буга чейин интернетте «бул кыз менен жүрдү, кайра сүйлөшпөй калды» деген маалыматтар көп тарап жатты. Элдин көзүндө кыз жандуу жигит катары калгым келбейт. Учурда менин жеке жашоомдо баары жакшы, ушунусуна шүгүр.

"Жарашат" аттуу ырым, ага тартылган клип чыныгы эргүүнүн жыйынтыгы болду".

Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(15)
12.09.2017. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы тааныбайм бул ырчыны
12.09.2017. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
farida.kg.1991, таанысан дуэт жаздырат белен
12.09.2017. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аябай соонун маек болуптур. окуп алып таң калдым! Баястан азаматсың, иштерине ийгилик. кыргызымдын патриот уулу болуп жүрө бер! Өзү дагы өтө жакшынакай болуп калды го))
12.09.2017. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Ким бул. Жыртык шымдыго кийиптир.
12.09.2017. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Калп эле тааныбайткем. Ким бул?дей бербегилечи тв коросунорбу? Радио угасынарбы? Азыр интернетте деле жайнап эле журушпойбу. Кыргыздар колдогондун ордуна кайра шылдындап-мазактаганды жакшы коробуз. Жон гана азамат жигит деп коюш да колубуздан келбегени окундурот. Мен булардын куйорманы эмесмин го бироо билем ким экенин
12.09.2017. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ой уйлонсон уйлончу нары ар кайсы жаш кыздын башын айлантпай
12.09.2017. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Патриот экен.Баястан жагат мага)
12.09.2017. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жанагы жалалабаддык эки куудул чал менен трио рэп айтпайсынарбы.Ал экоо да крутой рэперлер.Учоонор суперзвезда болуп голд тагынган негрлерди басып отосунор.теке,теке.
13.09.2017. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баястанды жадагалса 80 ге чыккан Энем тааныйтгоо. Калп еле тааныбайм Ким бул,эмне бул дей берет екенсиздерда. Ийгилик. Жарашат деген ыры жакты
13.09.2017. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аяна еко суйлошот елего.же аяна курмангазынын баласына отуп кеткенби
13.09.2017. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик, уй-булолук бакыт
13.09.2017. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкашымча акыркы убакта Бегиш экоон аз ырдап калдынар.Кобуроок кызыктуу чыгарманарды кутобуз.А так жигиттер азамат.Ырлардын мааниси , жигиттердин аракети бар.Туура кыласынар кыргыз тилинде ырдап репти башка денгээлге чыгарганынар.Ийгилик
14.09.2017. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ырдайт
16.09.2017. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат Баястан! Алга Балыкчы! Алга КЫРГЫЗСТАН!!!
17.09.2017. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
питбуль деген реперди туурап жатышат го,ал да баардык ырчылар менен дует ырдаган го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо