«ЦЕНТЕРРА» МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДЫН ӨКМӨТҮНҮН КЕЛИШИМИ БАРДЫК ИНВЕСТОРЛОР ҮЧҮН МААНИЛҮҮ КАДАМ

№775 8-14-сентябрь, 2017-ж.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин жетекчиси Аскар Сыдыков министрлер кабинетинин макулдашууга келгендиги боюнча билдирүүсүнө комментарий берип жатып «Центерра» менен кыргыз өкмөтүнүн сүйлөшүп, макулдашууга жеткени республиканын инвестициялык климатына жакшы таасир берет» деди. Анын сөзүнө караганда, келишимдин бардык майда-чүйдөлөрү белгилүү болгондон кийин гана толук баа берүүгө болот. «Бирок Кыргызстан өкмөтү менен инвесторлордун акыры бир пикирге келиши жана экологиялык төлөмдөрдүн көбөйтүлүшүнүн чечилиши, соттук чатактардын жөнгө салынышы жакшы жаңылык. Бул оор кырдаалды чечүүгө карай жакшы кадам. Эң башкысы, Кыргызстандын сотторунда жана эл аралык арбитраждарда миллиарддаган доо-арыздар боюнча соттук териштирүүлөр жүрбөйт. Бул өлкөбүздүн инвестициялык климатына олуттуу сокку болмок»,- деп эсептейт Аскар Сыдыков.
«Кыргызстан сөзсүз уткан абалда болору белгилүү, ал эми «Центерра» бул келишимден кандай пайда табат деген суроо туулат» деп белгилейт ал. «Менин оюмча, алтын өндүрүүчү компаниянын утушу – бул өкмөт экологиялык доолорун кайтарып алат да, компанияга өз чындыгын далилдөө жана арбитраждык териштирүүнү улантуу убарасынан кутулат. Эл алдындагы компанияга мындайдын кереги жок, себеби буга окшогон талаш-тартыштар баарынан мурун акциялардын баасына терс таасирин тийгизет»,- дейт Аскар Сыдыков. Ошентсе да мындан ары жергиликтүү калк нааразы болуп, каршылык акцияларына чыгып инвестордун тынчын алганды токтотот деп эч ким кепилдик бере албайт деп эсептейт эксперт.
«Кылгандан айткан оңой. Ал тургай өкмөт да келечекте чыр-чатактар пайда болбойт деп толук кепилдик бере албайт. Бул эки тарап эл менен канчалык натыйжалуу иштешүүсүнөн, аймакты өнүктүрүү жана колдоого инвестор бөлүп берген акчанын ачык-айкын түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөн көз каранды»,- деп кошумчалайт Аскар Сыдыков. Эл аралык ишкерлер кеңешинин жетекчисинин ою боюнча, макулдашууга жетүү министрлер кабинетинин сиңирген эмгеги деп атоого болот. Өкмөт акыркы жыл ичинде канадалык өнөктөш менен оңойго турбаган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, акыр аягында министрлер кабинетинин жаңы курамы менен марага жетти. «Узак убакыт бою «Кумтөр» маселеси боюнча аткаминерлердин чогуу иш алып барганы өз жемишин берди. Бул мактоого татыктуу»,- дейт Эл аралык ишкерлер кеңешинин жетекчиси.

Ибрагим Жусуев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо